00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
В Кыргызстане откроют школу циркового искусства: где будут готовить новых артистов?
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Каржы пирамидасына кантип алданып калбаш керек?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуу менен бир катар экономикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ болду, ал эми биримдиктин алкагында бажы төлөмдөрүн бөлүштүрүүдө үлүшү 1,9 пайызга жетти. Бул туурасында Бажы боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Улан Кимсанов "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында журналисттерге маалымат берип жатып айтты. "Кыргызстандын негизги артыкчылыктарынын бири — географиялык жайгашуусу. Биз Чыгыштан Батышты көздөй өткөн Улуу Жибек Жолунун боюнда жайгашканбыз. Бул мүмкүнчүлүктү болушунча натыйжалуу пайдаланып, өлкө экономикасына пайда алып келишибиз керек Кыргызстан биримдиктин алкагында бажы төлөмдөрүн бөлүштүрүүдө 1,9 пайыздык үлүшкө ээ", — деди ал. Ошондой эле анын белгилешинче, биримдикке мүчө болуу менен түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү Кыргызстан учурда дагы кеңири пайдаланууга аракет кылып жаткандыгын кошумчалады.
Борбор калаада онлайн-казинону мыйзамсыз ачкан жерден 276 оюн автоматы табылды. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына онлайн-кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруп, өткөрүп жаткан жай тууралуу маалымат түшкөн. Бул жайдын башкалардан айырмасы — кумар оюндары кадимки эле оюн автоматтарынын жардамы менен, бирок онлайн түрүндө өткөрүлүп турган. Кыргызстандан тышкары жүргөн чет элдик жарандар телефон аркылуу бул автоматтарга аралыктан кошулуп, акча сайып ойноп келгени айтылды. "Иш козголгондон кийин тергөөнүн алкагында аталган жайда тинтүү жүрүп, кумар оюндарын өткөрүү үчүн колдонулган 276 оюн автоматы табылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө онлайн-казино уюштурган компания 2024-жылы расмий каттоодон өтүп, лицензия алганы белгилүү болду. Ошого карабастан, ишкана түзүлгөндөн бери казынага бир да тыйын салык төккөн эмес", — деп айтылат маалыматта. Учурда кирешелерди жашыруу жана салыктан качуу фактылары да текшерилүүдө.
Келерки жылы Бишкек мэриясы борбор калаага чынардын 50 миңдей көчөтүн отургузууну пландап жатат. Бул туурасында вице-мэр Рамиз Алиев айтты. Учурда "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын питомнигинде 100 миңден ашык көчөт бар. Көчөттөр азыр 5 метрге жетип калганы айтылды. Чынар терек экологияны, тагыраагы, абаны тазартат, андан сырткары, сонун көлөкө да берет. Аткаминер бул дарак 17 кабат имараттын бийиктигине чейин өсүп, миң жылдан ашык турарын кошумчалаган.
Француз аскерлеринин парламентке алдын ала айтылбастан Украинага жөнөтүлгөнүнөн улам Францияда өкмөт менен оппозициянын ортосунда олуттуу саясий жаңжал чыкты. Бул туурасында Politico басылмасы жазды. Франциянын Куралдуу күчтөр боюнча министринин орун басары Алиса Рюфо Сенаттын жабык жыйынына чакырылып, түшүндүрмө берген. Буга чейин ал Украинада француз адистери бар экенин, алар аскердик техникаларды тейлөө жана аны колдонуу боюнча нускама берип иштээрин ырастаган. Мындай жагдай ар кыл саясий күчтөрдүн кескин сынына кабылды. Оңчул "Республикачылар" партиясынын өкүлү Седрик Перрен бийлик бул тууралуу жок дегенде парламенттин тиешелүү комитеттерине же эки палатанын жетекчилерине алдын ала билдиргенге милдеттүү экенин баса белгиледи. Анын пикиринде, маалыматтын жашырылышы президент Эммануэль Макрондун парламентти канчалык көзгө илбегендигин көрсөтөт. Ошондой эле ал бийлик Россияны калп айтып жатат деп айыптап коюп, ошол эле учурда өздөрү маалыматты жашырып жатканын, бул туура эместигин айтты. Солчул "Багынбаган Франция" партиясынын өкүлү Бастьен Лашо мындай кадамдар өлкөнү түздөн-түз куралдуу жаңжалга аралаштырып коюшу мүмкүндүгүн эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0