00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Баңгизатсыз дүйнө үчүн: ШКУ өлкөлөрүнүн биргелешкен аракети эмнеде?
15:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Ички иштер министрлиги саясатчы Адахан Мадумаровго кол салуу болгону тууралуу маалыматтарды төгүндөдү. Буга чейин социалдык тармактарда саясатчыга кол салынганы тууралуу билдирүүлөр тараган. Министрлик текшерүү жүргүзүп, бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди. Ведомство жарандарды коомчулукту адаштырбоого жана маалыматтарды расмий булактардан текшерүүгө чакырды.
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы көлөмдөрү темир жол аркылуу келе баштады. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов "Кабар" агенттигинен билдирди. Анын айтымында, буга чейин Кытайдан күйүүчү май автоунаалар менен ташылып келген. Август айында кыргызстандык өкүлдөр Кытайдагы ири компаниялар менен жеткирүү боюнча келишимдерди түзүшкөн. Учурда Кыргызстан күйүүчү майды Россиядан тышкары Азербайжан, Түркмөнстан, Беларусь жана Түркиядан да алып келүүдө. Эшатов белгилегендей, өлкөдө дизель отуну боюнча абал туруктуу. Ал эми бензиндин көлөмү бир аз тартыш болгондуктан, аны керектүү өлчөмдө сатып алуу кыйынчылык жаратууда. Ушуга байланыштуу күйүүчү май жеткирүүчү өлкөлөрдүн санын көбөйтүү жана жеткирүү көлөмүн арттыруу аракеттери көрүлүүдө.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев Бишкектеги көп кабаттуу турак жай комплекстеринин курулушун көрүп, иштердин сапатын жана коопсуздук талаптарынын сакталышын текшерди. Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, министр "Хан Теңири", "Тянь-Шань", "Нео Сити" жана "Эвернью" турак жай комплекстерине барган. Алардын арасында 23төн 28 кабатка чейинки үйлөр бар. Ал эми "Хан Теңири" комплексинде 40 кабаттуу имарат да курулууда. Орунтаев курулуш материалдарынын талаптарга шайкештигин, заманбап технологиялардын колдонулушун жана коопсуздук нормаларынын сакталышын карап чыкты. Ошондой эле "Эвернью" комплексинде 24-кабаттын чатырын жабуу иштеринин аякташына арналган аземге катышты.
Германия бийлиги өлкөнү жапырт куралдандырууга багыт алып, аскерлеринин санын арттырып, аскердик өнөр жай комплекстерин кеңейтип, суммасы асман чапчыган акчаларды коргонууга жумшап жатат. Бул туурасында РИА Новости агенттигине Россиянын Берлиндеги элчилигинен айтып беришкен. l Дүйшөмбү күнү бундесвердин спецназынын башчысы Андреас Кюне Германия атайын багыттагы аскерлерди Россия менен болчу чатакка даярдап жатканын мойнуна алган. "Россия НАТО өлкөлөрүнө кол салууга камынып жатат деген куру дооматтарга жана ойдон чыгарылган "гибриддик коркунучтарга" таянып, Германия өлкөнү жапырт куралдандырууга бел байлады. Германиянын куралдуу күчтөрүнүн саны көбөйүп, коргонуу тармагына болуп көрбөгөндөй каражат бөлүнүүдө, аскердик өнөр жай комплексин кеңейтип жатат", — дешкен элчиликтен. Россия президенти Владимир Путин РФ НАТО өлкөлөрүнө кол салууга ниеттенбегендигин, мунун мааниси жоктугун айтып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0