https://sputnik.kg/20261030/1104606726.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" кабарлашты. Мындай чечимди Түрк өлкөлөрдүн лидерлери... 30.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-30T11:00+0600
2026-10-30T11:00+0600
2026-10-30T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1e/1104606560_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_430f348751f3277212b8e496a881efbe.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" кабарлашты. Мындай чечимди Түрк өлкөлөрдүн лидерлери кабыл алган. Сыйлыкты Анкарада Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган тапшырды.Жапаров бул сыйлык анын жеке эмгегин гана таануу эмес экенин, бул кыргыз элинин түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымына берилген жогорку баа катары кабыл аларын билдирди."Бизди кылымдарды карыткан жалпы тарыхыбыз, орток руханий баалуулуктарыбыз, тилибиздин жана маданиятыбыздын жакындыгы бириктирип турат. Бул биздин баа жеткис мурасыбыз, муундан муунга өтүп келе жаткан салттарыбыздын бекем пайдубалы", — деди өлкө башчы.
Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.Эки тилкелүү Жалал-Абад – Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Аталган жол 1-июнда убактылуу ачылып, туристтик мезгилде негизги жолдордогу унаа агымын азайтуу үчүн пайдаланууга берилген.Министрлик анын качан кайра ачыларын тактаган жок.
Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында узундугу 732 метрди түзгөн айнек асма көпүрө курулат. Президенттин иш башкармалыгы курулуш иштери ноябрда башталып, 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүлөрүн билдирди.Долбоор ишке ашса, көпүрө дүйнөдөгү эң узун айнек асма көпүрө катары Гиннесстин рекорддор китебине киргизилиши мүмкүн. Аны президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев европалык компаниянын өкүлдөрү менен талкуулады. Алар курулуш жүрө турган аймакты жеринде карап чыгышты.Мындан тышкары, долбоордун алкагында Тепши платосунан Теке-Тоого жана шаркыратмага чейин созулган экологиялык жөө жүрүү жолун уюштуруу каралган.
Binance криптобиржасына хакердик чабуул жасалгандан кийин биткоиндин баасы кескин түшүп кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, бир суткада биткоин 4,2 пайызга арзандап, 76 953 доллар болду. Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао хакерлер платформага инженердин ноутбугу аркылуу кирген болушу мүмкүндүгүн билдирди. Анын айтымында, колдонуучулардын каражаттарына коркунуч жок. Бирок биржа акча салуу жана чыгаруу операцияларын убактылуу токтотту. Алдын ала маалыматтар боюнча, чабуулдан келтирилген жалпы зыян 6,3 миллиард долларды түзөт.
Россия менен Европа согуша турган болсо, жеңүүчү болбойт жана муну эч ким унутпашы керек. Мындай пикирин Россия-Африка саммитинин жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында РФ президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды. Путиндин айтымында, Евробиримдиктин лидерлери ушул күнгө чейин Россияны стратегиялык жактан жеңе алышкан жок жана буга 2030-жылга чейин да жетише алышпайт.“Россия Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштардан алган сабакты унутпайт, ошол себептен мындай нерсе кайталанбашы үчүн колунан келгендин баарын жасайт. Биз Европа менен согушууну каалабайбыз, бирок даярбыз”, — деди Путин.Белгилей кетсек, Россия-Африка үчүнчү саммити жана экономикалык-гуманитардык форуму Москва шаарында 28–29-октябрда өттү.
Президент Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" кабарлашты. Мындай чечимди Түрк өлкөлөрдүн лидерлери кабыл алган. Сыйлыкты Анкарада Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган тапшырды.Жапаров бул сыйлык анын жеке эмгегин гана таануу эмес экенин, бул кыргыз элинин түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымына берилген жогорку баа катары кабыл аларын билдирди."Бизди кылымдарды карыткан жалпы тарыхыбыз, орток руханий баалуулуктарыбыз, тилибиздин жана маданиятыбыздын жакындыгы бириктирип турат. Бул биздин баа жеткис мурасыбыз, муундан муунга өтүп келе жаткан салттарыбыздын бекем пайдубалы", — деди өлкө башчы.Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.Эки тилкелүү Жалал-Абад – Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Аталган жол 1-июнда убактылуу ачылып, туристтик мезгилде негизги жолдордогу унаа агымын азайтуу үчүн пайдаланууга берилген.Министрлик анын качан кайра ачыларын тактаган жок.Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында узундугу 732 метрди түзгөн айнек асма көпүрө курулат. Президенттин иш башкармалыгы курулуш иштери ноябрда башталып, 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүлөрүн билдирди.Долбоор ишке ашса, көпүрө дүйнөдөгү эң узун айнек асма көпүрө катары Гиннесстин рекорддор китебине киргизилиши мүмкүн. Аны президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев европалык компаниянын өкүлдөрү менен талкуулады. Алар курулуш жүрө турган аймакты жеринде карап чыгышты.Мындан тышкары, долбоордун алкагында Тепши платосунан Теке-Тоого жана шаркыратмага чейин созулган экологиялык жөө жүрүү жолун уюштуруу каралган.Binance криптобиржасына хакердик чабуул жасалгандан кийин биткоиндин баасы кескин түшүп кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, бир суткада биткоин 4,2 пайызга арзандап, 76 953 доллар болду. Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао хакерлер платформага инженердин ноутбугу аркылуу кирген болушу мүмкүндүгүн билдирди. Анын айтымында, колдонуучулардын каражаттарына коркунуч жок. Бирок биржа акча салуу жана чыгаруу операцияларын убактылуу токтотту. Алдын ала маалыматтар боюнча, чабуулдан келтирилген жалпы зыян 6,3 миллиард долларды түзөт.Россия менен Европа согуша турган болсо, жеңүүчү болбойт жана муну эч ким унутпашы керек. Мындай пикирин Россия-Африка саммитинин жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында РФ президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды. Путиндин айтымында, Евробиримдиктин лидерлери ушул күнгө чейин Россияны стратегиялык жактан жеңе алышкан жок жана буга 2030-жылга чейин да жетише алышпайт.“Россия Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштардан алган сабакты унутпайт, ошол себептен мындай нерсе кайталанбашы үчүн колунан келгендин баарын жасайт. Биз Европа менен согушууну каалабайбыз, бирок даярбыз”, — деди Путин.Белгилей кетсек, Россия-Африка үчүнчү саммити жана экономикалык-гуманитардык форуму Москва шаарында 28–29-октябрда өттү.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1e/1104606560_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0d135f8691c0df6e822b612ae3d8f105.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио