00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Будь в курсе
От 14 до 40 сомов: что изменится в школьном питании с 2027 года
20:10
43 мин
Ачык кеп
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башкы банктары алдамчылыкка каршы кантип күрөшүүдө?
21:05
33 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Депутат 21 жашка чейинкилерге насыя берүүнү чектөөнү сунуштады. Уланбек Жаанбаев жаштар бир нече банктан жана микрофинансылык уюмдан майда насыя алып, карызга батып жатканын айтты. Мисал катары беш-алты жерден акча алып, 600 миң сом карыз болгон студентти келтирди.Депутат 21 жашка чейинкилерге насыя берүүдө ата-энесинин макулдугун же кепилдигин талап кылууну мыйзамда кароону сунуштады.
Жыл жаңыргандан кийин мектеп окуучуларынын тамак-ашына бөлүнгөн каражат бир балага күнүнө 14 сомдон 40 сомго чейин көбөйөт. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Мухтар Баймурзаев парламентте билдирди. Анын айтымында, мектептердеги тамактануу менюсу да жаңыланды. Аны Агартуу жана Саламаттык сактоо министрликтери биргеликте иштеп чыгып, бекитишкен. Жаңы менюда эт, балык, жумуртка, сүт азыктары, жашылча-жемиштер көбөйтүлдү. Ал эми кант кошулган чай рациондон алып салынды. "Өлкөдөгү 2 101 мектептин 1 924үндө ысык тамак берилет. Бул жалпы мектептердин 92 пайызын түзөт. Акыркы үч жылда тамак менен камсыз болгон окуучулардын саны 533 миңден 615 миңге чейин өскөн. Ал эми мектептердеги тамактанууга кеткен чыгым 1 миллиард сомдон 1,5 миллиард сомго жеткен", — деген Баймурзаев муну окуучулардын санынын өсүшү менен түшүндүрдү. Белгилей кетсек, мектептердеги тамак-аш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Бишкек жана Ош шаарларында чыгым шаардык бюджеттен төлөнөт.
Бишкекте жол тыгынын азайтуу жана абанын тазалыгын көзөмөлдөө боюнча санариптик системаларды ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалык төрагасынын орун басары Тигран Саркисян Sputnik агенттигинде өткөн видео көпүрөдө билдирди. Саркисяндын айтымында, Кыргызстандын минкабы менен санариптик долбоорлор боюнча 15ке жакын багыт макулдашылган. Жол тыгынын азайтуу үчүн россиялык "Компас" компаниясынын системасын колдонуу пландалууда. Ал шаардагы транспорт агымын талдап, бийликке сунуштарды берет. Ал эми ыш көйгөйүн чечүү үчүн шаардын ар кайсы жерлерине жана өнөр жай ишканаларынын жанына абанын тазалыгын онлайн көзөмөлдөөчү датчиктерди орнотуу сунушталууда. Алар абанын булгануу деңгээлин жана себептерин аныктоого жардам берет. Эреже бузган ишканаларга айып салуу мүмкүнчүлүгү да каралууда.
Германия канцлери Фридрих Мерц эгер Венгрия, Словакия, Чехия жана Болгария Украина үчүн 45 миллиард евролук жаңы насыяны каржылоого катышпай турган болсо, Евробиримдиктин кийинки жети жылдык бюджетин бөгөттөшү мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу европалык дипломаттарга таянуу менен Politico жазды. Маалымат бергендердин айтымында, Мерц Евробиримдик Киевге бере турган жардамдын чыгымын аталган төрт мамлекет да көтөрүшсө деген ниетте. Маселе Евробиримдик лидерлеринин 26-27-ноябрда өтө турган саммитинин көңүл чордонунда болмокчу. Венгрия, Словакия жана Чехия буга чейин Украинага берилчү 90 миллиард евролук насыяны каржылоо механизмине катышуудан бошотулган. Эми аларга Болгария кошулуп, жаңы насыяны каржылоого катышуудан төрт мамлекет баш тартууда. Politico бул жалпы европалык бюджеттен эң көп каржыланган өлкөлөр экенин эске салды. Ал эми ЕБ бюджетинин негизги донору болгон Германия Киевге каралган каржыны уюмга мүчө 27 мамлекетке тең бөлүүнү талап кылып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0