00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Кто и зачем переписывает историю Центральной Азии — беседа с историком из России
14:07
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Төрага Маратов: “Айтыш” коомдук фонду төкмөлүк өнөрдүн кайра жанданышына салым кошту
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
В Кыргызстане откроют школу циркового искусства: где будут готовить новых артистов?
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Каржы пирамидасына кантип алданып калбаш керек?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Депутат дарыгерлердин кагаз иштерин ЖИге өткөрүүнү сунуштады. Дастан Бекешевдин айтымында, сасык тумоо күчөп, бейтапканаларда кезек көбөйгөн учурда дарыгерлер бейтапты кароого караганда документ толтурууга көбүрөөк убакыт коротуп жатышат.Ал бейтапты кабыл алуудагы сүйлөшүүнү микрофон аркылуу жаздырып, жасалма интеллект менен текстке айлантууну сунуштады. Маалымат сакталчу сервер Саламаттык сактоо министрлигинде болушу керектигин белгиледи."Дарыгерлер дарылашы керек. Документ толтуруп отурбашы керек", — деген Бекешев.
Өлкө аймактарында айдоочулук экзамендерди өткөрүү үчүн Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго 63 жаңы транспорт каражаты берилгенин президенттин иш башкармалыгы билдирди. Көлүктөр C, C1, C1E жана D категориялары боюнча практикалык экзамендерде колдонулат. Автоунаалар видеокөзөмөл системалары менен жабдылып, экзамен кабыл алуучуларга бодикамералар берилген. Кийинки этапта практикалык экзамендерди кабыл алууну автоматташтыруу пландалууда. Бишкекте каттоо кызматтарын, теориялык жана практикалык экзамен алуу жайларын бириктирген комплекс да курулуп жатат. Анын аймагындагы автодромдон тышкары, шаарда дагы эки автодром салынууда.
Бажыда товарды башкача атап көрсөткөн учурлар кездешет, бирок системалуу коррупция жок деп толук кепилдик бере алам. Бул туурасында Бажы боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Улан Кимсанов "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында айтты. "Президенттин уюшкан кылмыштуулукту бир күндө жок кылдык, ал эми коррупция менен күрөш кыйла оор экен, ага комплекстүү көп чаралар керек экен деген жакшы сөзү бар. Ошонун ичине санариптештирүү да кирет. Бирок Бажы кызматында азыр системалуу коррупция жок деп толук кепилдик бере алам", — деди ал. Кимсанов сандар менен маалымат берген, тагыраагы, быйыл соңку он айда бажы эрежелерин бузган 19 миңден ашык факт катталган. Анын 440ы кылмыш катары бааланып, иш козголгон. Анткен менен Садыр Жапаров эл менен жолугушуу учурунда 15ке жакын бажычы жана чек арачы кармалганын, алардын "конвейердей эле акча жыйнап жатышканын" айткан.
Кыргызстан 2027-жылы ЕАЭБ органдарын жетектейт.Бул боюнча чечимдин долбоору ЕЭК кеңешинде колдоо тапты. Жыйынга минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышкан.Чогулгандар жалпы 48 маселени карап, органикалык продукцияны таануу тартиби жөнүндөгү макулдашуунун долбоорун да жактырышты. Документ мындай азыктарды жүгүртүүнү жана сатууну жөнөкөйлөтүүгө багытталган.Ошондой эле синтетикалык жуугуч каражаттардын жана тиричилик химиясынын коопсуздугу боюнча техникалык регламент кабыл алынды. Ал 2032-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.
Кушнер Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү чиеленишип калган түйүндү чечкенге салыштырды АКШ лидери Дональд Трамптын күйөө баласы жана атайын өкүлү Жаред Кушнердин айтымында, негизги көйгөйдү чечүү үчүн адегенде ага байланышкан башка жагдайларды жөнгө салуу зарыл болууда. “Россиялыктар, европалыктар жана украиндер менен сүйлөшүүлөрүбүздүн жүрүшүндө бир нече маселени катар чече кетүү керектиги билинди. Муну уулум менен балыкка баргандагы көрүнүшкө салыштырам. Анын кайырмагынын жиби чырмалышып калганда бир түйүндү чечүү үчүн беш-алты түйүндү жандырганга туура келет”, — деген Кушнер. Ошондой эле ал Вашингтон жаңжалды жөнгө салуунун бардык варианттарын колдоого даяр экенин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0