00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, мугалимдер менен дарыгерлерге президенттик шайлоодо бир да талапкер үчүн, анын ичинде өзү үчүн да үгүт жүргүзбөөнү тапшырды. Өлкө башчысы акимдерге, облустук жетекчилерге жана айыл өкмөттөрүнө жарандарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакыруу милдетин койду. Жапаров шайлоо күнү расмий эс алуу күнү болорун, ал эми добуш берүүгө барбагандарга ошол күн үчүн эмгек акы, пенсия жана жөлөк пул төлөнбөй, эмгек стажына да кошулбай турганын эскертти. Ал жергиликтүү жетекчилерге бул эрежелерди элге жеткиликтүү түшүндүрүүнү тапшырып, алдыдагы шайлоодо жарандардын катышуусу 60–70 пайызга жетиши мүмкүн экенин божомолдоду. Эске салсак, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
Бишкекте автобустар үчүн бөлүнгөн тилкелерге жол эрежесин бузгандарды каттай турган камералар орнотулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине вице-мэр Рамиз Алиев билдирди. Анын айтымында, мындай камералар ушул жумада эле Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектине коюлат, ал эми кийинки жумада дагы бир-эки тилкеде пайда болот. “Коомдук транспортто бараткан эл тыгында турбашы керек. Жеке унаа ыңгайлуу болгону менен бир автобуска 60–70 киши батса, жеңил машинеге эң көп дегенде үч-төрт гана адам батат. Ошондуктан коомдук транспортко артыкчылык беребиз”, — деди Алиев.
Бириккен Улуттар Уюмунун Климат боюнча саммитинде жыйынтыктоочу декларация кабыл алынбай калды. Буга Евробиримдиктин мунай, газ жана көмүрдөн баш тартууну тездетүү чакырыгын документке киргизүү талабы себеп болгон. Мындай жагдай 2009-жылдан бери биринчи жолу катталды. Аталган жыйын 9-22-ноябрь күндөрү Түркиянын Анталья шаарында өткөн. Казылып алынуучу отундан баш тартуу маселеси камтылбаган декларацияны Британия, Норвегия, Панама жана Маршалл аралдары да колдоодон баш тартышкан. Натыйжада узактыгы боюнча рекорд койгон сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелген. Мамлекеттердин басымдуу бөлүгү Европаны эки жүздүүлүккө айыптап жатат. Алардын пикиринде, мурда планетанын булганышына негизги себепкер болгон Европа эми мунай казууну күчөтүп, аптаптуу ысыктан жана кургакчылыктан жапа чеккен жакыр өлкөлөрдөн зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын кыскартууну талап кылууда. Белгилей кетсек, 2009-жылы Копенгагенде өткөн климаттык саммитте да жыйынтыктоочу документ кабыл алынбай калган.
Убакыттын өтүшү менен украин эли Владимир Зеленскийдин бийлиги украиналыктарга, элге геноцид саясатын жүргүзгөнүн моюнга аларына эч кандай шек жок. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтты. "Арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин Украина эли Зеленскийдин бийлиги украиндерге геноцид саясатын жүргүзгөнүн күмөн санабастан, так жана ачык айтып чыгарына менин эч кандай шегим жок", — деп Захарова "Комсомольская правда" радиосунун "Русский дозор" программасында сүйлөп жатып баса белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0