https://sputnik.kg/20261127/1105160053.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда колледждерге тапшырууда Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгын талап кылууну жоюу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук... 27.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-27T11:00+0600
2026-11-27T11:00+0600
2026-11-27T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1b/1105159887_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2f2fcf5d4d36722a0a7765c01281367c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда колледждерге тапшырууда Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгын талап кылууну жоюу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорунда быйыл 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн колледждерге ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алуу кыйынчылык жаратканы белгиленген. Жогорку балл алгандар ЖОЖдорду тандап, ал эми 110дон төмөн балл алгандар колледждерге да өтө албай калышкан. Долбоор ЖОЖдор менен колледждерди ваучердик каржылоодон баш тартууну да карайт. Эки жылдык сыноонун жыйынтыгы өзүн актаган эмес. Тагыраагы, педагогикалык адистиктерде бош орундар көбөйүп, аймактык окуу жайларга тапшыргандар азайган. Ошондой эле президент аныктаган өзгөчө учурларда мамлекеттик ЖОЖдорго ЖРТсыз кабыл алууга уруксат берүү сунушталууда. Буга КМТУга которулуп келип, кийин документтери анык эмес болуп чыккандыктан окуудан чыгарылган студенттердин маселеси себеп болгон. Ал эми биринчи курска кабыл алууда ЖРТ тапшыруу жалпы талап бойдон калат.
Өлкөдө 9-декабрдан тарта мопед, скутер, мокик, мотороллер жана электроскутерлерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү талап кылынат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди. Мындай талап техникалык мүнөздөмөлөрү окшош башка транспорт каражаттарына да тиешелүү. Бензин менен жүргөн мопеддин кыймылдаткычынын көлөмү 50 куб сантиметрден ашпашы керек. Ошондой эле мындай транспортту башкаруу үчүн "А1" категориясындагы айдоочулук күбөлүк талап кылынат. Мекеме билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 10 айында Бишкекте мотоцикл, скутер, самокат жана электровелосипеддердин катышуусунда 372 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 19 адам каза болуп, 379 киши жаракат алган.
Бишкек — Манас жолунда унаа сүзгөн "Тазалыктын" жумушчусу каза болдуЧүй облустук жол милициясынын маалыматына караганда, кырсык 22-ноябрда саат 07:53 чамасында болгон. Mercedes-Benz унаасынын 33 жаштагы айдоочусу жолдун ортосун шыпырып жүргөн 66 жаштагы жумушчуну сүзүп, ал ошол жерде каза болгон. Унаа айып короого токтотулуп, териштирүү жүрүп жатат.
Россия президенти Владимир Путин жасалма интеллект адамзатка чоң пайда да, зыян да алып келиши, анын ичинде аскердик максатта да колдонулушу мүмкүн экенин билдирди. Москвада өткөн AI Journey эл аралык конференциясында мамлекет башчысы бир катар негизги ойлорун ортого салды: жаңы жасалма интеллектиге ээ болуу жетишсиз, эң башкысы — адамдар менен акылдуу системалардын бирге иштеши; жасалма интеллект автономдуу иштөө жагынан жаңы деңгээлге чыкты; бул тармакты өнүктүрүүдө ашыкча чектөөлөрдү киргизүүгө болбойт; Россияда жасалма интеллект адамдардын күнүмдүк жашоосунда жана бизнес тармагында кеңири колдонулууда; Россия инновациялар менен технологиялардын өлкө кызыкчылыгына каршы колдонулушуна жол бербеши керек. Мындан тышкары, Путин жасалма интеллектини 2036-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияны жаңылоону сунуштап, бул технологияларды өнүктүрүү үчүн ири жана чакан атомдук электр станцияларын куруу иштерин күчөтүүнү тапшырды.
Кыргызстанда колледждерге тапшырууда Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгын талап кылууну жоюу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорунда быйыл 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн колледждерге ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алуу кыйынчылык жаратканы белгиленген. Жогорку балл алгандар ЖОЖдорду тандап, ал эми 110дон төмөн балл алгандар колледждерге да өтө албай калышкан. Долбоор ЖОЖдор менен колледждерди ваучердик каржылоодон баш тартууну да карайт. Эки жылдык сыноонун жыйынтыгы өзүн актаган эмес. Тагыраагы, педагогикалык адистиктерде бош орундар көбөйүп, аймактык окуу жайларга тапшыргандар азайган. Ошондой эле президент аныктаган өзгөчө учурларда мамлекеттик ЖОЖдорго ЖРТсыз кабыл алууга уруксат берүү сунушталууда. Буга КМТУга которулуп келип, кийин документтери анык эмес болуп чыккандыктан окуудан чыгарылган студенттердин маселеси себеп болгон. Ал эми биринчи курска кабыл алууда ЖРТ тапшыруу жалпы талап бойдон калат.Өлкөдө 9-декабрдан тарта мопед, скутер, мокик, мотороллер жана электроскутерлерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү талап кылынат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди. Мындай талап техникалык мүнөздөмөлөрү окшош башка транспорт каражаттарына да тиешелүү. Бензин менен жүргөн мопеддин кыймылдаткычынын көлөмү 50 куб сантиметрден ашпашы керек. Ошондой эле мындай транспортту башкаруу үчүн "А1" категориясындагы айдоочулук күбөлүк талап кылынат. Мекеме билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 10 айында Бишкекте мотоцикл, скутер, самокат жана электровелосипеддердин катышуусунда 372 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 19 адам каза болуп, 379 киши жаракат алган.Бишкек — Манас жолунда унаа сүзгөн "Тазалыктын" жумушчусу каза болдуЧүй облустук жол милициясынын маалыматына караганда, кырсык 22-ноябрда саат 07:53 чамасында болгон. Mercedes-Benz унаасынын 33 жаштагы айдоочусу жолдун ортосун шыпырып жүргөн 66 жаштагы жумушчуну сүзүп, ал ошол жерде каза болгон. Унаа айып короого токтотулуп, териштирүү жүрүп жатат.Россия президенти Владимир Путин жасалма интеллект адамзатка чоң пайда да, зыян да алып келиши, анын ичинде аскердик максатта да колдонулушу мүмкүн экенин билдирди. Москвада өткөн AI Journey эл аралык конференциясында мамлекет башчысы бир катар негизги ойлорун ортого салды: жаңы жасалма интеллектиге ээ болуу жетишсиз, эң башкысы — адамдар менен акылдуу системалардын бирге иштеши; жасалма интеллект автономдуу иштөө жагынан жаңы деңгээлге чыкты; бул тармакты өнүктүрүүдө ашыкча чектөөлөрдү киргизүүгө болбойт; Россияда жасалма интеллект адамдардын күнүмдүк жашоосунда жана бизнес тармагында кеңири колдонулууда; Россия инновациялар менен технологиялардын өлкө кызыкчылыгына каршы колдонулушуна жол бербеши керек. Мындан тышкары, Путин жасалма интеллектини 2036-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияны жаңылоону сунуштап, бул технологияларды өнүктүрүү үчүн ири жана чакан атомдук электр станцияларын куруу иштерин күчөтүүнү тапшырды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1b/1105159887_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6a991a7380d45354a98d12bcbdd72ece.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио