https://sputnik.kg/20261127/1105172187.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Келерки жылы курулуш жана туризм өлкө экономикасынын өсүшүнө чоң түрткү берет КМШнын экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча... 27.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-27T19:00+0600
2026-11-27T19:00+0600
2026-11-27T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1b/1105172021_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c53b6b125d866430deb6d63fe825b5cf.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Келерки жылы курулуш жана туризм өлкө экономикасынын өсүшүнө чоң түрткү берет КМШнын экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаковдун айтымында, республика акыркы эки жылдан бери ИДПнын өсүү темпи боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында лидер болууда. Айрыкча экономикалык өсүш курулуш, айыл чарба, кызмат көрсөтүү жана туризм тармактарында байкалып келет. Кармышаков ошондой эле быйылкы жылдын тогуз айында өнөр жай өндүрүшү 7 пайызга өскөнүн билдирди. Ал эми бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин орточо айлык акысы 55 миң сомдон ашып, 16,6 пайызга көбөйгөн. Маанилүү жана масштабдуу долбоорлордун бири катары Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун атады.
Бишкектин чыгышында ири жер тилкеси унаалардан жана курулуштардан бошотулдуКеп Исакеев жана Чокан Валиханов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 33 миң чарчы метрден ашык тилке тууралуу болуп жатат.Мэриянын айтымында, жер жеке жактарга унаа токтотуучу жай катары берилген, бирок алар иш жүзүндө автоунаа сатуу үчүн пайдаланып жүрүшкөн. Түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылды. Аймактан миңден ашык унаа алынып, 83 кеңсе жайы демонтаждалды. Ал эми тосмолорду ээлери өздөрү алып салышты.
Ысык-Көлдө түнкү камера мыйзамсыз балык уулагандарды аныктады25-ноябрда кечинде экологиялык мунаранын камерасы Кудургунун тушунда төрт кишинин кайык менен көлгө чыгып, тор салганын тарткан. Облустук милиция шектүүлөр синтетикалык торлорун жээктеги чычырканактардын арасына катып жүрүшкөнүн билдирди.Иш козголуп, эки шектүү камакка алынып, экөө үй камагына чыгарылган.
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдө бирдиктүү эмгек рыногун түзүү пландалууда. Бул тууралуу Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук билдирди. Анын айтымында, маселе КМШнын Экономикалык кеңешинин жыйынында каралып, тиешелүү макулдашуулар болгон. Оверчук постсоветтик өлкөлөр КМШ, Союздук мамлекет жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында кызматташууну күчөтүп жатканын белгиледи. "Кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири — жарандарга башка өлкөлөрдө эркин иштеп, жумушка орношууга шарт түзгөн бирдиктүү эмгек рыногун калыптандыруу", — деди ал Sputnik агенттигине берген маегинде.
Келерки жылы курулуш жана туризм өлкө экономикасынын өсүшүнө чоң түрткү берет КМШнын экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаковдун айтымында, республика акыркы эки жылдан бери ИДПнын өсүү темпи боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында лидер болууда. Айрыкча экономикалык өсүш курулуш, айыл чарба, кызмат көрсөтүү жана туризм тармактарында байкалып келет. Кармышаков ошондой эле быйылкы жылдын тогуз айында өнөр жай өндүрүшү 7 пайызга өскөнүн билдирди. Ал эми бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин орточо айлык акысы 55 миң сомдон ашып, 16,6 пайызга көбөйгөн. Маанилүү жана масштабдуу долбоорлордун бири катары Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун атады.Бишкектин чыгышында ири жер тилкеси унаалардан жана курулуштардан бошотулдуКеп Исакеев жана Чокан Валиханов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 33 миң чарчы метрден ашык тилке тууралуу болуп жатат.Мэриянын айтымында, жер жеке жактарга унаа токтотуучу жай катары берилген, бирок алар иш жүзүндө автоунаа сатуу үчүн пайдаланып жүрүшкөн. Түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылды. Аймактан миңден ашык унаа алынып, 83 кеңсе жайы демонтаждалды. Ал эми тосмолорду ээлери өздөрү алып салышты.Ысык-Көлдө түнкү камера мыйзамсыз балык уулагандарды аныктады25-ноябрда кечинде экологиялык мунаранын камерасы Кудургунун тушунда төрт кишинин кайык менен көлгө чыгып, тор салганын тарткан. Облустук милиция шектүүлөр синтетикалык торлорун жээктеги чычырканактардын арасына катып жүрүшкөнүн билдирди.Иш козголуп, эки шектүү камакка алынып, экөө үй камагына чыгарылган.Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдө бирдиктүү эмгек рыногун түзүү пландалууда. Бул тууралуу Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук билдирди. Анын айтымында, маселе КМШнын Экономикалык кеңешинин жыйынында каралып, тиешелүү макулдашуулар болгон. Оверчук постсоветтик өлкөлөр КМШ, Союздук мамлекет жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында кызматташууну күчөтүп жатканын белгиледи. "Кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири — жарандарга башка өлкөлөрдө эркин иштеп, жумушка орношууга шарт түзгөн бирдиктүү эмгек рыногун калыптандыруу", — деди ал Sputnik агенттигине берген маегинде.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1b/1105172021_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a2f405d27950be0eac3ba2cf8cecffd6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио