Драматургияга дарыгерликтен келген. Токтоболот Абдумомуновдун сүрөттөгү ирмемдери
Драматургияга дарыгерликтен келген. Токтоболот Абдумомуновдун сүрөттөгү ирмемдери
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн – таланттуу драматург Токтоболот Абдумомуновдун туулган күнү. Залкар калемгердин 100 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги... 15.08.2022, Sputnik Кыргызстан
Токтоболот Абдумомунов 1922-жылы 15-августта Кеминдины Жаңы-Алыш айылында жарык дүйнөгө келген. Алгач Фрунзедеги медициналык техникумда окуп, 1938-жылы фельдшер күбөлүгүн алып, Ош облусунун Гүлчө (азыркы Алай) районунун Жошолу айылында дарыгер болуп иштеген. Бирок медицинада көпкө кармалбай чыгармачылык менен кеткен. Кийин басмаканада, республикалык радиокомитетте, "Ленин жолу" гезитинде, "СССР Жогорку Советинин ведомосттору" басылмасында, "Советтик Кыргызстан" журналында кабарчы, котормочу, корректор, редактор болуп эмгектенген.Алгачкы "Кумдуу чап" пьесасы 1947-жылы сахналаштырылган. Андан соң "Замандаштар", "Борбаш", "Курман", "Тар капчыгай", "Атабектин кызы" драмалары театрда коюлуп, КРдин эл жазуучусу 1967-жылы "Сүйүү жана үмүт", "Абийир кечирбейт" пьесалары үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. "Абийир кечирбейт" эле 40тан ашык театрда ийгиликтүү коюлган.Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун биринчи катчысы таарынышып жүргөн акын-жазуучуларды элдештирип, элеттен келген жаштардан жардамын аяган эмес. Токтоболот Абдумомунов 1989-жылы 67 жашында көз жумган.Драматургдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.Тема боюнча:
Бүгүн – таланттуу драматург Токтоболот Абдумомуновдун туулган күнү. Залкар калемгердин 100 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Токтоболот Абдумомунов 1922-жылы 15-августта Кеминдины Жаңы-Алыш айылында жарык дүйнөгө келген. Алгач Фрунзедеги медициналык техникумда окуп, 1938-жылы фельдшер күбөлүгүн алып, Ош облусунун Гүлчө (азыркы Алай) районунун Жошолу айылында дарыгер болуп иштеген. Бирок медицинада көпкө кармалбай чыгармачылык менен кеткен. Кийин басмаканада, республикалык радиокомитетте, "Ленин жолу" гезитинде, "СССР Жогорку Советинин ведомосттору" басылмасында, "Советтик Кыргызстан" журналында кабарчы, котормочу, корректор, редактор болуп эмгектенген.
Алгачкы "Кумдуу чап" пьесасы 1947-жылы сахналаштырылган. Андан соң "Замандаштар", "Борбаш", "Курман", "Тар капчыгай", "Атабектин кызы" драмалары театрда коюлуп, КРдин эл жазуучусу 1967-жылы "Сүйүү жана үмүт", "Абийир кечирбейт" пьесалары үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. "Абийир кечирбейт" эле 40тан ашык театрда ийгиликтүү коюлган.
Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун биринчи катчысы таарынышып жүргөн акын-жазуучуларды элдештирип, элеттен келген жаштардан жардамын аяган эмес. Токтоболот Абдумомунов 1989-жылы 67 жашында көз жумган.
Драматургдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.
Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Казы Дыйканбаев, Компартиянын борбордук комитетинин катчысы Исхак Раззаков, акын Насирдин Байтемиров жана драматург Токтоболот Абдумомунов. Москва шаары, 1958-жыл.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айматов, белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиева, киносценарист Шаршен Усубалиев, драматург Токтоболот Абдумомунов. Москва шаары, 1960-жыл.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айматов, белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиева, киносценарист Шаршен Усубалиев, драматург Токтоболот Абдумомунов. Москва шаары, 1960-жыл.
Кызыл аянтта кызуу баарлашкан кесиптештер. СССРдин Жазуучулар союзунун төрагасы Константин Федин менен Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун биринчи катчысы Токтоболот Абдумомунов.
Кызыл аянтта кызуу баарлашкан кесиптештер. СССРдин Жазуучулар союзунун төрагасы Константин Федин менен Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун биринчи катчысы Токтоболот Абдумомунов.
Кыргыз адабияты, маданиятынын чолпон жылдыздары: биринчи катарда отурган драматург Токтоболот Абдумомунов, актер, театр режиссеру Абдыашым Көбөгөнов, акын, комузчу Турсунов. Экинчи катарда тургандар: белгилүү актер Бакирдин Алиев, төкмө акын Эстебес Турсуналиев, музыка таануучу Балбай Алагушев. Фрунзе, 1984-жыл.

Кремлде сейилдеген акын-жазуучулар. Солдон оңду көздөй биринчи турган Токтоболот Абдумомунов, экинчи турган Аалы Токомбаев, бешинчи турган прозаик Николай Чекменов, алтынчы Түгөлбай Сыдыкбеков, жетинчи акын Темиркул Үмөталиев, сегизинчи Кубанычбек Маликов.

Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер катуу оорудан улам 67 жашында кайтыш болгон. Анын ысымын азыр борбор калаадагы бир көчө жана улуттук драма театры алып жүрөт.
Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер катуу оорудан улам 67 жашында кайтыш болгон. Анын ысымын азыр борбор калаадагы бир көчө жана улуттук драма театры алып жүрөт.