https://sputnik.kg/20261126/1105134505.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек, Ош жана Ысык-Көлдөгү айрым жер тилкелери трансформацияланат. Бул тууралуу өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин... 26.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-26T11:00+0600
2026-11-26T11:00+0600
2026-11-26T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1a/1105134339_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5d942c769fb3fe79a7d1c8743cb8215f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек, Ош жана Ысык-Көлдөгү айрым жер тилкелери трансформацияланат. Бул тууралуу өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жана президенттин администрациясынын отурумунда айтылды. Анда Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан жер тилкелерин “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан” калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө министрлер кабинетинин токтомдорунун долбоорун каралып, ченемдик укуктук актылардын долбоору кабыл алынды.Мындан тышкары, “Индустриялык саясат жөнүндө” Мыйзам долбоорун, ошондой эле өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагына байланышкан министрлер кабинетинин тескемесинин долбоору талкууланды.
Бишкекте автоунаанын номерин жана техникалык паспортун үйгө жеткирип берүү кызматы ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы билдирди.Маалыматта өлкө башчысы Садыр Жапаров 1-декабрга чейин транспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо процессин аралыктан жасоого шарт түзүүнү тапшырганы айтылат. Буга чейин автоунаа ээлери көлүктүн мамлекеттик номери менен техпаспортун келип алып кетиши керек болчу. Президенттин тапшырмасы аткарылганы белгиленип, Транспорт каражаттарын каттоо борбору менен "Кыргыз почтасы" көрсөтчү кызматты өлкө башчынын иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев келип көрдү. "Кызмат алгач сынамык тартипте унааны кайра каттоодо жеткиликтүү болот. Жарандар "Түндүк" тиркемесинен жеткирүүнү тандап, номерин сактап калса техпаспортту гана, алмаштырса жаңы номер менен техпаспортту чогуу алдырууга буюртма бере алышат", — деп айтылат кабарда. Даяр документтер менен номерлер "Кыргыз почтасына" өткөрүлгөндөн кийин төрт сааттын ичинде көрсөтүлгөн дарекке жеткирилет. Жеткирүү акысы аралыкка жараша эсептелип, өзүнчө төлөнөт.
Комузчулардын чыгармачылыгын колдоо максатындагы “Жаңы күүлөр” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Анда белгиленгендей, катышуучулар өздөрүнүн автордук, буга чейин жарыяланбаган күүлөрүн тартуулашты. Калыстар тобунун баалоосунун негизинде мыкты чыгармалар тандалып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Баш байге— Эмилбек Ишенбек уулунаI орун— Зайнидин Иманалиев II орун— Бек Алагушов жана Элеман Каныбеков III орун— Рысбек Жунушев жана Эрбол Абдраимов Кызыктыруучу сыйлык— Бейшенбек Сыдыков жана Рысбек Жунушевге ыйгарылды.
Евробиримдиктин жакында өтө турган саммитинде Киев бийлигин каржылоо маселесинин талкууланышы Брюссель үчүн террорчулукту колдоп, согушту улантуу өз элинин чыныгы көйгөйлөрүнөн маанилүү экенин көрсөтүп турат. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.Захарованын айтымында, Брюссель үчүн социалдык саясат, саламаттык сактоо, билим берүү жана илим тармактары Владимир Зеленскийдин бийлиги, анын кылмыштуу ишмердүүлүгү боюнча маселеден төмөн турат.Евробиримдик 2028-2034-жылдарга карата 2 триллион еврону чапчыган көп жылдык жаңы бюджетти талкуулап жатат. Бирок акчаны кайсы тармактарга бөлүштүрүү, анын ичинде Украинага жардам көрсөтүү маселеси боюнча мүчө өлкөлөр бир пикирге келе элек.
Бишкек, Ош жана Ысык-Көлдөгү айрым жер тилкелери трансформацияланат. Бул тууралуу өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жана президенттин администрациясынын отурумунда айтылды. Анда Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан жер тилкелерин “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан” калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө министрлер кабинетинин токтомдорунун долбоорун каралып, ченемдик укуктук актылардын долбоору кабыл алынды.Мындан тышкары, “Индустриялык саясат жөнүндө” Мыйзам долбоорун, ошондой эле өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагына байланышкан министрлер кабинетинин тескемесинин долбоору талкууланды.Бишкекте автоунаанын номерин жана техникалык паспортун үйгө жеткирип берүү кызматы ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы билдирди.Маалыматта өлкө башчысы Садыр Жапаров 1-декабрга чейин транспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо процессин аралыктан жасоого шарт түзүүнү тапшырганы айтылат. Буга чейин автоунаа ээлери көлүктүн мамлекеттик номери менен техпаспортун келип алып кетиши керек болчу. Президенттин тапшырмасы аткарылганы белгиленип, Транспорт каражаттарын каттоо борбору менен "Кыргыз почтасы" көрсөтчү кызматты өлкө башчынын иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев келип көрдү. "Кызмат алгач сынамык тартипте унааны кайра каттоодо жеткиликтүү болот. Жарандар "Түндүк" тиркемесинен жеткирүүнү тандап, номерин сактап калса техпаспортту гана, алмаштырса жаңы номер менен техпаспортту чогуу алдырууга буюртма бере алышат", — деп айтылат кабарда. Даяр документтер менен номерлер "Кыргыз почтасына" өткөрүлгөндөн кийин төрт сааттын ичинде көрсөтүлгөн дарекке жеткирилет. Жеткирүү акысы аралыкка жараша эсептелип, өзүнчө төлөнөт.Комузчулардын чыгармачылыгын колдоо максатындагы “Жаңы күүлөр” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Анда белгиленгендей, катышуучулар өздөрүнүн автордук, буга чейин жарыяланбаган күүлөрүн тартуулашты. Калыстар тобунун баалоосунун негизинде мыкты чыгармалар тандалып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Баш байге— Эмилбек Ишенбек уулунаI орун— Зайнидин Иманалиев II орун— Бек Алагушов жана Элеман Каныбеков III орун— Рысбек Жунушев жана Эрбол Абдраимов Кызыктыруучу сыйлык— Бейшенбек Сыдыков жана Рысбек Жунушевге ыйгарылды.Евробиримдиктин жакында өтө турган саммитинде Киев бийлигин каржылоо маселесинин талкууланышы Брюссель үчүн террорчулукту колдоп, согушту улантуу өз элинин чыныгы көйгөйлөрүнөн маанилүү экенин көрсөтүп турат. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.Захарованын айтымында, Брюссель үчүн социалдык саясат, саламаттык сактоо, билим берүү жана илим тармактары Владимир Зеленскийдин бийлиги, анын кылмыштуу ишмердүүлүгү боюнча маселеден төмөн турат.Евробиримдик 2028-2034-жылдарга карата 2 триллион еврону чапчыган көп жылдык жаңы бюджетти талкуулап жатат. Бирок акчаны кайсы тармактарга бөлүштүрүү, анын ичинде Украинага жардам көрсөтүү маселеси боюнча мүчө өлкөлөр бир пикирге келе элек.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1a/1105134339_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a5caf1c7dcbee4a94ed5031f52286bf2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио