Өмүрүнүн 70 жылын музыкага арнаган. Маэстро Асанкан Жумакматовдун сүрөттөрү

Жазылуу
Бүгүн — СССРдин эл артисти, атактуу дирижёр Асанкан Жумакматовдун туулган күнү. Маэстро мындан 99 жыл мурун жарык дүйнөгө келген.
Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар инсандын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Асанкан Жумакматов 1923-жылы 16-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата айылында жарык дүйнөгө келген. Үч жашка чыкканда атасы бай-манап делип камалып, Сибирге сүргүнгө айдалган. Алты жашында бир тууган агасы жана энеси менен Украинага жөнөтүлүп, сегиз жыл бөтөн жерде атасыз күн кечирген. Ошол жылдары болочоктогу дирижер тил үйрөнүп, музыкага жакындаган.
16 жашында Кыргызстанга кайтып келип борбор калаадагы педагогикалык техникумга тапшырган. Бирок музыка дүйнөсү тынчтык бербей, ал жакта бир жылдай эле билим алган. Андан соң музыкалык драма театрына ишке кирип, 17 жашында фронтко аттанып, Сталинграддагы беттеште катуу жаракат алып кайра мекенине кайтып келген.
Кийинки жылдары дирижёрлук студияны артыкчылык менен аяктап Опера жана балет театрында, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде эмгектенген.
КРдин эл артисти чыгармачылыгында "Токтогул", "Жамийла", "Дон Карлос", "Ромео жана Жульетта" өңдүү 50дөн ашык опера жана балеттерди оркестрлештирип, Болот Миңжылкыев, Кайыргүл Сартбаева, Токтоналы Сейталиев, Дарика Жалгасынова жана Керим Турапов өңдүү бир топ аткаруучуларга жол көрсөткөн. Өмүрүнүн 70 жылын музыкага арнаган профессор 2008-жылдын 21-июлунда 85 жаш курагында дүйнө салган.
© Sputnik / Александр Федоров

Болочоктогу дирижер Украинада тил үйрөнүп, музыканы кичинеден өздөштүргөн

Болочоктогу дирижер Украинада тил үйрөнүп, музыканы кичинеден өздөштүргөн - Sputnik Кыргызстан
1/14

Болочоктогу дирижер Украинада тил үйрөнүп, музыканы кичинеден өздөштүргөн

© Фото / Александр Федоров

Асанкан Жумакматов эмгек жолун борбор калаадагы музыкалык драма театрында баштаган

Асанкан Жумакматов эмгек жолун борбор калаадагы музыкалык драма театрында баштаган - Sputnik Кыргызстан
2/14

Асанкан Жумакматов эмгек жолун борбор калаадагы музыкалык драма театрында баштаган

© Sputnik / Александр Федоров

Оркестрди жетектеген Жумакматов, обон созгон Болот Миңжылкыев. Концерт маалында тартылган сүрөт.

Оркестрди жетектеген Жумакматов, обон созгон Болот Миңжылкыев. Концерт маалында тартылган сүрөт. - Sputnik Кыргызстан
3/14

Оркестрди жетектеген Жумакматов, обон созгон Болот Миңжылкыев. Концерт маалында тартылган сүрөт.

© Sputnik / Александр Федоров

СССРдин эл артисти Москвадагы жаштар менен студенттердин фестивалында, 1985-жыл

СССРдин эл артисти Москвадагы жаштар менен студенттердин фестивалында, 1985-жыл - Sputnik Кыргызстан
4/14

СССРдин эл артисти Москвадагы жаштар менен студенттердин фестивалында, 1985-жыл

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүү

Дирижердун жетектөөсүнүн алдында оркестрлер Батыш өлкөлөрүндө концерт берген

Дирижердун жетектөөсүнүн алдында оркестрлер Батыш өлкөлөрүндө концерт берген - Sputnik Кыргызстан
5/14

Дирижердун жетектөөсүнүн алдында оркестрлер Батыш өлкөлөрүндө концерт берген

© Фото / Александр Федоров

Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты өмүрүнүн 70 жылын музыкага арнаган. Сүрөттө Асанкан Жумакматов оркестрди угууда.

Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты өмүрүнүн 70 жылын музыкага арнаган. Сүрөттө Асанкан Жумакматов оркестрди угууда. - Sputnik Кыргызстан
6/14

Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты өмүрүнүн 70 жылын музыкага арнаган. Сүрөттө Асанкан Жумакматов оркестрди угууда.

© Sputnik / Александр Федоров

Маэстро 1962-1972-жылдары Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин көркөм жетекчиси, башкы дирижеру болгон

Маэстро 1962-1972-жылдары Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин көркөм жетекчиси, башкы дирижеру болгон - Sputnik Кыргызстан
7/14

Маэстро 1962-1972-жылдары Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин көркөм жетекчиси, башкы дирижеру болгон

© Sputnik / Александр Федоров

КРдин баатыры Улуу Ата Мекендик согушка 17 жашында катышып жарадар болгон

КРдин баатыры Улуу Ата Мекендик согушка 17 жашында катышып жарадар болгон - Sputnik Кыргызстан
8/14

КРдин баатыры Улуу Ата Мекендик согушка 17 жашында катышып жарадар болгон

© Sputnik / Александр Федоров

Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында оркестрди жетектеген залкар

Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында оркестрди жетектеген залкар - Sputnik Кыргызстан
9/14

Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында оркестрди жетектеген залкар

© Фото / Александр Федоров

КРдин эл артисти жубайы жана кыздары менен

КРдин эл артисти жубайы жана кыздары менен - Sputnik Кыргызстан
10/14

КРдин эл артисти жубайы жана кыздары менен

© Sputnik / Александр Федоров

Дирижер 70 жылдык юбилейинде байбичеси менен

Дирижер 70 жылдык юбилейинде байбичеси менен - Sputnik Кыргызстан
11/14

Дирижер 70 жылдык юбилейинде байбичеси менен

© Sputnik / Александр Федоров

Замандаштары менен Эмгек Кызыл Туу орденин алган учур. Окмуштуу Курмангалы Каракеев, мамлекеттик, коомдук ишмер Зууракан Иманкалыкова, атактуу хирург Иса Ахунбаев, скульптор Тургунбай Садыков жана дирижер Асанкан Жумакматов.

Замандаштары менен Эмгек Кызыл Туу орденин алган учур. Окмуштуу Курмангалы Каракеев, мамлекеттик, коомдук ишмер Зууракан Иманкалыкова, атактуу хирург Иса Ахунбаев, скульптор Тургунбай Садыков жана дирижер Асанкан Жумакматов. - Sputnik Кыргызстан
12/14

Замандаштары менен Эмгек Кызыл Туу орденин алган учур. Окмуштуу Курмангалы Каракеев, мамлекеттик, коомдук ишмер Зууракан Иманкалыкова, атактуу хирург Иса Ахунбаев, скульптор Тургунбай Садыков жана дирижер Асанкан Жумакматов.

© Sputnik / Александр Федоров

Экс-премьер-министр Апас Жумагулов дирижерго ат мингизген учур

Экс-премьер-министр Апас Жумагулов дирижерго ат мингизген учур - Sputnik Кыргызстан
13/14

Экс-премьер-министр Апас Жумагулов дирижерго ат мингизген учур

© Sputnik / Александр Федоров

Кыргыз Республикасынын эл артисти 2008-жылы 21-июлда 85 жаш курагында дүйнө салган

Кыргыз Республикасынын эл артисти 2008-жылы 21-июлда 85 жаш курагында дүйнө салган - Sputnik Кыргызстан
14/14

Кыргыз Республикасынын эл артисти 2008-жылы 21-июлда 85 жаш курагында дүйнө салган

Тема боюнча:
Москвалыктарды таңданткан кыргыздар. 83 жыл мурдагы декада ирмемдери
Түнөп, таңда комуз менен гимн аткарган Калык Акиев. "Кыргыз радиосунун" 90 жылдык тарыхы
Жаңылыктар түрмөгү
0