https://sputnik.kg/20261123/1105069669.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда акыркы беш жылда билим берүү тармагында беш багыт боюнча өзгөрүүлөр ишке ашырылды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык... 23.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-23T13:00+0600
2026-11-23T13:00+0600
2026-11-23T15:06+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/17/1105069503_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2cd19f53065b7ca91c03071c82ce5fbf.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда акыркы беш жылда билим берүү тармагында беш багыт боюнча өзгөрүүлөр ишке ашырылды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бала бакчалар менен камтуу 39 пайыздан 51 пайызга жетип, натыйжада 61 миңден ашуун бала кошумча камтылды. Өлкөдө 12 жылдык билим берүүгө өтүү башталып, 73 миң мугалим окутулду. Кесиптик билим берүүдө 52 жаңы стандарт бекитилип, 71 лицейде дуалдык окутуу киргизилди. Акыркы беш жылда өлкөдө 800дөн ашык билим берүү объектиси курулуп, оңдолду. Анын ичинде 482 мектеп жана 165 бала бакча жаңыдан салынды.
Кыргызстандын делегациясы Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) "Цивилизациялар диалогу" аталышындагы биринчи форумуна катышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 20–22-ноябрда уюштурулган эл аралык форумга ШКУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин, ошондой эле диалог боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын делегациясын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов жетектеди. Ал өз сөзүндө кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын сактоонун маанисине, көчмөн цивилизациясынын өзгөчөлүгүнө жана анын дүйнөлүк маданияттагы ордуна токтолду. Ошондой эле "Манас" эпосун дүйнөгө таанытуу, улуттук каада-салттарды сактоо жана элдер ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө маселелери талкууланды. Бул багытта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүдөгү өзгөчө ролу белгиленди.
Кыргызстанда дыйкан-фермерлер айыл чарба техникасын, ал эми кайра иштетүүчү ишканалар керектүү жабдууларды жеңилдетилген шартта лизингге алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, долбоорду каржылоо үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан 45 млн доллар өлчөмүндө инвестициялык кредит тартылган. Программанын алкагында айыл чарба жана атайын техникаларды, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалар үчүн машиналарды жана жабдууларды лизингге алууга болот. Лизингдин негизги шарттары: Жылдык үстөк чени — 6%; Лизинг мөөнөтү — 7 жылга чейин; Каржылоо — "АБанк" жана "Элдик Банк" аркылуу жүргүзүлөт. Маалыматка ылайык, долбоордун биринчи этабы 2026–2030-жылдарга белгиленген. Ал эми программаны толук ишке ашыруу 2050-жылга чейин каралган.
Келечекте Россияга НАТО тараптан коркунуч болбой турганы боюнча кепилдик берүүгө АКШ болгон аракетин көрүп жатат. Бул тууралуу Дональд Трамптын атайын өкүлү Жаред Кушнер айтканын РИА Новости жазды. Кушнер ошондой эле Киевге берилчү кепилдиктер менен Европадагы коопсуздук байланыштуу экенин, негизи эле чыр-чатактарды азайтуу үчүн кыйла натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгуу зарыл экенин айтты. Буга чейин Москва Европада НАТО кулачын жайып жатканына тынчсыздануусун бир нече жолу билдирген. Ошентсе да өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги альянс менен тең укуктуу негизде диалогго ачык экенин айтып келет. Негизги талап — НАТО Батыш өлкөлөрүн аскердик багытта күчтөнтүүнү токтотушу керек. Ал эми Россия президенти Владимир Путин Москва альянска мүчө өлкөлөргө кол салууну көздөбөй турганын, тескерисинче, батыш саясатчылары ички көйгөйлөрдөн элин алаксытуу үчүн коркутуп жатканын бир нече ирет түшүндүргөн.
Кыргызстанда акыркы беш жылда билим берүү тармагында беш багыт боюнча өзгөрүүлөр ишке ашырылды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бала бакчалар менен камтуу 39 пайыздан 51 пайызга жетип, натыйжада 61 миңден ашуун бала кошумча камтылды. Өлкөдө 12 жылдык билим берүүгө өтүү башталып, 73 миң мугалим окутулду. Кесиптик билим берүүдө 52 жаңы стандарт бекитилип, 71 лицейде дуалдык окутуу киргизилди. Акыркы беш жылда өлкөдө 800дөн ашык билим берүү объектиси курулуп, оңдолду. Анын ичинде 482 мектеп жана 165 бала бакча жаңыдан салынды.Кыргызстандын делегациясы Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) "Цивилизациялар диалогу" аталышындагы биринчи форумуна катышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 20–22-ноябрда уюштурулган эл аралык форумга ШКУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин, ошондой эле диалог боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын делегациясын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов жетектеди. Ал өз сөзүндө кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын сактоонун маанисине, көчмөн цивилизациясынын өзгөчөлүгүнө жана анын дүйнөлүк маданияттагы ордуна токтолду. Ошондой эле "Манас" эпосун дүйнөгө таанытуу, улуттук каада-салттарды сактоо жана элдер ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө маселелери талкууланды. Бул багытта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүдөгү өзгөчө ролу белгиленди. Кыргызстанда дыйкан-фермерлер айыл чарба техникасын, ал эми кайра иштетүүчү ишканалар керектүү жабдууларды жеңилдетилген шартта лизингге алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, долбоорду каржылоо үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан 45 млн доллар өлчөмүндө инвестициялык кредит тартылган. Программанын алкагында айыл чарба жана атайын техникаларды, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалар үчүн машиналарды жана жабдууларды лизингге алууга болот. Лизингдин негизги шарттары: Жылдык үстөк чени — 6%; Лизинг мөөнөтү — 7 жылга чейин; Каржылоо — "АБанк" жана "Элдик Банк" аркылуу жүргүзүлөт. Маалыматка ылайык, долбоордун биринчи этабы 2026–2030-жылдарга белгиленген. Ал эми программаны толук ишке ашыруу 2050-жылга чейин каралган.Келечекте Россияга НАТО тараптан коркунуч болбой турганы боюнча кепилдик берүүгө АКШ болгон аракетин көрүп жатат. Бул тууралуу Дональд Трамптын атайын өкүлү Жаред Кушнер айтканын РИА Новости жазды. Кушнер ошондой эле Киевге берилчү кепилдиктер менен Европадагы коопсуздук байланыштуу экенин, негизи эле чыр-чатактарды азайтуу үчүн кыйла натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгуу зарыл экенин айтты. Буга чейин Москва Европада НАТО кулачын жайып жатканына тынчсыздануусун бир нече жолу билдирген. Ошентсе да өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги альянс менен тең укуктуу негизде диалогго ачык экенин айтып келет. Негизги талап — НАТО Батыш өлкөлөрүн аскердик багытта күчтөнтүүнү токтотушу керек. Ал эми Россия президенти Владимир Путин Москва альянска мүчө өлкөлөргө кол салууну көздөбөй турганын, тескерисинче, батыш саясатчылары ички көйгөйлөрдөн элин алаксытуу үчүн коркутуп жатканын бир нече ирет түшүндүргөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/17/1105069503_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4c2546cc29a8779f71825d396c20b034.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио