Зилзаладан бүлүнгөн Ташкент Орто Азиянын берметине айланганда. 56 жыл мурунку окуя
Зилзаладан бүлүнгөн Ташкент Орто Азиянын берметине айланганда. 56 жыл мурунку окуя
Sputnik Кыргызстан
Колумнист Алмаз Батилов КР Борбордук кинофотофонодокументтер архивинен Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда социалдык-экономикалык алаканы чагылдырган... 03.08.2022, Sputnik Кыргызстан
1966-жылы 26-апрелде Ташкентте жер титереп, анын кесепетинен сегиз киши каза болуп, үч жүздөн ашык адам жаракат алган. Ошол эле учурда шаардын ичинде 37 395 имарат толугу менен кыйрап, калаанын 300 миңден ашуун тургуну башпаанексиз калган. Зилзаладан жабыркаган Ташкентке СССРдин жетекчиси Леонид Брежнев менен өкмөт башчы Александр Косыгин профилдик министрликтердин адистеринин коштоосунда келген.Брежнев менен Косыгин Өзбекстандын борборун калыбына келтирүүгө ар бир союздук республика жардам бериш керек деген чечим кабыл алышат. СССРдин булуң-бурчунан Улуу Ата Мекендик согуш учурундагыдай ыктыярчылардын отряддары түзүлгөн. Булар кыйраган Ташкентти кайрадан курушкан. Алардын арасында кыргызстандык курулушчулар да шаар курууга салым кошкон. 1967-жылы он миңдеген ташкенттиктер жаңы батирлерге киришкен. Өзбекстандын борборуна жардам берүү үчүн демилге көтөрүлүп Советтер Союзунун эли атайын эсепке он миллион рубль чогултушкан. Ошол учурдагы эсеп менен бул эбегейсиз чоң каражат болчу. Совет элинин ушундай көмөгү менен бүлүнгөн Ташкент Орто Азиянын берметине айланган.Кызыгы, бул зилзаладан кийин 1969-жылы эрте күздө коңшу союздук республикада Кыргыз ССРинин адабияты менен искусствосунун декадасы өткөн. Ага кыргыз маданиятынын көрүнүктүү ишмерлери катышып, өзбек көрүүчүлөргө өнөрүн тартуулашкан. Өзбекстандын эли кыргызстандык өнөрпоздорду жылуу кабыл алган."Өзбек калкы бизди керней-сурнай тартып, гүл менен тосуп алды. Кенедей балдарынан баштап аксакалдарына чейин бийлеп, бир тууганын көргөндөй кубанышты. Өзбектер кыргызча ырдап, биз өзбек ырларын ырдадык, чынында эле бул эки элдин майрамы болду" деп эскерген композитор Абдылас Малдыбаев.1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин Өзбекстан менен кызматташунун жаңы барагы ачылды.Тема боюнча:
Колумнист Алмаз Батилов КР Борбордук кинофотофонодокументтер архивинен Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда социалдык-экономикалык алаканы чагылдырган уникалдуу сүрөттөрдү тапкан.
1966-жылы 26-апрелде Ташкентте жер титереп, анын кесепетинен сегиз киши каза болуп, үч жүздөн ашык адам жаракат алган. Ошол эле учурда шаардын ичинде 37 395 имарат толугу менен кыйрап, калаанын 300 миңден ашуун тургуну башпаанексиз калган. Зилзаладан жабыркаган Ташкентке СССРдин жетекчиси Леонид Брежнев менен өкмөт башчы Александр Косыгин профилдик министрликтердин адистеринин коштоосунда келген.
Брежнев менен Косыгин Өзбекстандын борборун калыбына келтирүүгө ар бир союздук республика жардам бериш керек деген чечим кабыл алышат. СССРдин булуң-бурчунан Улуу Ата Мекендик согуш учурундагыдай ыктыярчылардын отряддары түзүлгөн. Булар кыйраган Ташкентти кайрадан курушкан. Алардын арасында кыргызстандык курулушчулар да шаар курууга салым кошкон. 1967-жылы он миңдеген ташкенттиктер жаңы батирлерге киришкен. Өзбекстандын борборуна жардам берүү үчүн демилге көтөрүлүп Советтер Союзунун эли атайын эсепке он миллион рубль чогултушкан. Ошол учурдагы эсеп менен бул эбегейсиз чоң каражат болчу. Совет элинин ушундай көмөгү менен бүлүнгөн Ташкент Орто Азиянын берметине айланган.
Кызыгы, бул зилзаладан кийин 1969-жылы эрте күздө коңшу союздук республикада Кыргыз ССРинин адабияты менен искусствосунун декадасы өткөн. Ага кыргыз маданиятынын көрүнүктүү ишмерлери катышып, өзбек көрүүчүлөргө өнөрүн тартуулашкан. Өзбекстандын эли кыргызстандык өнөрпоздорду жылуу кабыл алган.
"Өзбек калкы бизди керней-сурнай тартып, гүл менен тосуп алды. Кенедей балдарынан баштап аксакалдарына чейин бийлеп, бир тууганын көргөндөй кубанышты. Өзбектер кыргызча ырдап, биз өзбек ырларын ырдадык, чынында эле бул эки элдин майрамы болду" деп эскерген композитор Абдылас Малдыбаев.
1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин Өзбекстан менен кызматташунун жаңы барагы ачылды.
Кыргызстандык курулушчулар мастер Н.Калашников жана участканын инженери И.Голубкин Ташкентте жер титереген учурда ураган үйдүн ордуна салынчу имараттын планын талкуулап жатышат
Кыргызстандык курулушчулар мастер Н.Калашников жана участканын инженери И.Голубкин Ташкентте жер титереген учурда ураган үйдүн ордуна салынчу имараттын планын талкуулап жатышат
Өзбекстанда Кыргыз адабияты жана искусствосунун декадасынын салтанаттуу ачылышынын алдында кыргыз артисттери сүрөткө түшүп жаткан маалы. Ташкент шаары. Өзбек ССРинин Алишер Навои атындагы Мамлекеттик академиялык чоң опера жана балет театрынын сахнасы, 1969-жыл.

Өзбекстанда Кыргыз искусствосу жана адабиятынын декадасынын ачылышында Кыргыз ССРинин Мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын артисттери Бактыбек Арунов менен Светлана Молдобасанова композитор Людвиг Минкустун "Дон Кихот" балетин аткарууда. Ташкент шаары. Өзбек ССРинин Алишер Навои атындагы Мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын сахнасы, 1969-жыл.

Өзбекстанда Кыргыз адабияты жана искусствосунун декадасынын салтанаттуу ачылышында Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы филармониясында иштеген төкмө акындар Эстебес Турсуналиев менен Токтосун Тыныбеков көрүүчүлөрдүн алдында ырдап жаткан учур. Ташкент шаары. Өзбек ССРинин Алишер Навои атындагы Мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын сахнасы, 1969-жыл.

Өзбекстанда Кыргыз адабияты жана искусствосунун декадасынын алкагында Кыргыз ССРинин Мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти Мариям Махмутова пахта терген кыз-келиндер менен барлашууда. Өзбек ССРи, Сурхан-Дарья облусу. 1969-жыл.

Кыргызстандык өнөрпоздор менен Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалова (сол жактан үчүнчү) Бухара шаарында экскурсияда. Өзбек ССРи, 1969-жыл.
Кыргызстандык өнөрпоздор менен Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалова (сол жактан үчүнчү) Бухара шаарында экскурсияда. Өзбек ССРи, 1969-жыл.