Кан майданда от кечип, атын түбөлүккө жазып кеткен Дайыр Асанов. Сүрөт баян

Жазылуу
Быйыл Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын алган кыргыздын залкар инсаны, генерал-майор Дайыр Асановдун 100 жылдыгы белгиленет.
Sputnik Кыргызстан агенттиги улуу инсан Дайыр Асановду сүрөт түрмөк менен эскерүүнү эп көрдү.
Генерал-майор Дайыр Асанов 1922-жылы 30-майда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1941-жылы мектепти аяктап, аскерге чакырылганга чейин колхоздо эсепчи жана мектепте мугалим болуп иштеген. Советтик армиянын катарына 1942-жылы согуштун башталышында эле кошулган.
Дайыр Асанов Сталинград фронтунда артиллериялык аткычтар полкунун 31-танкаларга каршы жеңил артиллериялык бригадасында замбирек мээлөөчү болуп, Дон, Түштүк-Чыгыш, 2-Украина жана талаа фронтторунда душман менен салгылашкан. 20 жашында замбиреги менен душмандын танкасын өрттөп, курал-жарак жүктөлгөн унаасын жок кылган. Бул үчүн "Согуштагы эрдиги үчүн" медалы менен сыйланган. 1942-жылдын 26-сентябрындагы Сталинградды душмандан бошотууда көрсөткөн эрдиги анын атын дагы бир жолу бүт өлкөгө даңазалаган.
1943-жылы 23-мартта Украинанын Харьков шаарынын алдында болгон кармашта ал болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөткөн. Асанов сан жагынан алда канча көптүк кылган душманга каршы согуш талаасында жалгыз туруштук берген. Душмандын үч жолку танк чабуулун токтотуп, сегиз танкын, сооттолгон үч унаасын жана кырктай немец аскерин жок кылган. Төрт сааттан ашуун убакыт чегинбей душмандын мизин кайтарган жоокерге советтик бийлик жакшы баа берип Ленин ордени, Алтын жылдыз медалы менен сыйлап, Советтер Союзунун Баатыры наамын ыйгарган.
Согуштан кийин бир катар аскер комиссариатында иштеп, аскердик лицейди жетектеп, аны союздагы эң мыкты окуу жайдын катарына киргизген.
Дайыр Асанов жубайы Жамал Асанова менен 1951-жылы Жумгалда аскердик кызматта жүрүп таанышкан. Жубайлар 58 жыл чогуу жашап, төрт уулду тарбиялашкан.
Урпактардын келечеги үчүн жанын берүүдөн кайра тартпаган Дайыр Асановдун эрдиги унутулбай келет. Бишкектеги аскердик окуу жайга анын аты берилип, эстелиги тургузулуп, музейи ачылган. Дайыр Асанов 2009-жылы 18-сентябрда көз жумган.
© Фото / из семейного архива Асановых

Дайыр Асанов, 2008-жылы 9-май күнү түшкөн

Дайыр Асанов, 2008-жылы 9-май күнү түшкөн - Sputnik Кыргызстан
1/19

Дайыр Асанов, 2008-жылы 9-май күнү түшкөн

© Фото / из семейного архива Асановых

Бөжөк Жаңыбаев (Мурсалы), Дайыр Асановдун атасы

Бөжөк Жаңыбаев (Мурсалы), Дайыр Асановдун атасы - Sputnik Кыргызстан
2/19

Бөжөк Жаңыбаев (Мурсалы), Дайыр Асановдун атасы

© Фото / из семейного архива Асановых

Айша Жаңыбаева (Жамаке кызы), Дайыр Асановдун энеси

Айша Жаңыбаева (Жамаке кызы), Дайыр Асановдун энеси - Sputnik Кыргызстан
3/19

Айша Жаңыбаева (Жамаке кызы), Дайыр Асановдун энеси

© Фото / из семейного архива Асановых

"Кызыл Октябрь" колхозунун жылкычылары Дайыр Асановго ат мингизип жатышат. 1944-жыл, февраль

"Кызыл Октябрь" колхозунун жылкычылары Дайыр Асановго ат мингизип жатышат. 1944-жыл, февраль - Sputnik Кыргызстан
4/19

"Кызыл Октябрь" колхозунун жылкычылары Дайыр Асановго ат мингизип жатышат. 1944-жыл, февраль

© Фото / из семейного архива Асановых

Өспүрүм кезден берки досу Жумакадыр Моңолбаев менен түшкөн сүрөтү. Ат-Башы, 1937-жыл.

Өспүрүм кезден берки досу Жумакадыр Моңолбаев менен түшкөн сүрөтү. Ат-Башы, 1937-жыл. - Sputnik Кыргызстан
5/19

Өспүрүм кезден берки досу Жумакадыр Моңолбаев менен түшкөн сүрөтү. Ат-Башы, 1937-жыл.

© Фото / из семейного архива Асановых

Дайыр Асанов Ысык-Көлдүн эли менен жолугушууда. 1944-жыл, февраль.

Дайыр Асанов Ысык-Көлдүн эли менен жолугушууда. 1944-жыл, февраль. - Sputnik Кыргызстан
6/19

Дайыр Асанов Ысык-Көлдүн эли менен жолугушууда. 1944-жыл, февраль.

© Фото / из семейного архива Асановых

Фрунзе облусунун кызматкерлери менен жолугушуусу. 1945-жылдын жай айлары.

Фрунзе облусунун кызматкерлери менен жолугушуусу. 1945-жылдын жай айлары. - Sputnik Кыргызстан
7/19

Фрунзе облусунун кызматкерлери менен жолугушуусу. 1945-жылдын жай айлары.

© Фото / из семейного архива Асановых

Досу менен түшкөн сүрөт. 1945-жылдын башы.

Досу менен түшкөн сүрөт. 1945-жылдын башы. - Sputnik Кыргызстан
8/19

Досу менен түшкөн сүрөт. 1945-жылдын башы.

© Фото / из семейного архива Асановых

Сталиндин 70 жылдыгын майрамдоо учуру. Фрунзе шаары, 1949-жыл, декабрь.

Сталиндин 70 жылдыгын майрамдоо учуру. Фрунзе шаары, 1949-жыл, декабрь. - Sputnik Кыргызстан
9/19

Сталиндин 70 жылдыгын майрамдоо учуру. Фрунзе шаары, 1949-жыл, декабрь.

© Фото / из семейного архива Асановых

Кыргызстандык акын-жазучулар, партиялык ишмерлер жана жаштар менен түшкөн сүрөт. 1944-жыл, февраль.

Кыргызстандык акын-жазучулар, партиялык ишмерлер жана жаштар менен түшкөн сүрөт. 1944-жыл, февраль. - Sputnik Кыргызстан
10/19

Кыргызстандык акын-жазучулар, партиялык ишмерлер жана жаштар менен түшкөн сүрөт. 1944-жыл, февраль.

© Фото / из семейного архива Асановых

Улуу Жеңиш күнүнүн 60 жылдыгын майрамдоо аземинде. Кыргызстандын ардагерлер делегациясы АКШнын мурунку президенти Жорж Буш (кичүүсү) менен Кремль сарайында. 2005-жыл, 9-май.

Улуу Жеңиш күнүнүн 60 жылдыгын майрамдоо аземинде. Кыргызстандын ардагерлер делегациясы АКШнын мурунку президенти Жорж Буш (кичүүсү) менен Кремль сарайында. 2005-жыл, 9-май. - Sputnik Кыргызстан
11/19

Улуу Жеңиш күнүнүн 60 жылдыгын майрамдоо аземинде. Кыргызстандын ардагерлер делегациясы АКШнын мурунку президенти Жорж Буш (кичүүсү) менен Кремль сарайында. 2005-жыл, 9-май.

© Фото / из семейного архива Асановых

Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургундары, жердештери менен. 1944-жыл, февраль.

Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургундары, жердештери менен. 1944-жыл, февраль. - Sputnik Кыргызстан
12/19

Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургундары, жердештери менен. 1944-жыл, февраль.

© Фото / из семейного архива Асановых

Дайыр Асановдун согуштан жаңы келген кези, 1944-жыл

Дайыр Асановдун согуштан жаңы келген кези, 1944-жыл - Sputnik Кыргызстан
13/19

Дайыр Асановдун согуштан жаңы келген кези, 1944-жыл

© Фото / из семейного архива Асановых

Аскердик окуу жайды жетектеп турган убагы, 1992-жыл

Аскердик окуу жайды жетектеп турган убагы, 1992-жыл - Sputnik Кыргызстан
14/19

Аскердик окуу жайды жетектеп турган убагы, 1992-жыл

© Фото / из семейного архива Асановых

Аскердик академияда окуп жүргөн кези. 1953-жыл, август.

Аскердик академияда окуп жүргөн кези. 1953-жыл, август. - Sputnik Кыргызстан
15/19

Аскердик академияда окуп жүргөн кези. 1953-жыл, август.

© Фото / из семейного архива Асановых

Фрунзеликтер менен жолугушуу. 1944-жыл, февраль.

Фрунзеликтер менен жолугушуу. 1944-жыл, февраль. - Sputnik Кыргызстан
16/19

Фрунзеликтер менен жолугушуу. 1944-жыл, февраль.

© Фото / из семейного архива Асановых

Ысык-Көлдө Советтер Союзунун Баатыры Анварбек Чортеков жана башка эс алуучулар менен (жай айы, 1946-жыл)

Ысык-Көлдө Советтер Союзунун Баатыры Анварбек Чортеков жана башка эс алуучулар менен (жай айы, 1946-жыл) - Sputnik Кыргызстан
17/19

Ысык-Көлдө Советтер Союзунун Баатыры Анварбек Чортеков жана башка эс алуучулар менен (жай айы, 1946-жыл)

© Фото / из семейного архива Асановых

Дайыр Аснов үй-бүлөсү менен. 1987-жыл, 1-январь.

Дайыр Аснов үй-бүлөсү менен. 1987-жыл, 1-январь. - Sputnik Кыргызстан
18/19

Дайыр Аснов үй-бүлөсү менен. 1987-жыл, 1-январь.

© Фото / из семейного архива Асановых

Москва, 1990-жыл, 9-май. Жубайы Жамал Асанова менен 1951-жылы Жумгалда аскердик кызматта жүрүп таанышкан. Жубайлар 58 жыл чогуу жашап, төрт уулду тарбиялашкан.

Москва, 1990-жыл, 9-май. Жубайы Жамал Асанова менен 1951-жылы Жумгалда аскердик кызматта жүрүп таанышкан. Жубайлар 58 жыл чогуу жашап, төрт уулду тарбиялашкан. - Sputnik Кыргызстан
19/19

Москва, 1990-жыл, 9-май. Жубайы Жамал Асанова менен 1951-жылы Жумгалда аскердик кызматта жүрүп таанышкан. Жубайлар 58 жыл чогуу жашап, төрт уулду тарбиялашкан.

Тема боюнча:
Эрнст Акрамов 86 жашка чыкты. Ажат ачкан алтын колдуу хирургдун сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0