https://sputnik.kg/20261123/1105058766.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
"ЭлКат" мамлекеттик компаниясы Кыргызстанга эл аралык интернет-трафикти жеткирүүчү жалгыз оператор болот. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алды... 23.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-23T08:59+0600
2026-11-23T08:59+0600
2026-11-23T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/17/1105058600_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7bb4adb8e91b7fc8e7c9008575b04882.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
"ЭлКат" мамлекеттик компаниясы Кыргызстанга эл аралык интернет-трафикти жеткирүүчү жалгыз оператор болот. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алды. Маалыматка караганда, аталган компанияга бул багытта мөөнөтсүз өзгөчө укук берилет. "Башка интернет-провайдерлерге эл аралык байланыш каналдары боюнча келишимдерин "ЭлКатка“ өткөрүп, интернет-трафикти анын инфраструктурасы аркылуу гана алуу сунушталды", — деп айтылат токтомдо. Бул үчүн аларга токтом күчүнө киргенден кийин 60 күн убакыт берилмекчи. Мындай чечим өлкөнүн санариптик эгемендүүлүгүн бекемдөө, эл аралык маалымат агымдарына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана улуттук коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынган.
Бишкекте вакцина сактаган жаңы кампа ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, жалпы аянты 130 чарчы метр болгон эки кабат кампа баштан аяк жаңы салынган. Долбоордун баасы 10 миллион сомго чукулдаган. Имарат толугу менен эмдегенге керектүү дары-дармектерди сактаганга ылайыкташкан. Мында 350 миңдей балага жете турган вакцина сакталат. "Вакциналарды сактоо үчүн заманбап шарт түзүү алардын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле калкты иммундаштыруу системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет", — деди саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов.
Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда орто эсеп менен сегиз жылга узак жашайт. Бул тууралуу эксперт Татьяна Злобина Бишкекте өткөн "Кыргызстандагы калктын картаюусу жана жакырчылык" аттуу иш-чарада билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы аялдардын орточо жашоо узактыгы 76,9 жашты, эркектердики 68,7 жашты түзгөн. Айырма — 8,2 жыл. Злобина белгилегендей, өлкөдө 65 жаштан өткөндөрдүн саны да көбөйүүдө. Үстүбүздөгү жылдын башында Кыргызстанда бул курактагы 475 миңден ашык адам жашаган. Алар жалпы калктын 6,4 пайызын түзгөн. Эксперттин белгилешинче, БУУнун критерийлерине ылайык, калктын 65 жаштан жогоркуларынын үлүшү 7 пайыздан ашса, өлкө демографиялык картаюу баскычына өткөн болуп эсептелет. Божомолдор боюнча, Кыргызстанда бул көрсөткүч 2030-жылга карата 7 пайыздан ашып, 2050-жылы калктын жалпы санынын 10 пайызына жетиши мүмкүн. Ошондой эле 2021-2025-жылдары эмгекке жарамдуу курактан өткөн адамдардын саны 24,8 пайызга көбөйгөн. Злобина бул курактагы калктын үчтөн экисин аялдар түзөрүн кошумчалады.
"ЭлКат" мамлекеттик компаниясы Кыргызстанга эл аралык интернет-трафикти жеткирүүчү жалгыз оператор болот. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алды. Маалыматка караганда, аталган компанияга бул багытта мөөнөтсүз өзгөчө укук берилет. "Башка интернет-провайдерлерге эл аралык байланыш каналдары боюнча келишимдерин "ЭлКатка“ өткөрүп, интернет-трафикти анын инфраструктурасы аркылуу гана алуу сунушталды", — деп айтылат токтомдо. Бул үчүн аларга токтом күчүнө киргенден кийин 60 күн убакыт берилмекчи. Мындай чечим өлкөнүн санариптик эгемендүүлүгүн бекемдөө, эл аралык маалымат агымдарына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана улуттук коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынган.Бишкекте вакцина сактаган жаңы кампа ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, жалпы аянты 130 чарчы метр болгон эки кабат кампа баштан аяк жаңы салынган. Долбоордун баасы 10 миллион сомго чукулдаган. Имарат толугу менен эмдегенге керектүү дары-дармектерди сактаганга ылайыкташкан. Мында 350 миңдей балага жете турган вакцина сакталат. "Вакциналарды сактоо үчүн заманбап шарт түзүү алардын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле калкты иммундаштыруу системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет", — деди саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов.Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда орто эсеп менен сегиз жылга узак жашайт. Бул тууралуу эксперт Татьяна Злобина Бишкекте өткөн "Кыргызстандагы калктын картаюусу жана жакырчылык" аттуу иш-чарада билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы аялдардын орточо жашоо узактыгы 76,9 жашты, эркектердики 68,7 жашты түзгөн. Айырма — 8,2 жыл. Злобина белгилегендей, өлкөдө 65 жаштан өткөндөрдүн саны да көбөйүүдө. Үстүбүздөгү жылдын башында Кыргызстанда бул курактагы 475 миңден ашык адам жашаган. Алар жалпы калктын 6,4 пайызын түзгөн. Эксперттин белгилешинче, БУУнун критерийлерине ылайык, калктын 65 жаштан жогоркуларынын үлүшү 7 пайыздан ашса, өлкө демографиялык картаюу баскычына өткөн болуп эсептелет. Божомолдор боюнча, Кыргызстанда бул көрсөткүч 2030-жылга карата 7 пайыздан ашып, 2050-жылы калктын жалпы санынын 10 пайызына жетиши мүмкүн. Ошондой эле 2021-2025-жылдары эмгекке жарамдуу курактан өткөн адамдардын саны 24,8 пайызга көбөйгөн. Злобина бул курактагы калктын үчтөн экисин аялдар түзөрүн кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/17/1105058600_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_83cf53095701fad1fcc3226222f7b075.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио