Кино үчүн жаралган талант. Залкар актёр Болот Бейшеналиевдин сүрөттөрү

Жазылуу
Бүгүн белгилүү актёр, КРдин эл артисти Болот Бейшеналиевдин туулган күнү. Таланттуу инсан бул жарыкта болгондо быйыл 85 жылдыгын белгилемек. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Болочоктогу атактуу актёр Чүй боорундагы Кемин районунун Калмак-Ашуу айылында 1937-жылы 25-июнда жарык дүйнөгө келген. Элеттеги мектепти аяктагандан кийин борбордон билим алам деп келет, бирок эки жыл катары менен окууга өтпөй калат. Жаш Болот театрда иштеген айылдашын сахнадан көрүп таасирленип, Опера жана балет театрынын алдында студияга тапшырып театр дүйнөсүнө кадам таштаган. Жаш жигиттин талантын ошол кездеги маданият министри Казакбаев да байкап, аны Ташкенттеги театралдык институтка жөнөткөн. Ал жогорку окуу жайды бүтүрүп диплом менен келген артистти министрдин чечими менен Нарынга жибермек болушат. Бирок Болот ал жакка баруудан баш тартып коёт. Ошентип жетекчиликке баш ийбеген Бейшеналиев бир жылдай бош жүрүп, киночулар менен иштешип Мелис Убукеевдин "Тайгак кечүү" фильминде роль жараткан. Андан соң "Биринчи мугалим", "Ак Мөөр", "Саманчынын жолу", "Отко таазим", "Жамийлага" тартылган. КРдин эл артисти жалпы 100дөн ашык фильмдерде образ жаратып, бир топ сыйлыктарга татыган. Кино үчүн жашаган актёр 2001-жылы 17-ноябрда 64 жашында көз жумган.
© Sputnik / Александр Федоров

"Биринчи мугалим" кинокартинасындагы башкы ролдордогу Болот Бейшеналиев менен Наталья Аринбасарова

"Биринчи мугалим" кинокартинасындагы башкы ролдордогу Болот Бейшеналиев менен Наталья Аринбасарова - Sputnik Кыргызстан
1/15

"Биринчи мугалим" кинокартинасындагы башкы ролдордогу Болот Бейшеналиев менен Наталья Аринбасарова

© Sputnik / Александр Федоров

Болот Бейшеналиев алгач Опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык студияны бүтүргөн

Болот Бейшеналиев алгач Опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык студияны бүтүргөн - Sputnik Кыргызстан
2/15

Болот Бейшеналиев алгач Опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык студияны бүтүргөн

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү

Согушка уулун жөнөткөн эне: атчан — актёр Болот Бейшеналиев жана аны кетиргиси келбеген эне (Бакен Кыдыкеева)

Согушка уулун жөнөткөн эне: атчан — актёр Болот Бейшеналиев жана аны кетиргиси келбеген эне (Бакен Кыдыкеева) - Sputnik Кыргызстан
3/15

Согушка уулун жөнөткөн эне: атчан — актёр Болот Бейшеналиев жана аны кетиргиси келбеген эне (Бакен Кыдыкеева)

© Sputnik / Александр Федоров

Залкар калемгер Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" повестинин негизинде тартылган фильмде Бейшеналиев мугалим Дүйшөндүн образында

Залкар калемгер Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" повестинин негизинде тартылган фильмде Бейшеналиев мугалим Дүйшөндүн образында - Sputnik Кыргызстан
4/15

Залкар калемгер Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" повестинин негизинде тартылган фильмде Бейшеналиев мугалим Дүйшөндүн образында

© Sputnik / Александр Федоров

"Отко таазим": Болот Бейшеналиев менен кинорежиссёр Төлөмүш Океев. Ал кинокартинада актёр бийлик өкүлү Азизовдун ролунда

"Отко таазим": Болот Бейшеналиев менен кинорежиссёр Төлөмүш Океев. Ал кинокартинада актёр бийлик өкүлү Азизовдун ролунда - Sputnik Кыргызстан
5/15

"Отко таазим": Болот Бейшеналиев менен кинорежиссёр Төлөмүш Океев. Ал кинокартинада актёр бийлик өкүлү Азизовдун ролунда

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү

Темир жол станциясындагы Дүйшөн (Болот Бейшеналиев) менен Алтынай (Наталья Аринбасарова). 1966-жыл

Темир жол станциясындагы Дүйшөн (Болот Бейшеналиев) менен Алтынай (Наталья Аринбасарова). 1966-жыл - Sputnik Кыргызстан
6/15

Темир жол станциясындагы Дүйшөн (Болот Бейшеналиев) менен Алтынай (Наталья Аринбасарова). 1966-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Режиссёр Геннадий Базаровдун "Биринчи" тасмасындагы актёр Болот Бейшеналиев менен актриса Наталья Аринбасарова. 1984-жыл

Режиссёр Геннадий Базаровдун "Биринчи" тасмасындагы актёр Болот Бейшеналиев менен актриса Наталья Аринбасарова. 1984-жыл - Sputnik Кыргызстан
7/15

Режиссёр Геннадий Базаровдун "Биринчи" тасмасындагы актёр Болот Бейшеналиев менен актриса Наталья Аринбасарова. 1984-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Үсөнжан Ибрагимовдун "Таштагы жылмаюу" кинофильминде Бейшеналиев башкы каарман Эсенгелдинин образын жараткан

Үсөнжан Ибрагимовдун "Таштагы жылмаюу" кинофильминде Бейшеналиев башкы каарман Эсенгелдинин образын жараткан - Sputnik Кыргызстан
8/15

Үсөнжан Ибрагимовдун "Таштагы жылмаюу" кинофильминде Бейшеналиев башкы каарман Эсенгелдинин образын жараткан

© Sputnik / Александр Федоров

"Көздүн карегинде" Болот Бейшеналиев башкы каарман Эркиндин, россиялык актриса Светлана Данильченко анын аялынын ролун аткарган

"Көздүн карегинде" Болот Бейшеналиев башкы каарман Эркиндин, россиялык актриса Светлана Данильченко анын аялынын ролун аткарган - Sputnik Кыргызстан
9/15

"Көздүн карегинде" Болот Бейшеналиев башкы каарман Эркиндин, россиялык актриса Светлана Данильченко анын аялынын ролун аткарган

© Sputnik / Александр Федоров

Геннадий Базаровдун "Көздүн кареги" тасмасында актёр Москвада орун-очок алган Эркиндин образында

Геннадий Базаровдун "Көздүн кареги" тасмасында актёр Москвада орун-очок алган Эркиндин образында - Sputnik Кыргызстан
10/15

Геннадий Базаровдун "Көздүн кареги" тасмасында актёр Москвада орун-очок алган Эркиндин образында

© Sputnik / Александр Федоров

Режиссёр Мелис Убукеев менен залкар актёр Болот Бейшеналиев. "Манастын ааламы" тасмасын тартуу учуру. Ысык-Көл облусу, 1995-жыл

Режиссёр Мелис Убукеев менен залкар актёр Болот Бейшеналиев. "Манастын ааламы" тасмасын тартуу учуру. Ысык-Көл облусу, 1995-жыл - Sputnik Кыргызстан
11/15

Режиссёр Мелис Убукеев менен залкар актёр Болот Бейшеналиев. "Манастын ааламы" тасмасын тартуу учуру. Ысык-Көл облусу, 1995-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев "Көздүн кареги" фильминде, 1975-жыл

СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев "Көздүн кареги" фильминде, 1975-жыл - Sputnik Кыргызстан
12/15

СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев "Көздүн кареги" фильминде, 1975-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

КРдин эл артисти чет элдик жана жергиликтүү киночулардын ондогон тасмасына тартылган. Сүрөттө Гүлмира Сунгатуллинанын "Азиат" тасмасын тартуу учуру, 1991-жыл

КРдин эл артисти чет элдик жана жергиликтүү киночулардын ондогон тасмасына тартылган. Сүрөттө Гүлмира Сунгатуллинанын "Азиат" тасмасын тартуу учуру, 1991-жыл - Sputnik Кыргызстан
13/15

КРдин эл артисти чет элдик жана жергиликтүү киночулардын ондогон тасмасына тартылган. Сүрөттө Гүлмира Сунгатуллинанын "Азиат" тасмасын тартуу учуру, 1991-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Кыргыз Республикасынын эл артисттери Болот Бейшеналиев, Гүлсара Ажыбекова, Орозбек Кутманалиев, Акылбек Мураталиев, Мурат Мамбетов жана жаш каскадёрлор. Бишкек шаары, 2001-жыл

Кыргыз Республикасынын эл артисттери Болот Бейшеналиев, Гүлсара Ажыбекова, Орозбек Кутманалиев, Акылбек Мураталиев, Мурат Мамбетов жана жаш каскадёрлор. Бишкек шаары, 2001-жыл - Sputnik Кыргызстан
14/15

Кыргыз Республикасынын эл артисттери Болот Бейшеналиев, Гүлсара Ажыбекова, Орозбек Кутманалиев, Акылбек Мураталиев, Мурат Мамбетов жана жаш каскадёрлор. Бишкек шаары, 2001-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Актёр 2001-жылы 17-ноябрда жүрөк оорусунан улам 64 жашында көз жумган

Актёр 2001-жылы 17-ноябрда жүрөк оорусунан улам 64 жашында көз жумган - Sputnik Кыргызстан
15/15

Актёр 2001-жылы 17-ноябрда жүрөк оорусунан улам 64 жашында көз жумган

Тема боюнча:
Кызылча талаасына байланган өмүр. Зууракан Кайназарованын архивдик сүрөттөрү
Өмүрүнүн 70 жылын музыкага арнаган. Маэстро Асанкан Жумакматовдун сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0