00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
5 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда агрокластерлер өнүктүрүлөт: 2036-жылга чейин кандай өзгөрүүлөр күтүлүүдө?
13:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
On air
14:06
60 мин
Ачык кеп
Халал продукцияга QR-код киргизилет: рынокто эмне өзгөрөт?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда аялдар ишкердиги: мүмкүнчүлүктөр, көйгөйлөр жана экономиканын өнүгүүсүнө кошкон салым

Кыргызстанда аялдар ишкердиги: мүмкүнчүлүктөр, көйгөйлөр жана экономиканын өнүгүүсүнө кошкон салым
Жазылуу
Коноктор
Назира Жакыпова, Кыргызстан ишкер Айымдар ассоциациясынын аткаруучу директоруАйтолкун Мусаева, “ЮрКаганат” компаниясынын негиздөөчүсүАйнура Кемелова, “Айнек KG” ишканасынын негиздөөчүсү
Кыргызстанда аялдар ишкердиги өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Ишкер айымдар чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ата мекендик өндүрүштү кеңейтүүгө жана үй-бүлөлөрдүн экономикалык абалын жакшыртууга салым кошуп келишет. Бирок аялдардын бизнес чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөрү менен катар чечүүнү талап кылган бир катар көйгөйлөр да бар. Бул тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” уктуруусунда Кыргызстандын Ишкер айымдар ассоциациясынын аткаруучу директору Назира Жакыпова, “ЮрКаганат” компаниясынын негиздөөчүсү Айтолкун Мусаева жана “Айнек KG” ишканасынын негиздөөчүсү Айнура Кемелова менен маектештик.
Маекте аялдардын ишкердикке аралашуусу, бизнес баштоодогу каржылык кыйынчылыктар, жеңилдетилген насыялардын жеткиликтүүлүгү, мамлекеттик колдоо программалары, аймактардагы ишкердиктин абалы жана ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
“Учурда айымдардын бизнестеги кыйынчылыктарынын бири — эрекектерге салыштырмалуу үй-бүлөлүк түйшүктү да мойнуна алгандыгында. Негизи мурда аялдар чакан бизнес менен алектенсе, азыр ири ишкерликке да кадам ташташууда. Мамлекет тарабынан деле насыя жаатында колдоолор болот жана ар кандай долбоорлор, программалар да бар. Бирок алардын баары эле жалпы ишкерлерге маалымат жагынан жете бербейт. Муну менен катар мамлекет менен ишкерлер да экспорт жагынан бир катар шарттарды түзүүсү кажет. Биздин ассоциацияда аял ишкерлерге тийиштүү бардык маселелер талкууланат. Ишкерлердин маселелерин караган аянтча“, — деди Жакыпова.
Ошондой эле ишкер айымдар үй-бүлөлүк милдеттер менен бизнести айкалыштыруу, коомдогу стереотиптер, санариптештирүү жана аялдардын экономикалык көз карандысыздыгы тууралуу өз ойлору жана тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Эксперттер аялдар ишкердигин өнүктүрүү үчүн каржылык колдоону күчөтүү, бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана ишкер айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маанилүү экенин белгилешти.
Жаңылыктар түрмөгү
0