https://sputnik.kg/20261127/1105162733.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Кытай энергетикалык системаларын бириктирүүнү пландоодо. Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кытайдын Энергетика боюнча мамлекеттик... 27.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-27T13:00+0600
2026-11-27T13:00+0600
2026-11-27T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1b/1105162567_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_551f70af6be5bd7a564dd092d70e2520.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Кытай энергетикалык системаларын бириктирүүнү пландоодо. Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кытайдын Энергетика боюнча мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Ван Хунчжи менен сүйлөшүүдө Кытайдан электр импорттоо жана чек арадагы индустриалдык паркты электр менен камсыздоо үчүн линия курууну талкуулады. Министрдин айтымында, инфраструктуранын курулушун каржылоо маселелери дээрлик иштелип бүттү. Ал объектини 2027-жылдын декабрында пайдаланууга берүүнү сунуштады.
WhatsApp Мессенжер аркылуу өздөрүн мамлекеттик органдардын кызматкерлерибиз деп тааныштырган шылуундар Бишкектин тургунун 3 миллион 810 миң сомдон ашык акчасынан ажыраткан. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди. Маалыматка ылайык, шылуундар жабырлануучуга "жашыруун операция" жүрүп жатканын айтып, ишендиришкен. Натыйжада жаран 238 970 сом насыя алып, акчаны алар көрсөткөн эсепке которгон. Мындан тышкары, өзүнө таандык үйүн да арзан баада сатууга көндүрүлгөн. Бул факт боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20 жана 23 жаштагы эки шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө уланууда. Милиция жарандарды WhatsApp аркылуу байланышкан белгисиз адамдарга ишенбөөгө, алардын көрсөтмөсү менен насыя албоого жана акча которбоого чакырат. Шектүү чалуулар болсо, 102 номерине кабарлоо керек.
Бишкекте 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектелген эки жигит кармалды. Милициянын айтымында, шектүүлөр жабырлануучуга WhatsApp аркылуу өздөрүн Саламаттык сактоо министрлигинин, УКМКнын жана тергөө органдарынын кызматкерлери катары тааныштырышкан.Алар "жашыруун операция" жүрүп жатканын айтып, жабырлануучуну 238 970 сом насыя алып, акчаны которууга жана үйүн арзан баада сатууга көндүрүшкөн. Жалпы чыгым 3,8 млн сомдон ашкан.Алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, 20 жана 23 жаштагы шектүүлөр кармалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Евробиримдиктин лидерлери Брюсселде өткөн саммитте 2028–2034-жылдарга карата көп жылдык бюджетти бекитүү жана Украинага 45 миллиард евро өлчөмүндө жаңы насыя берүү маселелери боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Европа кеңешинин төрагасы Антониу Кошта бюджеттин жалпы көлөмү жана каражатты бөлүштүрүү боюнча макулдашуу болбогонун билдирди. Айрым өлкөлөр бюджетти 250 миллиард еврого кыскартууну талап кылса, көпчүлүк мамлекеттер буга каршы чыгышкан. Украинага сунушталган жаңы насыя маселеси да чечилбей калды. Коштанын айтымында, сунушту Евробиримдиктин 24 өлкөсү колдогону менен, айрым шарттар боюнча пикир келишпестиктер бар. Бул маселе декабрь айында кайра каралат. Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен сүйлөшүүлөр пайдалуу болгонун, бирок алдыда дагы көп иштер турганын белгиледи. Евробиримдик өлкөлөрү бюджеттик чыгымдарды азайтуу маселесинде да бир пикирге келе албай жатышат. Саммиттин жыйынтыгында Европа борбордук банкынын жаңы жетекчилигине Пабло Эрнандес де Косанын талапкерлиги алдын ала колдоо тапты. Бирок бул маселе боюнча акыркы чечим да декабрь айында кабыл алынары күтүлүүдө.
Кыргызстан менен Кытай энергетикалык системаларын бириктирүүнү пландоодо. Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кытайдын Энергетика боюнча мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Ван Хунчжи менен сүйлөшүүдө Кытайдан электр импорттоо жана чек арадагы индустриалдык паркты электр менен камсыздоо үчүн линия курууну талкуулады. Министрдин айтымында, инфраструктуранын курулушун каржылоо маселелери дээрлик иштелип бүттү. Ал объектини 2027-жылдын декабрында пайдаланууга берүүнү сунуштады.WhatsApp Мессенжер аркылуу өздөрүн мамлекеттик органдардын кызматкерлерибиз деп тааныштырган шылуундар Бишкектин тургунун 3 миллион 810 миң сомдон ашык акчасынан ажыраткан. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди. Маалыматка ылайык, шылуундар жабырлануучуга "жашыруун операция" жүрүп жатканын айтып, ишендиришкен. Натыйжада жаран 238 970 сом насыя алып, акчаны алар көрсөткөн эсепке которгон. Мындан тышкары, өзүнө таандык үйүн да арзан баада сатууга көндүрүлгөн. Бул факт боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20 жана 23 жаштагы эки шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө уланууда. Милиция жарандарды WhatsApp аркылуу байланышкан белгисиз адамдарга ишенбөөгө, алардын көрсөтмөсү менен насыя албоого жана акча которбоого чакырат. Шектүү чалуулар болсо, 102 номерине кабарлоо керек.Бишкекте 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектелген эки жигит кармалды. Милициянын айтымында, шектүүлөр жабырлануучуга WhatsApp аркылуу өздөрүн Саламаттык сактоо министрлигинин, УКМКнын жана тергөө органдарынын кызматкерлери катары тааныштырышкан.Алар "жашыруун операция" жүрүп жатканын айтып, жабырлануучуну 238 970 сом насыя алып, акчаны которууга жана үйүн арзан баада сатууга көндүрүшкөн. Жалпы чыгым 3,8 млн сомдон ашкан.Алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, 20 жана 23 жаштагы шектүүлөр кармалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.Евробиримдиктин лидерлери Брюсселде өткөн саммитте 2028–2034-жылдарга карата көп жылдык бюджетти бекитүү жана Украинага 45 миллиард евро өлчөмүндө жаңы насыя берүү маселелери боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Европа кеңешинин төрагасы Антониу Кошта бюджеттин жалпы көлөмү жана каражатты бөлүштүрүү боюнча макулдашуу болбогонун билдирди. Айрым өлкөлөр бюджетти 250 миллиард еврого кыскартууну талап кылса, көпчүлүк мамлекеттер буга каршы чыгышкан. Украинага сунушталган жаңы насыя маселеси да чечилбей калды. Коштанын айтымында, сунушту Евробиримдиктин 24 өлкөсү колдогону менен, айрым шарттар боюнча пикир келишпестиктер бар. Бул маселе декабрь айында кайра каралат. Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен сүйлөшүүлөр пайдалуу болгонун, бирок алдыда дагы көп иштер турганын белгиледи. Евробиримдик өлкөлөрү бюджеттик чыгымдарды азайтуу маселесинде да бир пикирге келе албай жатышат. Саммиттин жыйынтыгында Европа борбордук банкынын жаңы жетекчилигине Пабло Эрнандес де Косанын талапкерлиги алдын ала колдоо тапты. Бирок бул маселе боюнча акыркы чечим да декабрь айында кабыл алынары күтүлүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1b/1105162567_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c4408b72cb40dbd78be0a4d1683e87fb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио