ИИМ: адам сатуучулар жарандарды чет өлкөдөн жакшы жумуш сунуштоо менен алдашат
09:04 25.11.2026 (Жаңыртылды: 09:16 25.11.2026)
ИИМ: адам сатуучулар жарандарды чет өлкөдөн жакшы жумуш сунуштоо менен алдашат
Жазылуу
Коноктор
Чолпон Назаркулова, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын алтынчы башкармалыгынын бөлүм башчысы
Адам сатуунун курмандыгына көп учурда чет өлкөдөн жумуш издеген жарандар кабылат. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын алтынчы башкармалыгынын бөлүм башчысы Чолпон Назаркулова билдирди.Анын айтымында, 2025-жылы адам сатуу боюнча 2 учур катталган. Алар жумуш издеп, чет өлкөгө чыккан жарандар болгон.“Негизи былтыркы статистиканы карасак, адам сатуунун курмандыгына айлангандардын арасында чет өлкөгө жумуш издеп кеткен жарандар болгон. Алар Кыргызстандан чыккандан кийин документтерин тартып алышып, мажбурлап иштетүүгө дуушар болушкан. Адам сатуу дүйнө жүзүндө актуалдуу көйгөй. Дүйнөлүк статистикага таянсак, бул кылмыштын курмандыктарынын басымдуу бөлүгүн аялдар жана балдар түзөт. Ошондуктан ар бир жаран сак болушу керек. Айрыкча, бардык шарттарды түзүп, идеалдуу жумуш сунуштаган, бирок документтерди жана башка маалыматтарды талап кылбаган адамдардан этият болуу зарыл. Мындай сунуштар алдамчылардын жарандарды Кыргызстандан чыгарып кетүү үчүн колдонгон ыкмаларынын бири болушу мүмкүн. Бул өтө кооптуу жагдай”, — деди Назаркулова.Ошондой эле ал 2026-жылдын тогуз айында адам сатуу фактысы расмий катталбаганын, бирок өз балдарын сатууга байланыштуу үч факты аныкталганын кошумчалады.