Болот Шамшиев 82 жашка чыкмак. Режиссерду "эскерген" каармандары
Болот Шамшиев 82 жашка чыкмак. Режиссерду "эскерген" каармандары
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн — атактуу кинорежиссер Болот Шамшиевдин туулган күнү. СССРдин эл артистинин көзү тирүү болгондо быйыл 82 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги... 12.01.2023, Sputnik Кыргызстан
Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Төлөн Шамшиев белгилүү акын, ал эми апасы Авина Мурзаходжаева акушер-гинеколог эле. Болочоктогу кинематографист 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссёрдук факультетин аяктап чоң киного кадам таштаган.Өмүрүн "кыргыз кереметин" жаратууга арнаган режиссер эмгек жолунда "Чабан", "Манасчы", "Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Эл арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер" жана "Фудзиямадагы кадыр түн" фильмдерин жараткан.Кыргыз Республикасынын эл артисти 2019-жылы 21-декабрында 78 жашында көз жумду. Өткөн жылы президент Садыр Жапаров "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин жакындарына тапшырып, киночу Кыргыз Республикасынын Баатыры аталган.По теме:
Бүгүн — атактуу кинорежиссер Болот Шамшиевдин туулган күнү. СССРдин эл артистинин көзү тирүү болгондо быйыл 82 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу киночунун эмгектериндеги каармандарын "чогултуп", залкарды эскерди.
Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Төлөн Шамшиев белгилүү акын, ал эми апасы Авина Мурзаходжаева акушер-гинеколог эле. Болочоктогу кинематографист 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссёрдук факультетин аяктап чоң киного кадам таштаган.
Өмүрүн "кыргыз кереметин" жаратууга арнаган режиссер эмгек жолунда "Чабан", "Манасчы", "Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Эл арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер" жана "Фудзиямадагы кадыр түн" фильмдерин жараткан.
Кыргыз Республикасынын эл артисти 2019-жылы 21-декабрында 78 жашында көз жумду. Өткөн жылы президент Садыр Жапаров "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин жакындарына тапшырып, киночу Кыргыз Республикасынын Баатыры аталган.
Таланттуу Сүймөнкул Чокморов "Караш-Караш окуясы" тасмасында Бактыгулдун ролун аткарып тушоосу кесилген. Ошентип, Шамшиев сүрөтчүнү киного кадам таштатып жылдызын жандырган.
"Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" совет бийлигин жактаган Карабалтанын ролун Чокморов аткарган. Бул үчүн актер Тбилисидеги Бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана сыйлыкка ээ болгон.
СССРдин эл артисти Болот Шамшиев мыкты актерлор менен иштешип, ал кинодогу ролдорго ылайыктуу артисттерди мыкты тандай билген. Сүрөттө: Болот Шамшиев, Айтурган Темирова, Даркүл Күйүкова.
Терс каармандарды катыра аткарган Орозбек Кутманалиев. Ал Шамшиевдин "Эрте келген турналар", "Ак кеме", "Бөрү зындан","Фудзиямадагы кадыр түн" фильмдерине тартылган.