https://sputnik.kg/20261028/1104553279.html
Бир кылымдык тарых. Кыргыз театры өнүгүү жолуна түштү
Бир кылымдык тарых. Кыргыз театры өнүгүү жолуна түштү
Sputnik Кыргызстан
Быйыл кыргыз профессионал театр искусствосунун 100 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленүүдө. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда Маданият, маалымат жана... 28.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-28T09:04+0600
2026-10-28T09:04+0600
2026-10-28T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1c/1104553109_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2e44a4353b7d907dc0ad080f1cc7ccef.jpg
Бир кылымдык тарых. Кыргыз театры өнүгүү жолуна түштү
Sputnik Кыргызстан
Быйыл кыргыз профессионал театр искусствосунун 100 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленүүдө. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Искусство башкармалыгынын башкы адиси Айдин Укенов билдирди.
Анын айтымында, мааракелик иш-чарада КР баатыры, легендарлуу маданият министри Күлүйпа Кондучалованын жаркын элесине арналган XIV республикалык театр фестивалы башталды.
“26-октябрда башталган театр фестивалы 30-октябрда аяктап, 2-ноябрда салтанаттуу иш-чара менен жыйынтыкталат. Фестивалга эксперттик комиссиянын тандоосунан өткөн Кыргызстандын 10 театры катышып, ар бири бирден спектакль тартуулайт. Сынактан тышкары, 29-октябрда Ч. Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук орус драма театрында Россиянын ГИТИС — Театралдык искусство институтунда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин спектакли көрсөтүлөт. Мааракенин алкагында Бишкектеги сейил бактарда концерттик программалар менен коштолгон театралдык коюмдар уюштурулуп, кыргыз профессионал театрынын 100 жылдык тарыхы жана жетишкендиктери даңазаланууда. Мындан тышкары, куурчак театрлары мектепке чейинки жана жалпы орто билим берүү мекемелеринде балдар үчүн жомок-спектаклдерин тартуулашат. Актерлордун кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү максатында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында белгилүү жана тажрыйбалуу режиссёрлордун катышуусунда мастер-класстар да өткөрүлөт”, — деди Укенов.
Ал Кыргызстанда мамлекеттик жана жеке 22ге жакын профессионал театр иштерин кошумчалады.Белгилей кетсек, 1926-жылы Фрунзе шаарында музыкалуу-драмалык студия уюштурулуп, кыргыз профессионал театрынын пайдубалы түптөлгөн.
Быйыл кыргыз профессионал театр искусствосунун 100 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленүүдө. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Искусство башкармалыгынын башкы адиси Айдин Укенов билдирди.Анын айтымында, мааракелик иш-чарада КР баатыры, легендарлуу маданият министри Күлүйпа Кондучалованын жаркын элесине арналган XIV республикалык театр фестивалы башталды.“26-октябрда башталган театр фестивалы 30-октябрда аяктап, 2-ноябрда салтанаттуу иш-чара менен жыйынтыкталат. Фестивалга эксперттик комиссиянын тандоосунан өткөн Кыргызстандын 10 театры катышып, ар бири бирден спектакль тартуулайт. Сынактан тышкары, 29-октябрда Ч. Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук орус драма театрында Россиянын ГИТИС — Театралдык искусство институтунда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин спектакли көрсөтүлөт. Мааракенин алкагында Бишкектеги сейил бактарда концерттик программалар менен коштолгон театралдык коюмдар уюштурулуп, кыргыз профессионал театрынын 100 жылдык тарыхы жана жетишкендиктери даңазаланууда. Мындан тышкары, куурчак театрлары мектепке чейинки жана жалпы орто билим берүү мекемелеринде балдар үчүн жомок-спектаклдерин тартуулашат. Актерлордун кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү максатында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында белгилүү жана тажрыйбалуу режиссёрлордун катышуусунда мастер-класстар да өткөрүлөт”, — деди Укенов.Ал Кыргызстанда мамлекеттик жана жеке 22ге жакын профессионал театр иштерин кошумчалады.Белгилей кетсек, 1926-жылы Фрунзе шаарында музыкалуу-драмалык студия уюштурулуп, кыргыз профессионал театрынын пайдубалы түптөлгөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1c/1104553109_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_974b96f7c17488044df0aa4a2c24153e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Бир кылымдык тарых. Кыргыз театры өнүгүү жолуна түштү
09:04 28.10.2026 (Жаңыртылды: 09:16 28.10.2026) Коноктор
Айдин Укенов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Искусство башкармалыгынын башкы адиси