https://sputnik.kg/20261127/1105165365.html
Халал продукцияга QR-код киргизилет: рынокто эмне өзгөрөт?
Халал продукцияга QR-код киргизилет: рынокто эмне өзгөрөт?
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда халал деп сатылган азык-түлүк жана кызматтарга атайын QR-код коюу сунушталды. Мындан тышкары, халал индустриясынын катышуучулары боюнча... 27.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-27T15:05+0600
2026-11-27T15:05+0600
2026-11-27T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1b/1105165195_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2d63894bb3b8151fac674efa4f9c1968.jpg
Халал продукцияга QR-код киргизилет: рынокто эмне өзгөрөт?
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда халал деп сатылган азык-түлүк жана кызматтарга атайын QR-код коюу сунушталды. Мындан тышкары, халал индустриясынын катышуучулары боюнча мамлекеттик реестрлерди түзүү каралган. Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Халал-индустрияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Бердимамат Аданбаев билдирди.
Документке ылайык, халал деп көрсөтүлгөн продукция жана кызматтар шайкештик сертификатына жана атайын QR-коду бар улуттук "Халал" белгисине ээ болушу керек. Улуттук белгинин сүрөттөлүшүн жана аны колдонуу тартибин халал индустриясын өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.
“Мыйзам долбоорунда продукцияны өндүрүүгө да кошумча талаптар белгиленүүдө. Тактап айтканда, мал союу ветеринардык нормаларга жана халал стандарттарына ылайык жүргүзүлүшү керек. Мындай талаптар продукцияны кайра иштетүү, таңгактоо, сактоо жана ташуу процесстерине да жайылтылат. Ошондой эле халал индустриясында мамлекеттик реестрлер системасын түзүү сунушталууда. Ага берилген шайкештик сертификаттары, аккредитациядан өткөн сертификат берүүчү органдар, халал продукциясын жана кызматтарын өндүрүүчүлөр менен жеткирүүчүлөр, ошондой эле техникалык аудиторлор тууралуу маалыматтар киргизилет. Мыйзам долбооруна "техникалык аудитор" түшүнүгү да киргизилүүдө. Ал халал талаптарынын сакталышын текшерүүгө сертификат менен ырасталган квалификациясы бар эксперт”, — деди Аданбаев.
Ал эми Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Халал-индустрияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесинин Халал-индустрияны өнүктүрүү бөлүмүнүн улук эксперти Кадырбек Бурабаев өзгөртүүлөр халал индустриясын жөнгө салууну өркүндөтүүгө жана улуттук талаптарды эл аралык жана аймактык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган.
“Мамлекеттик реестрлер рыноктун катышуучулары, сертификат берүүчү органдар жана берилген документтер тууралуу маалыматтарды системалаштырууга мүмкүндүк берет. QR-код аркылуу сертификат, өндүрүүчү, сертификаттын жарактуу мөөнөтү, сертификат берген орган же продукциянын курамы тууралуу маалыматты текшерүү мүмкүнчүлүгү болот. Бул керектөөчү товар тууралуу маалыматты текшерип, анын халал талаптарына жооп берерине ынанууга шарт түзүлөт. Учурда халал сертификатын жана улуттук белгини берүүгө укуктуу эки орган мамлекеттик реестрге киргизилген”, — деди Бурабаев.
Адистер ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө Кыргызстандын халал стандарттарын өз ара таануу жана шайкеш келтирүү демилгесин сунуштап, бул багытта иштер жүрүп жатканын да кошумчалашты.
Кыргызстанда халал деп сатылган азык-түлүк жана кызматтарга атайын QR-код коюу сунушталды. Мындан тышкары, халал индустриясынын катышуучулары боюнча мамлекеттик реестрлерди түзүү каралган. Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Халал-индустрияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Бердимамат Аданбаев билдирди.Документке ылайык, халал деп көрсөтүлгөн продукция жана кызматтар шайкештик сертификатына жана атайын QR-коду бар улуттук "Халал" белгисине ээ болушу керек. Улуттук белгинин сүрөттөлүшүн жана аны колдонуу тартибин халал индустриясын өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.“Мыйзам долбоорунда продукцияны өндүрүүгө да кошумча талаптар белгиленүүдө. Тактап айтканда, мал союу ветеринардык нормаларга жана халал стандарттарына ылайык жүргүзүлүшү керек. Мындай талаптар продукцияны кайра иштетүү, таңгактоо, сактоо жана ташуу процесстерине да жайылтылат. Ошондой эле халал индустриясында мамлекеттик реестрлер системасын түзүү сунушталууда. Ага берилген шайкештик сертификаттары, аккредитациядан өткөн сертификат берүүчү органдар, халал продукциясын жана кызматтарын өндүрүүчүлөр менен жеткирүүчүлөр, ошондой эле техникалык аудиторлор тууралуу маалыматтар киргизилет. Мыйзам долбооруна "техникалык аудитор" түшүнүгү да киргизилүүдө. Ал халал талаптарынын сакталышын текшерүүгө сертификат менен ырасталган квалификациясы бар эксперт”, — деди Аданбаев.Ал эми Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Халал-индустрияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесинин Халал-индустрияны өнүктүрүү бөлүмүнүн улук эксперти Кадырбек Бурабаев өзгөртүүлөр халал индустриясын жөнгө салууну өркүндөтүүгө жана улуттук талаптарды эл аралык жана аймактык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган.“Мамлекеттик реестрлер рыноктун катышуучулары, сертификат берүүчү органдар жана берилген документтер тууралуу маалыматтарды системалаштырууга мүмкүндүк берет. QR-код аркылуу сертификат, өндүрүүчү, сертификаттын жарактуу мөөнөтү, сертификат берген орган же продукциянын курамы тууралуу маалыматты текшерүү мүмкүнчүлүгү болот. Бул керектөөчү товар тууралуу маалыматты текшерип, анын халал талаптарына жооп берерине ынанууга шарт түзүлөт. Учурда халал сертификатын жана улуттук белгини берүүгө укуктуу эки орган мамлекеттик реестрге киргизилген”, — деди Бурабаев.Адистер ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө Кыргызстандын халал стандарттарын өз ара таануу жана шайкеш келтирүү демилгесин сунуштап, бул багытта иштер жүрүп жатканын да кошумчалашты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1b/1105165195_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_50d1bf3b27cdf2b7c23fb4cc94448d2f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Халал продукцияга QR-код киргизилет: рынокто эмне өзгөрөт?
15:05 27.11.2026 (Жаңыртылды: 15:16 27.11.2026) Коноктор
Бердимамат Аданбаев, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Халал-индустрияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басарыКадырбек Бурабаев, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Халал-индустрияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесинин Халал-индустрияны өнүктүрүү бөлүмүнүн улук эксперти