00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Почему ботулизм можно пропустить и как не потерять время на лечение
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ата мурасы — муундан муунга: Төлөш Турдалиев тууралуу эскерүү
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) биринчи жолу тапшырууну акысыз кылууну сунуштады. Эл өкүлүнүн пикиринде, бүтүрүүчү биринчи жолкусунда керектүү балл ала албаса, кийинкисинин акысын ата-энеси төлөшү керек. "Жылына 84 миллион сом кетет экен. Эки жолу тест тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет. Биринчи жолкусу мамлекеттин эсебинен төлөнгүдөй кылалы. Экинчисинде окуучулар өздөрү төлөгүдөй болсун", — деди Бекешев парламентте. Ошондой эле ал айрым факультеттерге студенттер толук кабыл алынбай жатканын эске алып, кээ бир кесиптерге ЖРТ талабын алып салуу зарылдыгын кошумчалады.
Дыйкандарга 3%дык насыя берүү үчүн каражатты жыл аягына чейин банктарга которуу пландалуудаЭрлист Акунбековдун айтымында, президенттин тапшырмасы менен айыл чарба насыяларынын пайызын 6%дан 3%га түшүрүү боюнча иш жүрүп жатат. Ал азыркы 20 млрд сом тармактын муктаждыгын толук жаппай турганын белгиледи.Акунбеков насыялар байларга гана тийип жатат деген сындарга да токтолду. Анын айтымында, “Ай дыйкан” тиркемеси аркылуу кайрылган фермерлерге насыя эмне себептен берилбей жатканын — күрөөсү жетишсизби же башка тоскоолдук барбы — талдоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.Ал каржылоону жыл сайын 10 млрд сомго көбөйтүп турса, 2030-жылга чейин айыл чарбасынын насыяга болгон муктаждыгын толук жабууга болорун айтты.
2028-жылы футзал боюнча Азия кубогунун финалдык баскычтары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим 27-ноябрда Таиланддын Пхукет шаарында өткөн Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Футзал жана пляж футболу боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынган. Мелдештин финалдык бөлүгү 2028-жылдын 24-январынан 6-февралына чейин өтөт. Кыргыз футбол биримдиги бул окуяны өлкө үчүн тарыхый жетишкендик жана кыргыз футзалынын өнүгүшүндөгү маанилүү кадам катары баалады. Кыргызстан буга чейин футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турнирлерин өткөрүп келген. Бирок континенттик биринчиликтин финалдык баскычы өлкөдө биринчи жолу уюштурулат. Ага Азиянын күчтүү курама командалары катышып, кыргызстандык күйөрмандар эл аралык ири мелдешти өз жеринен көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Германиянын коргонуу министри Борис Писториус РФ президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрдү Москвада өткөрүү керек деген сунушун Европа кабыл алышы керек деп эсептейт. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Европа Россиянын Москвага келгиле деген чакыруусунан баш тартса, мындай нерсе аларга карата таптакыр туура эмес, орунсуз мамиле болмок", — деген анын сөзүн Le Monde басты (жазды). Путин 19-ноябрда Шэньчжэнь шаарында журналисттерге берген интервьюсунда Европа сүйлөшүүлөргө кандай сунуштар менен келүүгө даяр экенин билиши керектигин айткан. Россия лидери европалык тарап дипломатиялык каналдар аркылуу Москвага чакырылып, жаңжалды жөнгө салуу боюнча өз позициясын билдирүүгө мүмкүнчүлүк берилгенине токтолгон. Президенттин жардамчысы Юрий Ушаков европалык аткаминерлер Украина боюнча сүйлөшүүлөргө катышып калууга аракет кылып жатканын, бирок ири алдыда алар тынчтыкты же согушту каалаарын так аныктап алышы керектигин баса белиглеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0