https://sputnik.kg/20261123/1105059026.html
Кыргыз циркинде жаңы долбоорлор: көчмөн турмушту даңазалаган шоу даярдалат
Кыргыз циркинде жаңы долбоорлор: көчмөн турмушту даңазалаган шоу даярдалат
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз мамлекеттик цирки 2026-жылдын жыйынтыгын чыгарып, келерки жылга карата иш пландары менен бөлүштү. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда Абубакир Изибаев... 23.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-23T09:04+0600
2026-11-23T09:04+0600
2026-11-23T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/17/1105058856_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4de7b7acdf4e1ef3121e11b4e88a11fe.jpg
Кыргыз циркинде жаңы долбоорлор: көчмөн турмушту даңазалаган шоу даярдалат
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз мамлекеттик цирки 2026-жылдын жыйынтыгын чыгарып, келерки жылга карата иш пландары менен бөлүштү. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин көркөм жетекчиси Алмаз Алжанов жана цирктин артисти Албан Бегалы уулу маек курду.
Алжановдун айтымында, алдыдагы жылы цирк өнөрүн өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана көрүүчүлөргө жаңы программаларды тартуулоо багытында бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалууда.
“2027-жылы маскарапоздордун фестивалын, ошондой эле эл аралык цирк фестивалын уюштуруу мерчемделүүдө. Ага дүйнөдөгү мыкты цирк артисттери чакырылат. Учурда биздин артисттер Караганда шаарында өтө турган фестивалга даярдык көрүп жатышат. Анда Гарри Поттер чыгармаларынын негизинде даярдалган чоң шоу-программа тартууланат. Мындан тышкары, жыл аягында Өзбекстанда өтө турган фестивалга да катышууга даярданып жатабыз”, — деди Алмаз Алжанов.
Ошондой эле маек учурунда цирктин каржылык абалы, көйгөйлөрү жана кызматкерлердин эмгек шарттары тууралуу да сөз болду. Анын белгилешинче, Кыргыз мамлекеттик цирки мамлекеттик мекеме болгону менен, толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланбай турганы белгиленди.
“Учурда циркте мекенин сүйгөн патриоттор жана цирк өнөрүнүн фанаттары иштеп жатат. Каржылык колдоо болсо кадрдык жактан жакшы болмок. Жакында эле бизге Россиянын мамлекеттик циркинин башкы режиссеру Елена Петрикова келип кетти. Ал айым өзү да кесиби боюнча тарыхчы экен. Буюрса алдыда кыргыздын каада-салтын, көчмөн турмушун даңазалап сахналаштырылган эң сонун шоу-программанын сценарийи жазылып, кийинки жылдары кыргыз мамлекеттик циркинде элге тартууланат”, — деди Бегалы уулу.
Ал жакшы иш-пландардын баары алдыда экенин кошумчалады.
Кыргыз мамлекеттик цирки 2026-жылдын жыйынтыгын чыгарып, келерки жылга карата иш пландары менен бөлүштү. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин көркөм жетекчиси Алмаз Алжанов жана цирктин артисти Албан Бегалы уулу маек курду.Алжановдун айтымында, алдыдагы жылы цирк өнөрүн өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана көрүүчүлөргө жаңы программаларды тартуулоо багытында бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалууда.“2027-жылы маскарапоздордун фестивалын, ошондой эле эл аралык цирк фестивалын уюштуруу мерчемделүүдө. Ага дүйнөдөгү мыкты цирк артисттери чакырылат. Учурда биздин артисттер Караганда шаарында өтө турган фестивалга даярдык көрүп жатышат. Анда Гарри Поттер чыгармаларынын негизинде даярдалган чоң шоу-программа тартууланат. Мындан тышкары, жыл аягында Өзбекстанда өтө турган фестивалга да катышууга даярданып жатабыз”, — деди Алмаз Алжанов.Ошондой эле маек учурунда цирктин каржылык абалы, көйгөйлөрү жана кызматкерлердин эмгек шарттары тууралуу да сөз болду. Анын белгилешинче, Кыргыз мамлекеттик цирки мамлекеттик мекеме болгону менен, толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланбай турганы белгиленди.“Учурда циркте мекенин сүйгөн патриоттор жана цирк өнөрүнүн фанаттары иштеп жатат. Каржылык колдоо болсо кадрдык жактан жакшы болмок. Жакында эле бизге Россиянын мамлекеттик циркинин башкы режиссеру Елена Петрикова келип кетти. Ал айым өзү да кесиби боюнча тарыхчы экен. Буюрса алдыда кыргыздын каада-салтын, көчмөн турмушун даңазалап сахналаштырылган эң сонун шоу-программанын сценарийи жазылып, кийинки жылдары кыргыз мамлекеттик циркинде элге тартууланат”, — деди Бегалы уулу.Ал жакшы иш-пландардын баары алдыда экенин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/17/1105058856_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8e38fa9701abcebb3aa6a766f5b3c3b5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Кыргыз циркинде жаңы долбоорлор: көчмөн турмушту даңазалаган шоу даярдалат
09:04 23.11.2026 (Жаңыртылды: 09:16 23.11.2026) Коноктор
Алмаз Алжанов, Абубакир Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик циркинин көркөм жетекчисиАлбан Бегалы уулу, Абубакир Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик циркинин артисти