https://sputnik.kg/20261126/1105149453.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузганы үчүн айыпка жыгылган 29 курулуш компаниясы 12 миллион 424 миң сом карызын төлөй элек. Бул тууралуу калаа мэриясы... 26.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-26T19:00+0600
2026-11-26T19:00+0600
2026-11-26T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1a/1105149287_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b1b05391c3003f1d31845176cc7800d8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузганы үчүн айыпка жыгылган 29 курулуш компаниясы 12 миллион 424 миң сом карызын төлөй элек. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган компанияларга карата жалпысынан 603 протокол түзүлүп, 12 миллион 424 миң сом айып пул салынган. Мэрия компанияларга карызын бир жуманын ичинде төлөөнү эскертти. Эгер талап аткарылбаса, чара көрүлөт. Анын ичинде айып пулдарын төлөбөгөн компаниялардын курулуш иштерин убактылуу токтотуу маселеси каралышы мүмкүн. Шаар бийлиги курулуш иштеринде көрктөндүрүү жана экологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө улантыларын билдирди.
Кыргызстанда 2025-жылы жашы жете электер менен никеге туруунун 340 учуру катталган, бирок алардын 64ү боюнча гана кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди. Мекеме Нарын жана Ысык-Көл облустарында эрте никеге турууну жана өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугун алдын алуу багытында мониторинг жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында мамлекеттик органдар профилактикалык иштерди туруктуу алып барбай, эрте турмушка чыккан кыздардын окуусун улантуусун көзөмөлдөбөй жатканы аныкталган. Ошондой эле балдар иштери боюнча комиссиялар нике курагын төмөндөтүү тууралуу арыздардын дээрлик баарын негиздерин текшербестен канааттандырган. Айрым учурларда кыздардын кош бойлуулугун тастыктаган документтер да талап кылынган эмес. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, былтыр өлкөдө 327 өспүрүм кыз кош бойлуулук боюнча каттоого алынган. Алардын 315и көз жарып, төртөө 14 жашта, бирөө 13 жашта болгон. Мындан тышкары, 39 кыз боюнан алдырган. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү сунуштар жөнөтүлдү.
Каирдин айланма жолунда чыккан ири өрттөн каза болгондордун саны 31ге жетти. Бул тууралуу Египеттин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлаганын РИА Новости жазды. Шаршемби күнү Варрак районундагы айланма трассада мунай заттарын ташыган жүк ташуучу унаа оодарылып, катуу өрт тутанган. Буга чейин ведомство 21 адам набыт болгонун кабарлаган. "Алдын ала маалыматтар боюнча, 15 адам жаракат алып, каза тапкандардын саны 30га жетти", — деген министрлик. Окуя болгон жерге 39 Тез жардам унаасы тартылган. Кырсыктан улам Каирдеги ооруканалар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөрүлдү.
"Үй-бүлөгө көмөк" алгандар үчүн электрдин жеңилдетилген тарифи жоюлабы?Энергетика министрлиги 1-январдан бул 41 695 үй-бүлө үчүн 50 тыйындык тарифти жайында 588, кышында 798 сом компенсацияга алмаштырууну көздөөдө. Министрлик ижарада же башка үй-бүлөлөр менен чогуу жашагандар жеңилдик ала албай каларын жүйө келтирген. Компенсациянын өлчөмү тариф өзгөргөн сайын оңдолуп турат.
Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузганы үчүн айыпка жыгылган 29 курулуш компаниясы 12 миллион 424 миң сом карызын төлөй элек. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган компанияларга карата жалпысынан 603 протокол түзүлүп, 12 миллион 424 миң сом айып пул салынган. Мэрия компанияларга карызын бир жуманын ичинде төлөөнү эскертти. Эгер талап аткарылбаса, чара көрүлөт. Анын ичинде айып пулдарын төлөбөгөн компаниялардын курулуш иштерин убактылуу токтотуу маселеси каралышы мүмкүн. Шаар бийлиги курулуш иштеринде көрктөндүрүү жана экологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө улантыларын билдирди.Кыргызстанда 2025-жылы жашы жете электер менен никеге туруунун 340 учуру катталган, бирок алардын 64ү боюнча гана кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди. Мекеме Нарын жана Ысык-Көл облустарында эрте никеге турууну жана өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугун алдын алуу багытында мониторинг жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында мамлекеттик органдар профилактикалык иштерди туруктуу алып барбай, эрте турмушка чыккан кыздардын окуусун улантуусун көзөмөлдөбөй жатканы аныкталган. Ошондой эле балдар иштери боюнча комиссиялар нике курагын төмөндөтүү тууралуу арыздардын дээрлик баарын негиздерин текшербестен канааттандырган. Айрым учурларда кыздардын кош бойлуулугун тастыктаган документтер да талап кылынган эмес. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, былтыр өлкөдө 327 өспүрүм кыз кош бойлуулук боюнча каттоого алынган. Алардын 315и көз жарып, төртөө 14 жашта, бирөө 13 жашта болгон. Мындан тышкары, 39 кыз боюнан алдырган. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү сунуштар жөнөтүлдү.Каирдин айланма жолунда чыккан ири өрттөн каза болгондордун саны 31ге жетти. Бул тууралуу Египеттин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлаганын РИА Новости жазды. Шаршемби күнү Варрак районундагы айланма трассада мунай заттарын ташыган жүк ташуучу унаа оодарылып, катуу өрт тутанган. Буга чейин ведомство 21 адам набыт болгонун кабарлаган. "Алдын ала маалыматтар боюнча, 15 адам жаракат алып, каза тапкандардын саны 30га жетти", — деген министрлик. Окуя болгон жерге 39 Тез жардам унаасы тартылган. Кырсыктан улам Каирдеги ооруканалар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөрүлдү."Үй-бүлөгө көмөк" алгандар үчүн электрдин жеңилдетилген тарифи жоюлабы?Энергетика министрлиги 1-январдан бул 41 695 үй-бүлө үчүн 50 тыйындык тарифти жайында 588, кышында 798 сом компенсацияга алмаштырууну көздөөдө. Министрлик ижарада же башка үй-бүлөлөр менен чогуу жашагандар жеңилдик ала албай каларын жүйө келтирген. Компенсациянын өлчөмү тариф өзгөргөн сайын оңдолуп турат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1a/1105149287_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_18e5a12713cb6ad91844ab9b0d644711.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио