https://sputnik.kg/20261029/1104576642.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
1-январдан тартып жарандардын айрым категорияларынын пенсиясын жана кошумча төлөмдөрүн жогорулатуу сунушталууда. Өкмөттүн тиешелүү токтом долбоору коомдук... 29.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-29T08:59+0600
2026-10-29T08:59+0600
2026-10-29T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1d/1104576476_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ed7b5c57ee474abf2918efaa25736042.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
1-январдан тартып жарандардын айрым категорияларынын пенсиясын жана кошумча төлөмдөрүн жогорулатуу сунушталууда. Өкмөттүн тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн айрым аскер кызматкерлеринин майыптыгы боюнча пенсиясынын минималдуу өлчөмүн 12 300 сомго жеткирүү каралган. Ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги жана башка атомдук объектилердеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышкандардын пенсиясына ай сайын кошумча компенсация төлөө сунушталууда. Пенсиясы 12 300 сомдон ашкандарга 1 000 сом берилет. Ал эми пенсиясы бул суммадан аз болгондорго 12 300 сомго жеткирүү үчүн керектүү айырма төлөнөт, бирок кошумча төлөм 1 000 сомдон кем болбойт. Долбоордо I топтогу майыптыгы барлардын пенсиясын 9 500 сомго чейин, III топтогулардын пенсиясын 5 000 сомго чейин жеткирүү каралган. Мындан тышкары, Баатыр эне ордени менен сыйланган энелердин пенсиясына ай сайын 5 000 сом кошумча төлөм белгилөө сунушталууда. Жетим балдар үчүн да жаңы өлчөмдөр каралган. Ата-энесинин биринен айрылган ар бир баланын пенсиясын эң аз дегенде 5 000 сомго, ал эми ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардыкын 8 000 сомго көбөйтүү сунушталууда. Документ кабыл алынса сунушталган өзгөртүүлөр 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирмекчи.
Ысык-Көлдөгү "Жети-Өгүз" санаторийинде масштабдуу курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы кабарлады.Белгилей кетсек, буга чейин аталган курорттук жай Кесиптик бирликтер федерациясынын карамагында болуп келген. Бирок санаторий көп жылдан бери жакшыртылбагандыктан президент Садыр Жапаров бул жайды өзүнүн иш башкармалыгына өткөрүүнү тапшырган.Мындан тышкары, аймакка беш капсулалык, 10 мобилдик жана мончосу бар эки модулдук үй орнотулган. Учурда дагы беш барнхаустун курулушу жүрүп жатат. Объектинин айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери да уланууда.Курулуш иштерин көрүү үчүн жерине барган Каныбек Туманбаев санаторий келерки жылы май айында толук ишке берилерин айтты.
Быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 710 миллион доллар инвестиция келип, былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 147,2 миллион долларга көп болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Инвестициянын өсүшү боюнча 183 миллион доллар менен Россия алдыда. Ал жактан келген каражат былтыркыга салыштырмалуу 72 пайызга көбөйгөн. Чет өлкөлүк инвестициялардын төрттөн бир бөлүгүнөн көбү Россияга туура келет. Бир жыл мурда анын үлүшү 19 пайыз болчу. Каражат негизинен өнөр жайга, кен казууга жана соодага жумшалган. Россия КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанга эң көп инвестиция салган. Ал эми жалпы тизмеде 204 миллион доллар салган Кытай сап башында, каражат 37,3 миллион долларга көбөйгөн. ЕАЭБге мүчө Казакстандан келген инвестиция да кыйла өскөн.
Владимир Зеленскийдин Европанын колдоосуна дагы деле ишенип жүрүшү Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү татаалдаштырып коюшу мүмкүн. Бул тууралуу АКШ армиясынын отставкадагы полковниги, аскер аналитиги Лоуренс Уилкерсон айтканын РИА Новости билдирди.Эскерте кетсек, Владимир Путин октябрь айында АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффко Украина боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү ноябрь айынын 10дорунда улантууга даяр экенин билдирген. Кремль өкүлү Юрий Ушаков сүйлөшүүлөрдүн жаңы раунду ноябрда Абу-Даби шаарында өтүшү мүмкүн экенин айткан.
1-январдан тартып жарандардын айрым категорияларынын пенсиясын жана кошумча төлөмдөрүн жогорулатуу сунушталууда. Өкмөттүн тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн айрым аскер кызматкерлеринин майыптыгы боюнча пенсиясынын минималдуу өлчөмүн 12 300 сомго жеткирүү каралган. Ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги жана башка атомдук объектилердеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышкандардын пенсиясына ай сайын кошумча компенсация төлөө сунушталууда. Пенсиясы 12 300 сомдон ашкандарга 1 000 сом берилет. Ал эми пенсиясы бул суммадан аз болгондорго 12 300 сомго жеткирүү үчүн керектүү айырма төлөнөт, бирок кошумча төлөм 1 000 сомдон кем болбойт. Долбоордо I топтогу майыптыгы барлардын пенсиясын 9 500 сомго чейин, III топтогулардын пенсиясын 5 000 сомго чейин жеткирүү каралган. Мындан тышкары, Баатыр эне ордени менен сыйланган энелердин пенсиясына ай сайын 5 000 сом кошумча төлөм белгилөө сунушталууда. Жетим балдар үчүн да жаңы өлчөмдөр каралган. Ата-энесинин биринен айрылган ар бир баланын пенсиясын эң аз дегенде 5 000 сомго, ал эми ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардыкын 8 000 сомго көбөйтүү сунушталууда. Документ кабыл алынса сунушталган өзгөртүүлөр 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирмекчи.Ысык-Көлдөгү "Жети-Өгүз" санаторийинде масштабдуу курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы кабарлады.Белгилей кетсек, буга чейин аталган курорттук жай Кесиптик бирликтер федерациясынын карамагында болуп келген. Бирок санаторий көп жылдан бери жакшыртылбагандыктан президент Садыр Жапаров бул жайды өзүнүн иш башкармалыгына өткөрүүнү тапшырган.Мындан тышкары, аймакка беш капсулалык, 10 мобилдик жана мончосу бар эки модулдук үй орнотулган. Учурда дагы беш барнхаустун курулушу жүрүп жатат. Объектинин айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери да уланууда.Курулуш иштерин көрүү үчүн жерине барган Каныбек Туманбаев санаторий келерки жылы май айында толук ишке берилерин айтты.Быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 710 миллион доллар инвестиция келип, былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 147,2 миллион долларга көп болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Инвестициянын өсүшү боюнча 183 миллион доллар менен Россия алдыда. Ал жактан келген каражат былтыркыга салыштырмалуу 72 пайызга көбөйгөн. Чет өлкөлүк инвестициялардын төрттөн бир бөлүгүнөн көбү Россияга туура келет. Бир жыл мурда анын үлүшү 19 пайыз болчу. Каражат негизинен өнөр жайга, кен казууга жана соодага жумшалган. Россия КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанга эң көп инвестиция салган. Ал эми жалпы тизмеде 204 миллион доллар салган Кытай сап башында, каражат 37,3 миллион долларга көбөйгөн. ЕАЭБге мүчө Казакстандан келген инвестиция да кыйла өскөн. Владимир Зеленскийдин Европанын колдоосуна дагы деле ишенип жүрүшү Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү татаалдаштырып коюшу мүмкүн. Бул тууралуу АКШ армиясынын отставкадагы полковниги, аскер аналитиги Лоуренс Уилкерсон айтканын РИА Новости билдирди.Эскерте кетсек, Владимир Путин октябрь айында АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффко Украина боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү ноябрь айынын 10дорунда улантууга даяр экенин билдирген. Кремль өкүлү Юрий Ушаков сүйлөшүүлөрдүн жаңы раунду ноябрда Абу-Даби шаарында өтүшү мүмкүн экенин айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1d/1104576476_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0efa34b0e8c674556f4acdce03b02645.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио