Кыргыздан чыккан төрт аял кинорежиссёрдун бири эле. Клара Юсупжанованын сүрөттөрү

Жазылуу
Белгилүү актриса, кинорежиссёр Клара Юсупжанова 29-декабрда 82 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги киночунун сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Кинорежиссёр Клара Юсупжанова 1940-жылы 29-декабрда Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктаган соң Ташкенттеги Островский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтунда билим алып, 22 жашында Лариса Шепитьконун "Аптап" тасмасында роль жараткан. Ортодо эки жылдай Москва драма театрында тажрыйба топтоп, "Биринчи мугалим", "Жоош кыз", "Квартирант", "Көздүн кареги" аттуу фильмдерге тартылган.
Андан соң Москвада режиссёрлук жана сценарий жазуу боюнча жогорку курсту аяктап, "Кыргызфильм" студиясында режиссёр катары эмгектенип, "Оштук тигүүчүлөр", "Саламатсыңбы, жайлоо", "Кымыз", "Койчу жана жөө туман", "Шаар", "Жолборс эки уйду жыгып жатат", "Өрөөн жана адамдар" жана башка документалдык, хроникалык фильмдерди жараткан. Союз маалында кыргыз кыз-келиндеринен төрт эле аял режиссёр чыккан. Алар Фатима Мамуралиева, Лиля Турусбекова, Динара Асанова жана Клара Юсупжанова эле.
КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер 2006-жылы 66 жашында кайтыш болгон.
© Sputnik / Александр Федоров

Клара Юсупжанова 1959-1963-жылдары Ташкенттеги Островский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтунда окуган

Клара Юсупжанова 1959-1963-жылдары Ташкенттеги Островский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтунда окуган - Sputnik Кыргызстан
1/12

Клара Юсупжанова 1959-1963-жылдары Ташкенттеги Островский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтунда окуган

© Sputnik / Александр Федоров

Таланттуу актриса киночу Лариса Шепитьконун "Аптап" тасмасында эң алгачкы ролун аткарган

Таланттуу актриса киночу Лариса Шепитьконун "Аптап" тасмасында эң алгачкы ролун аткарган - Sputnik Кыргызстан
2/12

Таланттуу актриса киночу Лариса Шепитьконун "Аптап" тасмасында эң алгачкы ролун аткарган

© Sputnik / Александр Федоров

Даркүл Күйүкова, Клара Юсупжанова, Сыдыбек Жаманов. "Аптап" кинокартинасындагы бир эпизод

Даркүл Күйүкова, Клара Юсупжанова, Сыдыбек Жаманов. "Аптап" кинокартинасындагы бир эпизод - Sputnik Кыргызстан
3/12

Даркүл Күйүкова, Клара Юсупжанова, Сыдыбек Жаманов. "Аптап" кинокартинасындагы бир эпизод

© Фото / Александр Федоров

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева менен КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмери Клара Юсупжанова. "Түштүк кыз" тасмасын тартуу учуру. Ош облусу, 1965-жыл

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева менен КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмери Клара Юсупжанова. "Түштүк кыз" тасмасын тартуу учуру. Ош облусу, 1965-жыл - Sputnik Кыргызстан
4/12

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева менен КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмери Клара Юсупжанова. "Түштүк кыз" тасмасын тартуу учуру. Ош облусу, 1965-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Актриса "Жоош кыз" тасмасында Гүлайымдын образында

Актриса "Жоош кыз" тасмасында Гүлайымдын образында - Sputnik Кыргызстан
5/12

Актриса "Жоош кыз" тасмасында Гүлайымдын образында

© Sputnik / Александр Федоров

Жаш кинорежиссёрлор Мелис Убукеев, Болот Шамшиев жана Клара Юсупжанова. Фрунзе шаары, 1963-жыл

Жаш кинорежиссёрлор Мелис Убукеев, Болот Шамшиев жана Клара Юсупжанова. Фрунзе шаары, 1963-жыл - Sputnik Кыргызстан
6/12

Жаш кинорежиссёрлор Мелис Убукеев, Болот Шамшиев жана Клара Юсупжанова. Фрунзе шаары, 1963-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Болочоктогу кинорежиссёр "Биринчи мугалим" тасмасында Бурманын ролунда

Болочоктогу кинорежиссёр "Биринчи мугалим" тасмасында Бурманын ролунда - Sputnik Кыргызстан
7/12

Болочоктогу кинорежиссёр "Биринчи мугалим" тасмасында Бурманын ролунда

© Sputnik / Александр Федоров

Юсупжанова 1971-жылдан баштап "Кыргызфильмде" режиссёр катары иштеп, даректүү тасмаларды тарта баштаган

Юсупжанова 1971-жылдан баштап "Кыргызфильмде" режиссёр катары иштеп, даректүү тасмаларды тарта баштаган - Sputnik Кыргызстан
8/12

Юсупжанова 1971-жылдан баштап "Кыргызфильмде" режиссёр катары иштеп, даректүү тасмаларды тарта баштаган

© Sputnik / Александр Федоров

Атактуу Наталья Аринбасарова менен Клара Юсупжанова. Алар "кыргыз кереметиндеги" алгачкы тасмалардын бирине тартылган

Атактуу Наталья Аринбасарова менен Клара Юсупжанова. Алар "кыргыз кереметиндеги" алгачкы тасмалардын бирине тартылган - Sputnik Кыргызстан
9/12

Атактуу Наталья Аринбасарова менен Клара Юсупжанова. Алар "кыргыз кереметиндеги" алгачкы тасмалардын бирине тартылган

© Sputnik / Александр Федоров

Кинорежиссёр "Советтик Кыргызстан" киножурналынын бир топ чыгарылыштарын камерага түшүргөн

Кинорежиссёр "Советтик Кыргызстан" киножурналынын бир топ чыгарылыштарын камерага түшүргөн - Sputnik Кыргызстан
10/12

Кинорежиссёр "Советтик Кыргызстан" киножурналынын бир топ чыгарылыштарын камерага түшүргөн

© Sputnik / Александр Федоров

Киночу өзүнүн эмгектеринде карапайым элдин турмушун, көйгөйүн мыкты чагылдырган. Анын даректүү тасмалары эл аралык фестивалдарга да катышкан

Киночу өзүнүн эмгектеринде карапайым элдин турмушун, көйгөйүн мыкты чагылдырган. Анын даректүү тасмалары эл аралык фестивалдарга да катышкан - Sputnik Кыргызстан
11/12

Киночу өзүнүн эмгектеринде карапайым элдин турмушун, көйгөйүн мыкты чагылдырган. Анын даректүү тасмалары эл аралык фестивалдарга да катышкан

© Sputnik / Александр Федоров

КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмери 66 жашында көз жумган

КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмери 66 жашында көз жумган - Sputnik Кыргызстан
12/12

КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмери 66 жашында көз жумган

Тема боюнча:
Кыргыздардын кыштоодогу турмушу. Бир кылым мурунку жашоонун сүрөттөрү
ГЭС куруп, чубалгы тартып... Кыргызстан энергетиктеринин мээнеттүү эмгеги сүрөттө
Жаңылыктар түрмөгү
0