https://sputnik.kg/20261123/1105070646.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү системасын кеңейтүү пландалууда. Бул багытта Юстиция министрлиги төрт негизги багыт боюнча... 23.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-23T15:00+0600
2026-11-23T15:00+0600
2026-11-23T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/17/1105070480_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4e81019a8a399574d0ab32be0679d85d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү системасын кеңейтүү пландалууда. Бул багытта Юстиция министрлиги төрт негизги багыт боюнча демилгелерди көтөрүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын имараттарына Юридикалык жардам кызматынын координаторлорун жайгаштыруу жана кызматкерлердин санын көбөйтүү каралууда. Бул чаралар калкка юридикалык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган. Мындан тышкары, жер жана кыймылсыз мүлккө байланыштуу талаш-тартыштарды мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүлүүчү иштердин тизмесине киргизүү сунушталууда. Учурда жарандар акысыз юридикалык жардамды бир нече канал аркылуу ала алышат. Алардын катарында 114 ишеним телефону, жасалма интеллект жардамчысы иштеген jardam.kg порталы жана "Тилектештик автобусунун" көчмө кабыл алуулары бар.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар — автожол" өткөрмө пункту 2027-жылдын соңуна чейин автоунаалар үчүн жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. "23-ноябрдан баштап унаалар жарым-жартылай чектөө менен өтө баштаса, 25-ноябрдан тарта эки тарапка тең каттоо токтотулат. Бирок жөө адамдар мурдагыдай эле өтө беришет", — деп айтылат билдирүүдө. Чектөөлөр коңшу Казакстан тараптагы "Сыпатай Батыр — автожол" бекетинде жүрүп жаткан капиталдык курулуш иштерине байланыштуу киргизилүүдө. Казак тараптын алдын ала маалыматы боюнча, унаалардын кыймылы 2027-жылдын аягында гана калыбына келтирилет. Чек ара кызматы айдоочуларды жана жүк ташуучуларды каттамдарын алдын ала пландап, Чүй облусундагы "Ак-Жол", "Ак-Тилек", "Кең-Булуң" жана "Токмок" пунктуларын колдонууга чакырат.
Бишкек шаарында 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталганын мэрия билдирди. 114 гектарды ээлеген жер сокулуктун Белек айылынын жанында. Бул жерге 10 миң көрүүчү сыя турган ипподром жана көк бөрү өтө турган 25 миң кишилик арена түшөт. Курулушту көргөнү барган мэр жер алдында унаа токтотуучу жай куруу маселесин карап чыгууну тапшырды. Анын айтымында, жер үстүндөгү бошогон аянт элдин сейилдөөсү үчүн жашылдандырылышы шарт.
Европа биримдигинде Украинаны 2027-жылга карата каржылоо жана жети жылдык бюджет маселесинин тегерегинде тирешүү күчөп жатат. Бул тууралуу Politico өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазды. Басылма менен маектешкендердин бири алдыдагы сүйлөшүүлөр тууралуу пикирин билдирип жатып, эми европалык чиновниктер “чындап мушташа” баштаганын белгилеген. Анын айтымында, Еврокеңештин башчысы Антониу Коштанын бюджет боюнча сунушу Францияга көбүрөөк пайдалуу, себеби анда айыл чарба субсидияларын сактап калуу каралган. Бирок Париж долбоорду сынга алып (франциялык фермерлердин кирешесине кепилдик бербейт деген жүйө келтирген), ЕБнин чыгымын азайтууга жан үрөп жаткан мамлекеттердин таландысында калды. Тирешүүгө Google жана Meta* баштаган ири технологиялык компаниялардан санариптик төлөм чогултуу демилгеси да себеп болууда. Евродипломаттардын бири мындай чара АКШнын нааразычылыгын жаратарын айткан. Сунушка технологиялык индустриянын өкүлдөрү да каршылыгын билдирип жатышат. Евробиримдикте Украинаны каржылоо маселеси да ачык бойдон калууда. бири мындай чара АКШнын нааразычылыгын жаратарын айткан. Сунушка технологиялык индустриянын өкүлдөрү да каршылыгын билдирип жатышат. Евробиримдикте Украинаны каржылоо маселеси да ачык бойдон калууда.
Кыргызстанда жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү системасын кеңейтүү пландалууда. Бул багытта Юстиция министрлиги төрт негизги багыт боюнча демилгелерди көтөрүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын имараттарына Юридикалык жардам кызматынын координаторлорун жайгаштыруу жана кызматкерлердин санын көбөйтүү каралууда. Бул чаралар калкка юридикалык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган. Мындан тышкары, жер жана кыймылсыз мүлккө байланыштуу талаш-тартыштарды мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүлүүчү иштердин тизмесине киргизүү сунушталууда. Учурда жарандар акысыз юридикалык жардамды бир нече канал аркылуу ала алышат. Алардын катарында 114 ишеним телефону, жасалма интеллект жардамчысы иштеген jardam.kg порталы жана "Тилектештик автобусунун" көчмө кабыл алуулары бар. Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар — автожол" өткөрмө пункту 2027-жылдын соңуна чейин автоунаалар үчүн жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. "23-ноябрдан баштап унаалар жарым-жартылай чектөө менен өтө баштаса, 25-ноябрдан тарта эки тарапка тең каттоо токтотулат. Бирок жөө адамдар мурдагыдай эле өтө беришет", — деп айтылат билдирүүдө. Чектөөлөр коңшу Казакстан тараптагы "Сыпатай Батыр — автожол" бекетинде жүрүп жаткан капиталдык курулуш иштерине байланыштуу киргизилүүдө. Казак тараптын алдын ала маалыматы боюнча, унаалардын кыймылы 2027-жылдын аягында гана калыбына келтирилет. Чек ара кызматы айдоочуларды жана жүк ташуучуларды каттамдарын алдын ала пландап, Чүй облусундагы "Ак-Жол", "Ак-Тилек", "Кең-Булуң" жана "Токмок" пунктуларын колдонууга чакырат. Бишкек шаарында 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталганын мэрия билдирди. 114 гектарды ээлеген жер сокулуктун Белек айылынын жанында. Бул жерге 10 миң көрүүчү сыя турган ипподром жана көк бөрү өтө турган 25 миң кишилик арена түшөт. Курулушту көргөнү барган мэр жер алдында унаа токтотуучу жай куруу маселесин карап чыгууну тапшырды. Анын айтымында, жер үстүндөгү бошогон аянт элдин сейилдөөсү үчүн жашылдандырылышы шарт. Европа биримдигинде Украинаны 2027-жылга карата каржылоо жана жети жылдык бюджет маселесинин тегерегинде тирешүү күчөп жатат. Бул тууралуу Politico өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазды. Басылма менен маектешкендердин бири алдыдагы сүйлөшүүлөр тууралуу пикирин билдирип жатып, эми европалык чиновниктер “чындап мушташа” баштаганын белгилеген. Анын айтымында, Еврокеңештин башчысы Антониу Коштанын бюджет боюнча сунушу Францияга көбүрөөк пайдалуу, себеби анда айыл чарба субсидияларын сактап калуу каралган. Бирок Париж долбоорду сынга алып (франциялык фермерлердин кирешесине кепилдик бербейт деген жүйө келтирген), ЕБнин чыгымын азайтууга жан үрөп жаткан мамлекеттердин таландысында калды. Тирешүүгө Google жана Meta* баштаган ири технологиялык компаниялардан санариптик төлөм чогултуу демилгеси да себеп болууда. Евродипломаттардын бири мындай чара АКШнын нааразычылыгын жаратарын айткан. Сунушка технологиялык индустриянын өкүлдөрү да каршылыгын билдирип жатышат. Евробиримдикте Украинаны каржылоо маселеси да ачык бойдон калууда. бири мындай чара АКШнын нааразычылыгын жаратарын айткан. Сунушка технологиялык индустриянын өкүлдөрү да каршылыгын билдирип жатышат. Евробиримдикте Украинаны каржылоо маселеси да ачык бойдон калууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/17/1105070480_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9a315add7ced6c3be1e02dbab22db0b2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио