33 жашта СССРдин эл артисти болгон. Абдылас Малдыбаевдин сүрөттөрү

Жазылуу
Бүгүн белгилүү композитор, коомдук ишмер Абдылас Малдыбаевдин туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар инсанды эскерип, анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Абдылас Малдыбаев 1906-жылы 7-июлда Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Ата-энесинен эрте ажырап балалыгы кыйын күндөргө туш болгон. Анын ыр-күүгө жакын болушуна кошокчу энесинин салымы чоң. Октябрь революциясынан кийин кичинекей Абдылас мектепти бүтүрүп Алмата шаарын көздөй сапар тарткан. Өзү курактуу эки өспүрүм менен бир жума бою жөө жүрүп көздөгөн жерине жетип, Казакстандын Агартуу институтунда билим ала баштаган. Көп өтпөй Кыргызстанга кайтып келип, борбор калаада жаңы ачылган педагогикалык институтта окуусун улантып, маданий иш-чараларга жигердүү катышып, чыгармачыл топторду уюштурган. ЖОЖду бүткөн соң театрдын студиясында иштеп, композитор Петр Шубинден да сабак алып, драма театрга ишке кирип, Атай Огонбаев, Муратаалы Күрөңкеев, Ыбырай Туманов, Муса Баетов, Карамолдо Орозов, Калык Акиев, Шаршен Термечиков менен эмгектенген. Ошол куттуу театрда актёр болуп образ жаратып, тенор үндүү ырчы "Алтын күз", "Ажал ордуна", "Көкүл", "Кыз-Жибек", "Евгений Онегин" спектаклдерине катышып, убакыттын өтүшү менен өзүнүн обондорун жарата баштайт.
Ал эми 30-жылдары мыкты аткаруучу ондогон обон чыгарып, кыргыздын жазма акындары менен тыгыз иштешип эл арасында кеңири таанылат. Ошол жылдары Фрунзеге москвалык Владимир Власов, Владимир Фере келип, улуттук музыканы мыкты түшүнгөн адис катары Абдылас Малдыбаев экөөнү коштоп жүрөт. Үчөө ал жылдары кыргыз артисттери үчүн мыкты чыгармаларды жаратып, Жусуп Турусбековдун "Ажал ордуна" чыгармасынын негизинде музыкалык драма, "Манас" эпосуна таянып биринчи улуттук "Айчүрөк" операсын жазышкан. Ал эмгек 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасында коюлуп, Малдыбаев 33 жашында СССРдин эл артисти наамына татыган.
КРдин эл артисти 1970-жылы "Манас" операсынын музыкасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болуп, эмгек жолунда далай шакирттерди тарбиялап, 1978-жылы 77 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Атактуу композитордун жаш кези

Атактуу композитордун жаш кези - Sputnik Кыргызстан
1/18

Атактуу композитордун жаш кези

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Москвадагы кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасы. Алдыда турган таланттуу музыкант Абдылас Малдыбаев, 1939-жыл

Москвадагы кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасы. Алдыда турган таланттуу музыкант Абдылас Малдыбаев, 1939-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/18

Москвадагы кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасы. Алдыда турган таланттуу музыкант Абдылас Малдыбаев, 1939-жыл

© Фото / из семейного архива Малдыбаевых

Чыгармачыл инсан үй-бүлөсү менен Ысык-Ата курортунда эс алууда. 1939-жыл

Чыгармачыл инсан үй-бүлөсү менен Ысык-Ата курортунда эс алууда. 1939-жыл - Sputnik Кыргызстан
3/18

Чыгармачыл инсан үй-бүлөсү менен Ысык-Ата курортунда эс алууда. 1939-жыл

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Экинчи декаданын катышуучулары: солдон оңду көздөй Күлбүбү Мадемилова, Асанкул Куттубаев, Сайнат Жакобаева, Абдылас Малдыбаев, балерина Чолпон Жаманова, Асек Жумабаев, дирижёр Асанкан Жумакматов, театр таануучу Күмүшалиев. Москва шаары, 1958-жыл

Экинчи декаданын катышуучулары: солдон оңду көздөй Күлбүбү Мадемилова, Асанкул Куттубаев, Сайнат Жакобаева, Абдылас Малдыбаев, балерина Чолпон Жаманова, Асек Жумабаев, дирижёр Асанкан Жумакматов, театр таануучу Күмүшалиев. Москва шаары, 1958-жыл - Sputnik Кыргызстан
4/18

Экинчи декаданын катышуучулары: солдон оңду көздөй Күлбүбү Мадемилова, Асанкул Куттубаев, Сайнат Жакобаева, Абдылас Малдыбаев, балерина Чолпон Жаманова, Асек Жумабаев, дирижёр Асанкан Жумакматов, театр таануучу Күмүшалиев. Москва шаары, 1958-жыл

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Малдыбаев мыкты аткаруучу да болгон. Сүрөттө композитор "Манас" операсында Күлчоронун ролунда. Фрунзе шаары, 1964-жыл

Малдыбаев мыкты аткаруучу да болгон. Сүрөттө композитор "Манас" операсында Күлчоронун ролунда. Фрунзе шаары, 1964-жыл - Sputnik Кыргызстан
5/18

Малдыбаев мыкты аткаруучу да болгон. Сүрөттө композитор "Манас" операсында Күлчоронун ролунда. Фрунзе шаары, 1964-жыл

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Кыргыз композиторлорунун III съезди: комузчу Эркесары Бекбасаров, Кыргыз ССРинин композиторлор союзунун төрагасы Абдылас Малдыбаев жана комузчу Ыбрай Туманов

Кыргыз композиторлорунун III съезди: комузчу Эркесары Бекбасаров, Кыргыз ССРинин композиторлор союзунун төрагасы Абдылас Малдыбаев жана комузчу Ыбрай Туманов - Sputnik Кыргызстан
6/18

Кыргыз композиторлорунун III съезди: комузчу Эркесары Бекбасаров, Кыргыз ССРинин композиторлор союзунун төрагасы Абдылас Малдыбаев жана комузчу Ыбрай Туманов

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

"Евгений Онегин" операсында Малдыбаев Ленскийдин ролунда

"Евгений Онегин" операсында Малдыбаев Ленскийдин ролунда - Sputnik Кыргызстан
7/18

"Евгений Онегин" операсында Малдыбаев Ленскийдин ролунда

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

СССРдин эл артисти, композитор Абдылас Малдыбаев менен Опера жана балет театрынын солисти Анвар Куттубаева

СССРдин эл артисти, композитор Абдылас Малдыбаев менен Опера жана балет театрынын солисти Анвар Куттубаева - Sputnik Кыргызстан
8/18

СССРдин эл артисти, композитор Абдылас Малдыбаев менен Опера жана балет театрынын солисти Анвар Куттубаева

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Кыргыз элинин мыкты композиторлору: Калый Молдобасанов, Абдылас Малдыбаев жана Алтынбек Жаныбеков иш маалында

Кыргыз элинин мыкты композиторлору: Калый Молдобасанов, Абдылас Малдыбаев жана Алтынбек Жаныбеков иш маалында - Sputnik Кыргызстан
9/18

Кыргыз элинин мыкты композиторлору: Калый Молдобасанов, Абдылас Малдыбаев жана Алтынбек Жаныбеков иш маалында

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Жаңы чыгарманын үстүндө иштеген залкарлар: Абдылас Малдыбаев, Михаил Раухвергер, Мукаш Абдраев жана пианист Слава Окунь

Жаңы чыгарманын үстүндө иштеген залкарлар: Абдылас Малдыбаев, Михаил Раухвергер, Мукаш Абдраев жана пианист Слава Окунь - Sputnik Кыргызстан
10/18

Жаңы чыгарманын үстүндө иштеген залкарлар: Абдылас Малдыбаев, Михаил Раухвергер, Мукаш Абдраев жана пианист Слава Окунь

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Кыргыз ССРинин эл артисттери Владимир Фере менен Абдылас Малдыбаев. Сүрөттөгү инсандар биргеликте бир катар операларды иштеп чыгышкан

Кыргыз ССРинин эл артисттери Владимир Фере менен Абдылас Малдыбаев. Сүрөттөгү инсандар биргеликте бир катар операларды иштеп чыгышкан - Sputnik Кыргызстан
11/18

Кыргыз ССРинин эл артисттери Владимир Фере менен Абдылас Малдыбаев. Сүрөттөгү инсандар биргеликте бир катар операларды иштеп чыгышкан

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Композитор жубайы жана бала-бакырасы менен. Бүлө эки уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн

Композитор жубайы жана бала-бакырасы менен. Бүлө эки уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн - Sputnik Кыргызстан
12/18

Композитор жубайы жана бала-бакырасы менен. Бүлө эки уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Таланттуу музыкант борбор калаадагы №3 мектеп интернатынын окуучуларынын курчоосунда

Таланттуу музыкант борбор калаадагы №3 мектеп интернатынын окуучуларынын курчоосунда - Sputnik Кыргызстан
13/18

Таланттуу музыкант борбор калаадагы №3 мектеп интернатынын окуучуларынын курчоосунда

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Малдыбаев Кыргызстандын Композиторлор союзун 30 жылдай жетектеп, СССРдин Жогорку Советинин бир, Кыргыз ССРинин эки чакырылышынын депутаты болгон

Малдыбаев Кыргызстандын Композиторлор союзун 30 жылдай жетектеп, СССРдин Жогорку Советинин бир, Кыргыз ССРинин эки чакырылышынын депутаты болгон - Sputnik Кыргызстан
14/18

Малдыбаев Кыргызстандын Композиторлор союзун 30 жылдай жетектеп, СССРдин Жогорку Советинин бир, Кыргыз ССРинин эки чакырылышынын депутаты болгон

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Абдылас Малдыбаев менен Мукаш Абдраев кезектеги чыгарманын үстүндө иштөөдө. Фрунзе шаары, 1965-жыл

Абдылас Малдыбаев менен Мукаш Абдраев кезектеги чыгарманын үстүндө иштөөдө. Фрунзе шаары, 1965-жыл - Sputnik Кыргызстан
15/18

Абдылас Малдыбаев менен Мукаш Абдраев кезектеги чыгарманын үстүндө иштөөдө. Фрунзе шаары, 1965-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Композитор Абдылас Малдыбаев, опера ырчысы Сайра Кийизбаева, Опера жана балет театрынын директору Алиев

Композитор Абдылас Малдыбаев, опера ырчысы Сайра Кийизбаева, Опера жана балет театрынын директору Алиев - Sputnik Кыргызстан
16/18

Композитор Абдылас Малдыбаев, опера ырчысы Сайра Кийизбаева, Опера жана балет театрынын директору Алиев

© Sputnik / Александр Федоров

Кыргыз ССРинин мамлекеттик гимнинин музыкасын Малдыбаев, Власов жана Фере үчөө жазган

Кыргыз ССРинин мамлекеттик гимнинин музыкасын Малдыбаев, Власов жана Фере үчөө жазган - Sputnik Кыргызстан
17/18

Кыргыз ССРинин мамлекеттик гимнинин музыкасын Малдыбаев, Власов жана Фере үчөө жазган

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Залкар талант 1978-жылы 77 жашында көз жумган

Залкар талант 1978-жылы 77 жашында көз жумган - Sputnik Кыргызстан
18/18

Залкар талант 1978-жылы 77 жашында көз жумган

Жаңылыктар түрмөгү
0