https://sputnik.kg/20261126/1105130060.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов кыргызстандыктарды "Түндүк" тиркемеси аркылуу президенттикке талапкерлерди колдоп, кол коюуга чакырды. Анын... 26.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-26T09:00+0600
2026-11-26T09:00+0600
2026-11-26T09:26+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1a/1105129894_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_76f5f65a6e818b5cb5781ce0a4b5477f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов кыргызстандыктарды "Түндүк" тиркемеси аркылуу президенттикке талапкерлерди колдоп, кол коюуга чакырды. Анын айтымында, жакында эле президент Садыр Жапаров да элге ушундай өтүнүч менен кайрылган, талапкерлер өздөрү да колдоо сурап жатышат. "Кол топтоо мөөнөтүнүн аякташына аз убакыт калды. 8-декабрга чейин ар бир жаран "Түндүк" тиркемеси аркылуу бир нече талапкерди колдоп, кол кое алат. Бул добуш берүү эмес, талапкерлердин шайлоого катышуусу үчүн мыйзамда каралган шарттардын бири", — деп жазды Алагөзов. Ошондой эле ал мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине кайрылып, кызматкерлерге кол топтоо тууралуу так маалымат жеткирип, алардын бул процесске активдүү катышуусуна шарт түзүүнү сунуштады. Болбосо 30 миң кол топтой албай жаткан талапкерлер муну саясатка айлантып, бийлик бут тосуп жаткандай айтышы мүмкүн экенин белгиледи.
Самокат, скутер жана мопеддерди тротуардан алып, автобус тилкесинде жүргүзүү керек. Мындай сунушун депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңеште айтты. Эл өкүлү жеке мобилдүүлүк каражаттарына толук тыюу салууга болбой турганын белгиледи. Анткени аларды жаштар колдонот жана мындай тыюу жеткирүү кызматтарына да сокку урат. "Тротуар самокат, мопеддерге ылайыкташкан эмес", — деди ал. Депутат бул каражаттарды 18 жаштан гана колдонууга уруксат берүүгө да каршы чыкты. Анын айтымында, тракторду 16 жаштан, мопедди 17 жаштан айдоого уруксат берилгендиктен мындай чектөө логикага туура келбейт. Бишкекте жеке мобилдүүлүк каражаттары кириптер болгон жыол кырсыктары байма-бай катталып келет.
Евразия өнүктүрүү банкынын гранттарына кыргызстандык IT-адистер да талапкер боло алышат. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалык төрагасынын орун басары Тигран Саркисян Sputnik агенттигинде өткөн видеокөпүрөдө билдирди. Маалым болгондой, банк Санариптик демилгелер фондунун жылдык сынагына 2027-жылдын 31-январына чейин арыздарды кабыл алат. Банк башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян сынакка IT-компаниялар жана мамлекеттик органдар катыша аларын билдирди. Негизги талап — долбоор ЕАЭБдин бир нече өлкөсүнө пайда алып келиши керек. Жеңүүчүлөргө гранттар, ал эми ийгиликтүү долбоорлорго насыялар да берилиши мүмкүн. Быйыл фонд Бишкектеги жол тыгынын азайтуу жана абанын тазалыгын көзөмөлдөө боюнча долбоорлорду жактырган.
Украинага деп пландалып жаткан 45 миллиард евро өлчөмүндөгү насыяны чогултууга Венгрия кошулгусу келбейт. Өлкөнүн премьер-министри Петер Мадьярдын айтымында, бул каржылоону Европа биримдигинин бардык мүчөлөрү эмес, анын 24 өлкөсү эле камсыздай алат. РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, бул тууралуу өкмөт башчы Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Закарпатьедеги Берегово шаарында өткөн биргелешкен маалымат жыйынында айткан. Мадьярдын белгилешинче, Евробиримдик өткөн жылы Украинага 90 миллиард евро бөлүү боюнча макулдашууда колдонулган механизмди кайрадан пайдалана алат.
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов кыргызстандыктарды "Түндүк" тиркемеси аркылуу президенттикке талапкерлерди колдоп, кол коюуга чакырды. Анын айтымында, жакында эле президент Садыр Жапаров да элге ушундай өтүнүч менен кайрылган, талапкерлер өздөрү да колдоо сурап жатышат. "Кол топтоо мөөнөтүнүн аякташына аз убакыт калды. 8-декабрга чейин ар бир жаран "Түндүк" тиркемеси аркылуу бир нече талапкерди колдоп, кол кое алат. Бул добуш берүү эмес, талапкерлердин шайлоого катышуусу үчүн мыйзамда каралган шарттардын бири", — деп жазды Алагөзов. Ошондой эле ал мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине кайрылып, кызматкерлерге кол топтоо тууралуу так маалымат жеткирип, алардын бул процесске активдүү катышуусуна шарт түзүүнү сунуштады. Болбосо 30 миң кол топтой албай жаткан талапкерлер муну саясатка айлантып, бийлик бут тосуп жаткандай айтышы мүмкүн экенин белгиледи. Самокат, скутер жана мопеддерди тротуардан алып, автобус тилкесинде жүргүзүү керек. Мындай сунушун депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңеште айтты. Эл өкүлү жеке мобилдүүлүк каражаттарына толук тыюу салууга болбой турганын белгиледи. Анткени аларды жаштар колдонот жана мындай тыюу жеткирүү кызматтарына да сокку урат. "Тротуар самокат, мопеддерге ылайыкташкан эмес", — деди ал. Депутат бул каражаттарды 18 жаштан гана колдонууга уруксат берүүгө да каршы чыкты. Анын айтымында, тракторду 16 жаштан, мопедди 17 жаштан айдоого уруксат берилгендиктен мындай чектөө логикага туура келбейт. Бишкекте жеке мобилдүүлүк каражаттары кириптер болгон жыол кырсыктары байма-бай катталып келет.Евразия өнүктүрүү банкынын гранттарына кыргызстандык IT-адистер да талапкер боло алышат. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалык төрагасынын орун басары Тигран Саркисян Sputnik агенттигинде өткөн видеокөпүрөдө билдирди. Маалым болгондой, банк Санариптик демилгелер фондунун жылдык сынагына 2027-жылдын 31-январына чейин арыздарды кабыл алат. Банк башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян сынакка IT-компаниялар жана мамлекеттик органдар катыша аларын билдирди. Негизги талап — долбоор ЕАЭБдин бир нече өлкөсүнө пайда алып келиши керек. Жеңүүчүлөргө гранттар, ал эми ийгиликтүү долбоорлорго насыялар да берилиши мүмкүн. Быйыл фонд Бишкектеги жол тыгынын азайтуу жана абанын тазалыгын көзөмөлдөө боюнча долбоорлорду жактырган.Украинага деп пландалып жаткан 45 миллиард евро өлчөмүндөгү насыяны чогултууга Венгрия кошулгусу келбейт. Өлкөнүн премьер-министри Петер Мадьярдын айтымында, бул каржылоону Европа биримдигинин бардык мүчөлөрү эмес, анын 24 өлкөсү эле камсыздай алат. РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, бул тууралуу өкмөт башчы Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Закарпатьедеги Берегово шаарында өткөн биргелешкен маалымат жыйынында айткан. Мадьярдын белгилешинче, Евробиримдик өткөн жылы Украинага 90 миллиард евро бөлүү боюнча макулдашууда колдонулган механизмди кайрадан пайдалана алат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1a/1105129894_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a83a2593349c52c03e1b64c801a46c4f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио