https://sputnik.kg/20261126/1105146843.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Депутат дарыгерлердин кагаз иштерин ЖИге өткөрүүнү сунуштадыДастан Бекешевдин айтымында, сасык тумоо күчөп, бейтапканаларда кезек көбөйгөн учурда дарыгерлер... 26.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-26T17:00+0600
2026-11-26T17:00+0600
2026-11-26T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1a/1105146677_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b37e32dcf662be531c84b8763f556e5f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Депутат дарыгерлердин кагаз иштерин ЖИге өткөрүүнү сунуштадыДастан Бекешевдин айтымында, сасык тумоо күчөп, бейтапканаларда кезек көбөйгөн учурда дарыгерлер бейтапты кароого караганда документ толтурууга көбүрөөк убакыт коротуп жатышат.Ал бейтапты кабыл алуудагы сүйлөшүүнү микрофон аркылуу жаздырып, жасалма интеллект менен текстке айлантууну сунуштады. Маалымат сакталчу сервер Саламаттык сактоо министрлигинде болушу керектигин белгиледи."Дарыгерлер дарылашы керек. Документ толтуруп отурбашы керек", — деген Бекешев.
Бажы кызматынын төрагасы кызматкерлеринин айлыгы 1000 доллардан кем эмес экенин айтты Улан Кимсановдун белгилешинче, тармактын адистери укук коргоо кызматкерлери катары саналгандыктан маяна тууралуу маалымат ачык айтылбайт. Бирок ал азыркы шартта бажы кызматкерлеринин айлыгы өтө жакшы экенин белгиледи. “Кызматкерлердин орточо айлыгы 1000 доллардан кем эмес. Былтыр бажы органынын ар бир кызматкери бюджетке 1,5 миллион доллардан ашык каражат түшүргөн”, — деди жетекчи.
"Эркеч-Тамдан" өткөрүү үчүн уруксат кагаз сатууга шектелип эки чек арачы кармалды.Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, алар жасалма маалым кат үчүн жарандардан 1 000–4 000 сомдон алып келишкен.Алдамчылык жана документтерди жасалмалоо боюнча кылмыш иши козголду. Эки шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, окуяга тиешеси бар башка кызмат адамдары такталып жатат.
Коңшу өлкөдө кооптуу инфекция күч алды.Ташкентте менингококк инфекциясына чалдыккандар 35 эсе көбөйдү. Тогуз айда 354 учур катталган. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги коңшу өлкөдө оорунун күч алганынан байланыштуу инфекциянын Кыргызстанга жайылуу коркунучуна өзгөчө көңүл буруу керектигин билдирди. Бизде азырынча абал туруктуу. 11 айда 35 дарттын учуру катталган, бул былтыркыга караганда 35 пайызга аз.
Бишкекте жаңы коркунуч пайда болду.Жыл өткөн сайын Бишкектин өйдө жагындагы тоолордо жүз миңдеген куб метр суу топтолууда. Ал капчыгай аркылуу ылдый карай агышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстан, Германия жана Австриянын окумуштуулары EGUsphere илимий платформасында жарыяланган изилдөөдө билдиришти. Ала-Арчадагы мөңгүлөрдүн эришинен улам жаңы көлмөлөр пайда болуп, алардын көлөмү да барган сайын көбөйүп жатат. Азыр көлмөлөрдөгү сууну табигый тосмолор кармап турат. Аба ырайы мындан ары да жылый берсе, булар да бузулушу мүмкүн. 2012-жылы Адыгене капчыгайындагы Тез-Төр көлүнүн тосмосу жырылып, шаарды суу каптоо коркунучу жаралган. Эми мындай окуя качан кайталанып кетери азырынча белгисиз.
Кушнер Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү чиеленишип калган түйүндү чечкенге салыштырды АКШ лидери Дональд Трамптын күйөө баласы жана атайын өкүлү Жаред Кушнердин айтымында, негизги көйгөйдү чечүү үчүн адегенде ага байланышкан башка жагдайларды жөнгө салуу зарыл болууда. “Россиялыктар, европалыктар жана украиндер менен сүйлөшүүлөрүбүздүн жүрүшүндө бир нече маселени катар чече кетүү керектиги билинди. Муну уулум менен балыкка баргандагы көрүнүшкө салыштырам. Анын кайырмагынын жиби чырмалышып калганда бир түйүндү чечүү үчүн беш-алты түйүндү жандырганга туура келет”, — деген Кушнер. Ошондой эле ал Вашингтон жаңжалды жөнгө салуунун бардык варианттарын колдоого даяр экенин белгилеген.
Депутат дарыгерлердин кагаз иштерин ЖИге өткөрүүнү сунуштадыДастан Бекешевдин айтымында, сасык тумоо күчөп, бейтапканаларда кезек көбөйгөн учурда дарыгерлер бейтапты кароого караганда документ толтурууга көбүрөөк убакыт коротуп жатышат.Ал бейтапты кабыл алуудагы сүйлөшүүнү микрофон аркылуу жаздырып, жасалма интеллект менен текстке айлантууну сунуштады. Маалымат сакталчу сервер Саламаттык сактоо министрлигинде болушу керектигин белгиледи."Дарыгерлер дарылашы керек. Документ толтуруп отурбашы керек", — деген Бекешев.Бажы кызматынын төрагасы кызматкерлеринин айлыгы 1000 доллардан кем эмес экенин айтты Улан Кимсановдун белгилешинче, тармактын адистери укук коргоо кызматкерлери катары саналгандыктан маяна тууралуу маалымат ачык айтылбайт. Бирок ал азыркы шартта бажы кызматкерлеринин айлыгы өтө жакшы экенин белгиледи. “Кызматкерлердин орточо айлыгы 1000 доллардан кем эмес. Былтыр бажы органынын ар бир кызматкери бюджетке 1,5 миллион доллардан ашык каражат түшүргөн”, — деди жетекчи."Эркеч-Тамдан" өткөрүү үчүн уруксат кагаз сатууга шектелип эки чек арачы кармалды.Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, алар жасалма маалым кат үчүн жарандардан 1 000–4 000 сомдон алып келишкен.Алдамчылык жана документтерди жасалмалоо боюнча кылмыш иши козголду. Эки шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, окуяга тиешеси бар башка кызмат адамдары такталып жатат.Коңшу өлкөдө кооптуу инфекция күч алды.Ташкентте менингококк инфекциясына чалдыккандар 35 эсе көбөйдү. Тогуз айда 354 учур катталган. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги коңшу өлкөдө оорунун күч алганынан байланыштуу инфекциянын Кыргызстанга жайылуу коркунучуна өзгөчө көңүл буруу керектигин билдирди. Бизде азырынча абал туруктуу. 11 айда 35 дарттын учуру катталган, бул былтыркыга караганда 35 пайызга аз.Бишкекте жаңы коркунуч пайда болду.Жыл өткөн сайын Бишкектин өйдө жагындагы тоолордо жүз миңдеген куб метр суу топтолууда. Ал капчыгай аркылуу ылдый карай агышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстан, Германия жана Австриянын окумуштуулары EGUsphere илимий платформасында жарыяланган изилдөөдө билдиришти. Ала-Арчадагы мөңгүлөрдүн эришинен улам жаңы көлмөлөр пайда болуп, алардын көлөмү да барган сайын көбөйүп жатат. Азыр көлмөлөрдөгү сууну табигый тосмолор кармап турат. Аба ырайы мындан ары да жылый берсе, булар да бузулушу мүмкүн. 2012-жылы Адыгене капчыгайындагы Тез-Төр көлүнүн тосмосу жырылып, шаарды суу каптоо коркунучу жаралган. Эми мындай окуя качан кайталанып кетери азырынча белгисиз.Кушнер Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү чиеленишип калган түйүндү чечкенге салыштырды АКШ лидери Дональд Трамптын күйөө баласы жана атайын өкүлү Жаред Кушнердин айтымында, негизги көйгөйдү чечүү үчүн адегенде ага байланышкан башка жагдайларды жөнгө салуу зарыл болууда. “Россиялыктар, европалыктар жана украиндер менен сүйлөшүүлөрүбүздүн жүрүшүндө бир нече маселени катар чече кетүү керектиги билинди. Муну уулум менен балыкка баргандагы көрүнүшкө салыштырам. Анын кайырмагынын жиби чырмалышып калганда бир түйүндү чечүү үчүн беш-алты түйүндү жандырганга туура келет”, — деген Кушнер. Ошондой эле ал Вашингтон жаңжалды жөнгө салуунун бардык варианттарын колдоого даяр экенин белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1a/1105146677_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_97de7a9c0feb9a41794ce0cc48cc2798.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио