https://sputnik.kg/20261127/1105154958.html
Роза Аманова: Улуттук музыкалык мурасты илимий негизде сактап калуу зарыл

Sputnik Кыргызстан
“Көчмөндөр санаты” эл аралык фестивалы көчмөн элдердин кылымдардан бери сакталып келе жаткан бай музыкалык жана руханий мурасын даңазалоого багытталган... 27.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-27T09:04+0600
2026-11-27T09:04+0600
2026-11-27T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1b/1105154788_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d557171ca57c4f6a50935f5c102ab898.jpg
Роза Аманова: Улуттук музыкалык мурасты илимий негизде сактап калуу зарыл
Sputnik Кыргызстан
“Көчмөндөр санаты” эл аралык фестивалы көчмөн элдердин кылымдардан бери сакталып келе жаткан бай музыкалык жана руханий мурасын даңазалоого багытталган маанилүү маданий аянтча болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эл артисти, искусство таануу илимдеринин доктору Роза Аманова айтты.
Ал белгилегендей, фестиваль салттуу музыка, ырчылык, төкмөлүк өнөр жана улуттук аткаруучулук мектептер аркылуу ар кайсы элдердин маданий байланышын чыңдоону көздөйт.“Көчмөн элдердин музыкалык мурасын сактоо, улуттук өнөрдүн кийинки муундарга жетиши, ааламдашуу доорунда кыргыздын салттуу музыкасынын өзгөчөлүгүн жоготпой өнүктүрүү маселелериy бүгүн колго алуу керек. Улуттук маданий мурасты фольклор эмес, оозэки салттагы профессионалдык музыка катары карашыбыз зарыл. Бул жаат буга канчалык деңгээлде изилденген, анын канчасын өзүбүз пайдалана алдык ушул суроолор мен үчүн да маанилүү. Быйыл “Рух Ордодо” “Көчмөндөр санаты” эл аралык фестивалынын алкагында, илимий конференция, эл аралык профессионалдык музыканы алып жүргөн, профессионал музыканттар арасындагы эл аралык сынак, анын ичинде маданий агартуучулук багыттагы иш-чаралардын программасы кирет. Бул биз үчүн өзгөчө баалуу материал жана маалымат. Фестивалдын максаты да салттуу маданиятты сактап калуу. Тилекке каршы учурда күү чертиш өнөрү жоголуп кетти. Мунун артынан көп тарыхый мурас жоголду. Себеби бир күү чертишке чыгуу үчүн ондогон жылдар талбай эмгектенүүчү устат-шакирт өнөрканасы жатат. Ушул тарыхый-маданий мурасты иликтөөчү илимий мектеп керек. Канчалаган улуу устаттар өзү менен кошо методикасын алып кетип жатат. Муну метология катары сактап калуу маанилүү. Илимий мектеп түзүү – бул кадр маселесине тактоо зарыл. Мисалы, кол өнөрчүлүк жаатында илимий тариздөө иликтөөгө алып, тактап, изилдөө менен бардыгын өз ордуна коюп койгондо бүгүнкүдөй оюуга байланышкан башаламандык болбойт эле. Бирок баарын убагында жасаш керек экен. Эртең кеч болуп кала турган маселелер бар“, — деди Аманова.
Ошондой эле кыргыз элинин бай музыкалык мурасын дүйнөгө таанытуу, элдик ырларды, күүлөрдү жана дастандарды сактап калуу, жаштардын салттуу өнөргө болгон кызыгуусун арттыруу багытында аткарылуучу иштерге көңүл бурулду.
Мындан тышкары, «Устат–шакирт» салтынын мааниси, улуттук аткаруучулук мектептердин улануучулугу, музыкалык мурастарды санариптештирүү жана эл аралык маданий кызматташтыкты кеңейтүү маселелери бар.
“Көчмөндөр санаты” эл аралык фестивалы көчмөн элдердин кылымдардан бери сакталып келе жаткан бай музыкалык жана руханий мурасын даңазалоого багытталган маанилүү маданий аянтча болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эл артисти, искусство таануу илимдеринин доктору Роза Аманова айтты.Ал белгилегендей, фестиваль салттуу музыка, ырчылык, төкмөлүк өнөр жана улуттук аткаруучулук мектептер аркылуу ар кайсы элдердин маданий байланышын чыңдоону көздөйт.“Көчмөн элдердин музыкалык мурасын сактоо, улуттук өнөрдүн кийинки муундарга жетиши, ааламдашуу доорунда кыргыздын салттуу музыкасынын өзгөчөлүгүн жоготпой өнүктүрүү маселелериy бүгүн колго алуу керек. Улуттук маданий мурасты фольклор эмес, оозэки салттагы профессионалдык музыка катары карашыбыз зарыл. Бул жаат буга канчалык деңгээлде изилденген, анын канчасын өзүбүз пайдалана алдык ушул суроолор мен үчүн да маанилүү. Быйыл “Рух Ордодо” “Көчмөндөр санаты” эл аралык фестивалынын алкагында, илимий конференция, эл аралык профессионалдык музыканы алып жүргөн, профессионал музыканттар арасындагы эл аралык сынак, анын ичинде маданий агартуучулук багыттагы иш-чаралардын программасы кирет. Бул биз үчүн өзгөчө баалуу материал жана маалымат. Фестивалдын максаты да салттуу маданиятты сактап калуу. Тилекке каршы учурда күү чертиш өнөрү жоголуп кетти. Мунун артынан көп тарыхый мурас жоголду. Себеби бир күү чертишке чыгуу үчүн ондогон жылдар талбай эмгектенүүчү устат-шакирт өнөрканасы жатат. Ушул тарыхый-маданий мурасты иликтөөчү илимий мектеп керек. Канчалаган улуу устаттар өзү менен кошо методикасын алып кетип жатат. Муну метология катары сактап калуу маанилүү. Илимий мектеп түзүү – бул кадр маселесине тактоо зарыл. Мисалы, кол өнөрчүлүк жаатында илимий тариздөө иликтөөгө алып, тактап, изилдөө менен бардыгын өз ордуна коюп койгондо бүгүнкүдөй оюуга байланышкан башаламандык болбойт эле. Бирок баарын убагында жасаш керек экен. Эртең кеч болуп кала турган маселелер бар“, — деди Аманова.Ошондой эле кыргыз элинин бай музыкалык мурасын дүйнөгө таанытуу, элдик ырларды, күүлөрдү жана дастандарды сактап калуу, жаштардын салттуу өнөргө болгон кызыгуусун арттыруу багытында аткарылуучу иштерге көңүл бурулду.Мындан тышкары, «Устат–шакирт» салтынын мааниси, улуттук аткаруучулук мектептердин улануучулугу, музыкалык мурастарды санариптештирүү жана эл аралык маданий кызматташтыкты кеңейтүү маселелери бар.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1b/1105154788_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_59893c985703546304b055085a327210.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Роза Аманова: Улуттук музыкалык мурасты илимий негизде сактап калуу зарыл
09:04 27.11.2026 (Жаңыртылды: 09:16 27.11.2026) Коноктор
Роза Аманова, КРдин эл артисти, искусство таануу илимдеринин доктору