https://sputnik.kg/20261124/1105094179.html
Каржы пирамидасына кантип алданып калбаш керек?

Sputnik Кыргызстан
Каржы пирамидаларга алданып, акчасынан ажыраган жарандардын саны өсүүдө. Интернет аркылуу тез жана оңой киреше табууну убада кылган шектүү инвестициялык... 24.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-24T17:04+0600
2026-11-24T17:04+0600
2026-11-24T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/18/1105094009_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ab8d2a7a7520670357a570c50d166856.jpg
Каржы пирамидасына кантип алданып калбаш керек?
Sputnik Кыргызстан
Каржы пирамидаларга алданып, акчасынан ажыраган жарандардын саны өсүүдө. Интернет аркылуу тез жана оңой киреше табууну убада кылган шектүү инвестициялык сунуштар адамдарды тузакка түшүрүүдө. Бул тууралуу “ Көз мончок” уктуруусунда, психолог Самат Аалканов жана Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын төрагасынын орун басары Мыктыбек Абиров комментарий беришти.Акча, адамдын күнүмдүк жашоосундагы эң маанилүү каражаттардын бири. Ар бирибиз эмгектенип тапкан кирешебизди көбөйтүп, үй-бүлөбүздүн жашоо шартын жакшыртып, келечегибиз үчүн каражат топтоону каалайбыз. Айрыкча азыркы учурда интернет аркылуу акча табуунун, инвестиция салуунун жана кирешени көбөйтүүнүн жолдору көп сунушталууда."Кайсы гана пирамида бизнесин албаңыз, алар ошол тармакта акча табуу абдан жеңил экенин айтышат. Мисалы, белгилүү бир сумманы аларга берип коюп эле акчаңыздын болуп көрбөгөндөй тездикте көбөйөрүн убадалашат. Сизди катарына кошуу үчүн ийгиликке жетип, көп акча таап же кымбат баалуу буюмдарга ээ болуп жаткан адамдарды көрсөтүшөт. Бирок, тилекке каршы, бул айсбергдин бизге көрүнгөн чокусу гана. Анын түбүндө канчалаган адамдардын каражаты, бир тыйын таппай, тескерисинче, алданып отургандардын көз жашы турат. Биз жашоодо эч нерсе бекер эле келип калбасын түшүнүшүбүз керек. Бардык нерсеге эмгек жана чынчылдык менен гана жетерибизди билишибиз зарыл. Ошондо биз мындай пирамидаларга азгырылбай калабыз. Ал эми билбей кирип алып белгилүү бир суммада каражат короткон соң түшүнүп калсаңыз, жөн гана аны боло турган чыгым катары кабыл алып, сарсанаа болбой ошол нерседен чыгып кетүүгө аракеттениш керек. Кек сактап, өчөшүп же дагы башка ушундай кадамдарга баруу биринчи кезекте өзүбүз үчүн гана зыян алып келерин унутпашыбыз зарыл",-деди Аалканов.Аз убакыттын ичинде чоң суммадагы киреше табууну убадалагандарга ишенбөө керек. Анткени ал каржы пирамидасы болуп калуу ыктымалдыгы тууралуу Мыктыбек Абиров буларга токтолду."Каржылык пирамидалар соңку учурда күч алууда. Мыйзамдын 214-беренесине ылайык, аны уюштургандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Жарандар дагы аз убакыттын ичинде чоң кирешени табууга убадалагандардан кооптонуусу зарыл. Адатта каржылык пирамида уюштургандар лицензия албай, тийиштүү документтери жок болот же жасап алышы дагы мүмкүн. Ошондуктан жарандарга кайсы бир долбоорго акча салуу кажет болуп калса, тийиштүү мамлекеттик органдардан тактап алуусун сунуштайм. Каржылык пирамидалардын иштөө принциби — улам жаңы катышуучулардын эсебинен мурдагы келгендердин акысын төлөп бериши зарыл. Алгач ачылганда уюмга жаңы катышкандарга акча төлөнүшү ыктымал, бирок уюмга мүчө болгондор көбөйгөндө уюштуруучулар качып кетет”.Ошондой эле адистер каржы пирамида, бул бир гана акчадан ажыраткан алдамчылык эмес. Ал адамдардын ортосундагы ишенимге доо кетирип, үй-бүлөлөрдүн финансылык абалына, психологиялык саламаттыгына жана келечекке болгон ишенимине да терс таасирин тийгизээрин кошумчалап кетишти.

media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/18/1105094009_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fccc16b1c45ff35fa771f83ecba1665e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Каржы пирамидасына кантип алданып калбаш керек?
17:04 24.11.2026 (Жаңыртылды: 17:16 24.11.2026) Коноктор
Самат Аалканов, психологМыктыбек Абиров, Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын төрагасынын орун басары