Тарыхый чыгармалардын устасы 92 жашка толмок. Төлөгөн Касымбековдун сүрөттөрү

Жазылуу
Бүгүн — залкар калемгер, Кыргыз эл баатыры Төлөгөн Касымбековдун туулган күнү. Жазуучунун көзү тирүү болгондо 92 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Төлөгөн Касымбеков 1931-жылы 15-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында жарык дүйнөгө келген. Атасы 45 жашка келгенге чейин балалуу боло албай жүрүп, жубайы жолдошунун тукуму улансын деп өз эрки менен экинчи аял алып берет. Ошентип Касымбек ата 45ке чыккан кезинде уулдуу болуп, болочоктогу жазуучу төрөлгөн. Ал кичинекей кезинен эле тарыхый уламыштарды угуп өскөн.
Төлөгөн Касымбеков 15 жашында атасынан айрылып, апасы экөө кыйын турмушту башынан өткөрүп жетилген. Ошондон улам ал жаңы нерсени үйрөнгөнгө, билим алганга талпынган. Мектепте окуп жүргөн кезинде ыр жазып, дубал гезит чыгарган. Залкар жазуучунун алгачкы чыгармасы "Кичинекей жылкычы" повести болгон. Кийин "Алымкан", "Адам болгум келет" повесттери, "Келкел","Баскын", "Кыргын" романдарын окурмандарга сунуштаган. Андан соң 40 жашында атактуу "Сынган кылыч" тарыхый романын жазган.
Кыргыз эл баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.
© Фото / из семейного архива Касымбековых

Төлөгөн Касымбеков КМУнун филология факультетин аяктап, "Ала-Тоо" журналынын бөлүм башчысы, башкы редактору болуп иштеген

Төлөгөн Касымбеков КМУнун филология факультетин аяктап, "Ала-Тоо" журналынын бөлүм башчысы, башкы редактору болуп иштеген - Sputnik Кыргызстан
1/13

Төлөгөн Касымбеков КМУнун филология факультетин аяктап, "Ала-Тоо" журналынын бөлүм башчысы, башкы редактору болуп иштеген

© Фото / из семейного архива Касымбековых

Пахта терген студенттер. Төлөгөн Касымбеков оңдон экинчи турат.

Пахта терген студенттер. Төлөгөн Касымбеков оңдон экинчи турат. - Sputnik Кыргызстан
2/13

Пахта терген студенттер. Төлөгөн Касымбеков оңдон экинчи турат.

© Фото / из семейного архива Касымбековых

Аскерде кызмат өтөп жүргөн жылдар

Аскерде кызмат өтөп жүргөн жылдар - Sputnik Кыргызстан
3/13

Аскерде кызмат өтөп жүргөн жылдар

© Фото / из семейного архива Касымбековых

Залкар жазуучу апасы жана балдары менен

Залкар жазуучу апасы жана балдары менен - Sputnik Кыргызстан
4/13

Залкар жазуучу апасы жана балдары менен

© Фото / из семейного архива Касымбековых

Касымбеков 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор болуп иштеген. Сүрөттө ал калемдештери менен.

Касымбеков 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор болуп иштеген. Сүрөттө ал калемдештери менен. - Sputnik Кыргызстан
5/13

Касымбеков 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор болуп иштеген. Сүрөттө ал калемдештери менен.

© Фото / из семейного архива Касымбековых

Болочоктогу жазуучу студент кезинде чыгарма жазып акча тапкан. Сүрөт студенттердин жатаканасынын жанында тартылган.

Болочоктогу жазуучу студент кезинде чыгарма жазып акча тапкан. Сүрөт студенттердин жатаканасынын жанында тартылган. - Sputnik Кыргызстан
6/13

Болочоктогу жазуучу студент кезинде чыгарма жазып акча тапкан. Сүрөт студенттердин жатаканасынын жанында тартылган.

© Фото / из семейного архива Касымбековых

Кыргыз интеллигенциясы. Москвада ак калпак кийген Касымбеков, жанында Чыңгыз Айтматов жана калемдештери.

Кыргыз интеллигенциясы. Москвада ак калпак кийген Касымбеков, жанында Чыңгыз Айтматов жана калемдештери. - Sputnik Кыргызстан
7/13

Кыргыз интеллигенциясы. Москвада ак калпак кийген Касымбеков, жанында Чыңгыз Айтматов жана калемдештери.

© Фото / из семейного архива Касымбековых

Төлөгөн Касымбеков жубайы Адаш Мырзакматова экөө. Түгөйлөр беш уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн.

Төлөгөн Касымбеков жубайы Адаш Мырзакматова экөө. Түгөйлөр беш уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. - Sputnik Кыргызстан
8/13

Төлөгөн Касымбеков жубайы Адаш Мырзакматова экөө. Түгөйлөр беш уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн.

© Фото / из семейного архива Касымбековых

СССР Жазуучулар союзунун мүчөсүнүн чыгармалары ал жылдары колдон-колго өтүп окулган. Сүрөттө залкар жазуучу окурмандары менен.

СССР Жазуучулар союзунун мүчөсүнүн чыгармалары ал жылдары колдон-колго өтүп окулган. Сүрөттө залкар жазуучу окурмандары менен. - Sputnik Кыргызстан
9/13

СССР Жазуучулар союзунун мүчөсүнүн чыгармалары ал жылдары колдон-колго өтүп окулган. Сүрөттө залкар жазуучу окурмандары менен.

© Фото / из семейного архива Касымбековых

Союз маалында жазуучунун чыгармалары цензуранын каралоосуна туш болуп, калемгер бут тосууларга да кабылган

Союз маалында жазуучунун чыгармалары цензуранын каралоосуна туш болуп, калемгер бут тосууларга да кабылган - Sputnik Кыргызстан
10/13

Союз маалында жазуучунун чыгармалары цензуранын каралоосуна туш болуп, калемгер бут тосууларга да кабылган

© Фото / из семейного архива Касымбековых

"Сынган кылыч" тарыхый романы Советтер Союзунун бардык элинин тилине которулуп, кийин англис тилинде да жарык көргөн

"Сынган кылыч" тарыхый романы Советтер Союзунун бардык элинин тилине которулуп, кийин англис тилинде да жарык көргөн - Sputnik Кыргызстан
11/13

"Сынган кылыч" тарыхый романы Советтер Союзунун бардык элинин тилине которулуп, кийин англис тилинде да жарык көргөн

© Фото / из семейного архива Касымбековых

Жазуучу коомдук-саясий турмушка активтүү катышып 1990-жылы легендарлуу парламенттин депутаты болуп шайланган

Жазуучу коомдук-саясий турмушка активтүү катышып 1990-жылы легендарлуу парламенттин депутаты болуп шайланган - Sputnik Кыргызстан
12/13

Жазуучу коомдук-саясий турмушка активтүү катышып 1990-жылы легендарлуу парламенттин депутаты болуп шайланган

© Фото / из семейного архива Касымбековых

Кыргыз эл жазуучусу узакка созулган оорудан улам 2011-жылы 17-июнда 80 жашында бул дүйнөдөн кайткан

Кыргыз эл жазуучусу узакка созулган оорудан улам 2011-жылы 17-июнда 80 жашында бул дүйнөдөн кайткан - Sputnik Кыргызстан
13/13

Кыргыз эл жазуучусу узакка созулган оорудан улам 2011-жылы 17-июнда 80 жашында бул дүйнөдөн кайткан

Тема боюнча:
Болот Шамшиев 82 жашка чыкмак. Режиссерду "эскерген" каармандары
Кыргыздан чыккан төрт аял кинорежиссёрдун бири эле. Клара Юсупжанованын сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0