Кызылча талаасына байланган өмүр. Зууракан Кайназарованын архивдик сүрөттөрү

Жазылуу
Бүгүн Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры, бир нече чакырылыштын депутаты Зууракан Кайназарованын туулган күнү.
Sputnik Кыргызстан агенттиги окурман журтчулугуна күжүрмөн эмгекчинин сүрөттөрүн сунуштайт.
Атагы алыска кеткен Зууракан Кайназарова 1902-жылы 18-июнда Чүй облусунун Сокулук районундагы Белек айылында кедей-кембагалдын үй-бүлөсүндө төрөлүп, ачка-ток болуп өскөн. Кийин турмушка чыгып, 27 жашында алгачкылардан болуп колхозго мүчө болгон. Ал Чүйдүн талааларында 1935-жылдан баштап кызылча өстүрүп, бир гектар жерден 103 тонна түшүм алып дүйнөлүк рекорд көргөзгөн. Кийинки жылдары СССРдин Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры ал көрсөткүчтү 100-125 тоннага чейин жеткирген. Ал эми согуш жылдары жети баланы асырап өстүргөн.
Күжүрмөн эмгектин аркасында кызылчачы үч ирет Ленин, бир жолу Эмгек Кызыл Туу орденине татып, СССРдин Жогорку Советинин бир нече чакырылышына депутат болуп шайланган. Кайназарова 40 жылдай талаа-түздө күнү-түнү иштеп жүрүп 70 жашында буту баспай калып, 1982-жылы 4-июнда 80 жашында кайтыш болгон.
© Фото / предоставлено мемориальным домом-музеем имени Зууракан Кайназаровой

Кант кызылчасын кабыл алган ишканага түшүм жүктөп барган Кайназарова. Сокулук району, 1946-жыл

Кант кызылчасын кабыл алган ишканага түшүм жүктөп барган Кайназарова. Сокулук району, 1946-жыл - Sputnik Кыргызстан
1/13

Кант кызылчасын кабыл алган ишканага түшүм жүктөп барган Кайназарова. Сокулук району, 1946-жыл

© Фото / предоставлено мемориальным домом-музеем имени Зууракан Кайназаровой

Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры неберелери Төрөбай жана Жамал менен. 1973-жыл

Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры неберелери Төрөбай жана Жамал менен. 1973-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/13

Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры неберелери Төрөбай жана Жамал менен. 1973-жыл

© Фото / предоставлено мемориальным домом-музеем имени Зууракан Кайназаровой

Оңдон солду көздөй: СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева, кызылчачы Зууракан Кайназарова жана балет бийчиси Чолпон Жаманова. Фрунзе шаары, 1958-жыл

Оңдон солду көздөй: СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева, кызылчачы Зууракан Кайназарова жана балет бийчиси Чолпон Жаманова. Фрунзе шаары, 1958-жыл - Sputnik Кыргызстан
3/13

Оңдон солду көздөй: СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева, кызылчачы Зууракан Кайназарова жана балет бийчиси Чолпон Жаманова. Фрунзе шаары, 1958-жыл

© Фото / предоставлено мемориальным домом-музеем имени Зууракан Кайназаровой

Түшүм жыйноо учуру. Сүрөттө Кайназарова өзүнүн звеносундагы Салый Борсолдоева жана Саара Иманалиева менен. 1946-жыл. Чүйлүк кызылчачылар бир гектардан 1250 центнерге чейин түшүм жыйнап, даңазасы артып турган эле

Түшүм жыйноо учуру. Сүрөттө Кайназарова өзүнүн звеносундагы Салый Борсолдоева жана Саара Иманалиева менен. 1946-жыл. Чүйлүк кызылчачылар бир гектардан 1250 центнерге чейин түшүм жыйнап, даңазасы артып турган эле - Sputnik Кыргызстан
4/13

Түшүм жыйноо учуру. Сүрөттө Кайназарова өзүнүн звеносундагы Салый Борсолдоева жана Саара Иманалиева менен. 1946-жыл. Чүйлүк кызылчачылар бир гектардан 1250 центнерге чейин түшүм жыйнап, даңазасы артып турган эле

© Фото / предоставлено мемориальным домом-музеем имени Зууракан Кайназаровой

Татина Дегембаеванын звеносу кызылча талаада тамактанып отурушат. Чүй облусу, Дружба колхозу, 1977-жыл

Татина Дегембаеванын звеносу кызылча талаада тамактанып отурушат. Чүй облусу, Дружба колхозу, 1977-жыл - Sputnik Кыргызстан
5/13

Татина Дегембаеванын звеносу кызылча талаада тамактанып отурушат. Чүй облусу, Дружба колхозу, 1977-жыл

© Фото / предоставлено мемориальным домом-музеем имени Зууракан Кайназаровой

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты жазгы талаа иштеринде. Чүй облусу, 1946-жыл

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты жазгы талаа иштеринде. Чүй облусу, 1946-жыл - Sputnik Кыргызстан
6/13

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты жазгы талаа иштеринде. Чүй облусу, 1946-жыл

© Фото / предоставлено мемориальным домом-музеем имени Зууракан Кайназаровой

Зууракан Кайназарова жана колуна комузун кармап турган жолдошу Иманалы Кайназаров. 1953-жыл

Зууракан Кайназарова жана колуна комузун кармап турган жолдошу Иманалы Кайназаров. 1953-жыл - Sputnik Кыргызстан
7/13

Зууракан Кайназарова жана колуна комузун кармап турган жолдошу Иманалы Кайназаров. 1953-жыл

© Фото / предоставлено мемориальным домом-музеем имени Зууракан Кайназаровой

Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар комитетинин төрагасы Төрөбай Кулатов кызылчачыны сыйлап жаткан учуру

Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар комитетинин төрагасы Төрөбай Кулатов кызылчачыны сыйлап жаткан учуру - Sputnik Кыргызстан
8/13

Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар комитетинин төрагасы Төрөбай Кулатов кызылчачыны сыйлап жаткан учуру

© Фото / предоставлено мемориальным домом-музеем имени Зууракан Кайназаровой

Колхозчулардын республикалык съезди: Социалисттик эмгектин баатыры Мария Дубинская, Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Зууракан Кайназарова замандаштары менен

Колхозчулардын республикалык съезди: Социалисттик эмгектин баатыры Мария Дубинская, Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Зууракан Кайназарова замандаштары менен - Sputnik Кыргызстан
9/13

Колхозчулардын республикалык съезди: Социалисттик эмгектин баатыры Мария Дубинская, Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Зууракан Кайназарова замандаштары менен

© Фото / предоставлено мемориальным домом-музеем имени Зууракан Кайназаровой

Бакчада жакындары менен чай ичип отурган туугандар. 1957-жыл

Бакчада жакындары менен чай ичип отурган туугандар. 1957-жыл - Sputnik Кыргызстан
10/13

Бакчада жакындары менен чай ичип отурган туугандар. 1957-жыл

© Фото / предоставлено мемориальным домом-музеем имени Зууракан Кайназаровой

Мектеп окуучуларынын курчоосундагы эл сыймыгы. СССРдин Жогорку Советинин бир нече чакырылышынын депутаты мыкты уюштуруучу болгон

Мектеп окуучуларынын курчоосундагы эл сыймыгы. СССРдин Жогорку Советинин бир нече чакырылышынын депутаты мыкты уюштуруучу болгон - Sputnik Кыргызстан
11/13

Мектеп окуучуларынын курчоосундагы эл сыймыгы. СССРдин Жогорку Советинин бир нече чакырылышынын депутаты мыкты уюштуруучу болгон

© Фото / предоставлено мемориальным домом-музеем имени Зууракан Кайназаровой

Акын Аалы Токомбаев жана эл сыймыгы Зууракан Кайназарова. 1970-жыл

Акын Аалы Токомбаев жана эл сыймыгы Зууракан Кайназарова. 1970-жыл - Sputnik Кыргызстан
12/13

Акын Аалы Токомбаев жана эл сыймыгы Зууракан Кайназарова. 1970-жыл

© Фото / предоставлено мемориальным домом-музеем имени Зууракан Кайназаровой

Зууракан Кайназарова 1982-жылы 4-июнда 80 жаш курагында көз жумган

Зууракан Кайназарова 1982-жылы 4-июнда 80 жаш курагында көз жумган - Sputnik Кыргызстан
13/13

Зууракан Кайназарова 1982-жылы 4-июнда 80 жаш курагында көз жумган

Тема боюнча:
Түнөп, таңда комуз менен гимн аткарган Калык Акиев. "Кыргыз радиосунун" 90 жылдык тарыхы
Москвалыктарды таңданткан кыргыздар. 83 жыл мурдагы декада ирмемдери
Кыргызстанда темир жол кантип курулган? Тарыхый ирмемдер
Өмүрүнүн 70 жылын музыкага арнаган. Маэстро Асанкан Жумакматовдун сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0