https://sputnik.kg/20261030/1104619275.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешкен чараларды күчөтүүнү сунуштап, Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын фонд түзүү демилгесин көтөрдү. Бул... 30.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-30T17:00+0600
2026-10-30T17:00+0600
2026-10-30T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1e/1104619109_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_80496be696745a1a39984b90a1e4f394.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешкен чараларды күчөтүүнү сунуштап, Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын фонд түзүү демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу ал Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын 13-саммитинде билдиргенин "Ынтымак ордо" кабарлады.Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстан 2027-жылы ТМУнун экология министрлеринин жолугушуусун өткөрүүгө даяр. Ошондой эле ал келерки жылы Бишкекте өтө турган "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммитине жана Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышууга боордош өлкөлөрдүн лидерлерин чакырды.Саммиттин жүрүшүндө экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкка да кеңири орун берилди. Жапаров Ысык-Көлдөгү "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагын инвестиция тартуучу маанилүү аянтча катары белгилеп, боордош мамлекеттердин ишкерлерин кызматташууга үндөдү. Мындан сырткары, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун жана анын Каспий деңизи аркылуу Орто коридорго кошулушунун стратегиялык маанисине токтолду.Президент туризм тармагы тууралуу да айтып, "Ала-Тоо Резорт" комплекси жылына 2 миллионго чейин турист кабыл алып, 5 миңдей кишини жумуш менен камсыздай турганын билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге Эмгек баатыры наамы ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Анда белгиленгендей, жогорку мамлекеттик наам Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле көп жылдык кесиптик үзүрлүү эмгеги үчүн берилди.
Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Кыргызстанда интернетке толук көзөмөл орнотуу сунушталганы тууралуу маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу ведомствонун төрагасы Кайрат Маматов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.“Сунушталган чаралар мыйзамсыз кумар оюн сайттарын гана бөгөттөөгө жана алардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө байланышкан төлөмдөрдү токтотууга багытталган. Соцтармактарга, мессенжерлерге жана жаңылык сайттарына кирүүнү чектөө, жеке кат алышууларды көзөмөлдөө же сөз эркиндигин чектөө каралган эмес”, — деди Маматов.Анын айтымында, өлкөдө мыйзамсыз иштеген ири букмекердик платформалардын биринин эле ай сайын Кыргызстандагы активдүү колдонуучуларынын саны 40 миңден ашат.
Вашингтон европалык өнөктөштөрүн Москва менен болгон чыңалууну басаңдатууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) НАТОго мүчө өлкөлөргө кайрылып, Россиянын дарегине айтылган курч сөздөрдү азайтууну суранды. Анткени америкалык тарап европалык лидерлердин айрым билдирүүлөрү жалпы коопсуздукка зыян келтириши мүмкүн деп эсептейт. АКШ мындай эскертүүнү Литва, Латвия жана Эстонияга берген. Европалык чиновниктердин бири Вашингтондун бул позициясын “Биз силерге жардам берип жатабыз, демек, ашыкча чуу чыгарбай тынч отургула дегенди билдирет” деп чечмелеген. Бул талапты жеткирүү Пентагон жетекчисинин орун басарына тапшырылган. Ал Прибалтика өлкөлөрүн Москвага карата ашыкча курч сүйлөбөөгө чакырып, эстон делегациясына да өтө этият болууну сунуштаган. Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин өлкө Европа менен согушууга даяр экенин, бирок муну каалабай турганын билдирген.
Президент Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешкен чараларды күчөтүүнү сунуштап, Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын фонд түзүү демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу ал Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын 13-саммитинде билдиргенин "Ынтымак ордо" кабарлады.Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстан 2027-жылы ТМУнун экология министрлеринин жолугушуусун өткөрүүгө даяр. Ошондой эле ал келерки жылы Бишкекте өтө турган "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммитине жана Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышууга боордош өлкөлөрдүн лидерлерин чакырды.Саммиттин жүрүшүндө экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкка да кеңири орун берилди. Жапаров Ысык-Көлдөгү "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагын инвестиция тартуучу маанилүү аянтча катары белгилеп, боордош мамлекеттердин ишкерлерин кызматташууга үндөдү. Мындан сырткары, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун жана анын Каспий деңизи аркылуу Орто коридорго кошулушунун стратегиялык маанисине токтолду.Президент туризм тармагы тууралуу да айтып, "Ала-Тоо Резорт" комплекси жылына 2 миллионго чейин турист кабыл алып, 5 миңдей кишини жумуш менен камсыздай турганын билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге Эмгек баатыры наамы ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Анда белгиленгендей, жогорку мамлекеттик наам Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле көп жылдык кесиптик үзүрлүү эмгеги үчүн берилди.Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Кыргызстанда интернетке толук көзөмөл орнотуу сунушталганы тууралуу маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу ведомствонун төрагасы Кайрат Маматов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.“Сунушталган чаралар мыйзамсыз кумар оюн сайттарын гана бөгөттөөгө жана алардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө байланышкан төлөмдөрдү токтотууга багытталган. Соцтармактарга, мессенжерлерге жана жаңылык сайттарына кирүүнү чектөө, жеке кат алышууларды көзөмөлдөө же сөз эркиндигин чектөө каралган эмес”, — деди Маматов.Анын айтымында, өлкөдө мыйзамсыз иштеген ири букмекердик платформалардын биринин эле ай сайын Кыргызстандагы активдүү колдонуучуларынын саны 40 миңден ашат.Вашингтон европалык өнөктөштөрүн Москва менен болгон чыңалууну басаңдатууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) НАТОго мүчө өлкөлөргө кайрылып, Россиянын дарегине айтылган курч сөздөрдү азайтууну суранды. Анткени америкалык тарап европалык лидерлердин айрым билдирүүлөрү жалпы коопсуздукка зыян келтириши мүмкүн деп эсептейт. АКШ мындай эскертүүнү Литва, Латвия жана Эстонияга берген. Европалык чиновниктердин бири Вашингтондун бул позициясын “Биз силерге жардам берип жатабыз, демек, ашыкча чуу чыгарбай тынч отургула дегенди билдирет” деп чечмелеген. Бул талапты жеткирүү Пентагон жетекчисинин орун басарына тапшырылган. Ал Прибалтика өлкөлөрүн Москвага карата ашыкча курч сүйлөбөөгө чакырып, эстон делегациясына да өтө этият болууну сунуштаган. Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин өлкө Европа менен согушууга даяр экенин, бирок муну каалабай турганын билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1e/1104619109_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8c1331aedb9c7912e8b2402223e32d7c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио