00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
21 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
13 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Узап бара жаткан жылда чогулган салыктын көлөмү 425 миллиард сомго чукулдап, пландан 80 миллиард сомго көбүрөөк болгонун башкы салыкчы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Ал "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында журналисттердин "ашыкча сумма эмненин эсебинен келди?" деген суроосуна мындай жооп узатты: "Коррупция жана көмүскө экономика менен күрөш, санарип модулдар, чечимдерди бат кабыл алуу жана президенттин колдоосу", — деди Шыкмаматов. Анын айтымында, учурда салык төлөө машакатын жеңилдетүү, негизи эле салык жагынан жеңилдик берүү жана мамлекетти жазалоочудан жардамчы позициясына өткөрүү негизги багыт болуп саналат.
Бишкектин борборунда сексуалдык зомбулук беренелери боюнча соттолгон жарандардын туугандары катышкан нааразычылык акциясы өтүп жатат. Чогулгандар сот чечимдерин кайра кароо жана кылмыш иштерин тергөөдө мыйзамдуулукту сактоо талаптары жазылган плакаттарды көтөрүп турушат. Ураандардын арасында: "Кыйноо жолу менен алынган көрсөтмөлөр далил болуп эсептелбейт" жана "Сот чечими куру көрсөтмөлөрдүн эмес, далилдердин негизинде чыгарылышы керек" деген жазуулар бар. Митингдин катышуучулары тергөө органдары менен соттордун ишине болгон даттанууларын жеткирүү үчүн мамлекет башчысы менен жолугушууну талап кылышууда. Нааразы болгондордун бири тууганына атайылап жалаа жабылып, чет өлкөдө зордуктоо беренеси менен адилетсиз соттолгонун айтып, ага ырайым берүү өтүнүчү менен кайрылды. Акция өтүп жаткан жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери нөөмөттө турушат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөдөгү каттам көп болгон ашуулардагы абал тууралуу маалымат берип, сапарга чыга турган айдоочуларга бир нече өтүнүч менен кайрылды. Бүгүн, 24-ноябрда, Өтмөк жана Төө-Ашуу ашууларында күн бүркөлүп, кар жаап жатканы айтылды. Өтмөк ашуусунда борошо болууда. Төө-Ашууда кар жаап, жол тейлөө кызматкерлери тарабынан кум, туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлүүдө. Эки жерде тең жол ачык. Ал эми Бишкек – Торугарт жолундагы Долон ашуусунда күн ачык. Автоунаа үзгүлтүксүз каттап жатат. "Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, автоунаалардын ортосундагы аралыкты кармоого жана кышкы дөңгөлөктөр менен жүрүүгө чакырат", – деп айтылган кайрылууда.
Ливия Бенгази портуна жасалган чабуулдардан кийин Украинаны Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык сотуна берүүгө даярданууда. Бул туурасында аталган өлкөнүн Нидерланддагы элчилиги билдиргенин РИА Новости жазды. Зыян тарткан тарап аны толугу менен төлөтүүнү көздөп жатат. Буга чейин Ливиянын Президенттик кеңешинин мүчөсү Муса аль-Куни портко жасалган чабуулдар үчүн Киевди айыптап, Тышкы иштер министрлиги Украинадан расмий түшүндүрмө талап кылды. "Гаагадагы Ливиянын миссиясы Президенттик кеңештин көрсөтмөсү менен Киевдин биздин эгемендигибизди, аймактык коопсуздугубузду бузганына байланыштуу Украинаны БУУнун Эл аралык сотуна берүүгө даярдык көрүү үчүн толук кандуу укуктук корутунду даярдай баштады", — деп айтылат билдирүүдө. Буга чейин Кремль Зеленскийдин 22-ноябрдагы билдирүүсүнө көңүл бурган. Анда украиналык дрондор Ливиянын жээгиндеги Россиянын "Меркурий" корветине жана "Ангара" жүк ташуучу кемесине чабуул койгону айтылган. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков окуяны Коргоо министрлиги териштирип жатканын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0