https://sputnik.kg/20261124/1105085714.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев өз командасынын алдында дем берүүчү сөз сүйлөп жатып, ушундай ыргак менен 2–3 жылдын ичинде калааны жаңы деңгээлге чыгарып... 24.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-24T13:00+0600
2026-11-24T13:00+0600
2026-11-24T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/18/1105085548_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0b23af185c39fc674173cc914fab9e9a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев өз командасынын алдында дем берүүчү сөз сүйлөп жатып, ушундай ыргак менен 2–3 жылдын ичинде калааны жаңы деңгээлге чыгарып, өзгөртүүгө болот деген оюн айтты. Шаар башчысы муниципалитеттин күчү менен 2021-жылдан бери жолдор курулуп, "Жаштык" аренасы жана "Эмгек резервдери" спорт комплекси оңдоп-түзөөдөн өткөнүн эске салды. "Биз шаарды өзгөртө алабыз жана муну ишке ашырабыз. Ушундай темп менен 2–3 жылдан кийин Бишкекти жаңы деңгээлге чыгарабыз. 2028-жылы Бишкекке 150 жыл болот, Шаар күнүн мамлекеттик деңгээлде өткөрүү зарыл. Ал убакытка чейин курулуш жана инфраструктура жаатында тиешелүү чечимдерди кабыл алышыбыз керек", — деди калаа башчысы.
Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Маманов билдирди. Анын айтымында, учурда кайсы ведомство бул тыюуну киргизери чечилип жатат. “Тыюу салынгандан улам бюджет 1,5 миллиард сом киреше албай калат. Өлкөдө бир гана өндүрүүчү ("Абдыш-Ата" ишканасы) жана 52 импорттоочу бар, алардын 26сы суусундуктарды ЕАЭСке кирбеген үчүнчү өлкөлөрдөн алып келишет. Бүгүнкү күндө тыюу салууга каршы чыккан тараптар жок”, — деди Маманов. Ал эми Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов жарандардын ден соолугу баарынан биринчи турарын кошумчалады. Белгилей кетсек, буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору даярдалган.
Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы 2,5–3 айга чейин жетет. Бул тууралуу Салык кызматындагы маалымат жыйынында белгилүү болду. Аталган кызматтын төрагасынын орун басары Нурлан Маманов учурда 292 миң тонна мунай продуктусуна субсидия берилип, ага 5 миллиард 390 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди. “Учурда кара май Россиядан тышкары Кытайдан жана Түркмөнстандан келип жатат”, — деди Маманов. Сөзүнүн аягында адис рынокто эч кандай ажиотаж жок, абал туруктуу экенин айтты. Ошондой эле республикада жети мунай иштетүүчү завод иштеп жатканын, алардын да мунай сактоочу кампалары толуп турганын кошумчалады.
АКШнын президенти Дональд Трамп Юстиция министрлигине балдарды өлтүргөндөргө, зордуктагандарга жана адам сатуу менен алектенгендерге өлүм жазасын талап кылууну тапшырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Бир аздан кийин мен Юстиция министрлигине балдарды өлтүргөндөр, зордуктап же адам сатуу менен алектенип, өз курмандыктарынын өмүрүн кыйгандарга карата өлүм жазасын талап кылуу тапшырмасын берген президенттик тескемеге кол коем", — деп билдирди ал маалымат жыйынында. Трамп муну менен катар эле башкы прокурорго өлүм жазасын аткарууну тездетүүнү тапшырды. "Калыстар тобу чечим чыгаргандан кийин өлүм жазасы тез арада жана кыйшаюусуз аткарылат", — деген ал. Бул билдирүү Калифорния штатындагы окуядан кийин жасалды. Штаттын губернатору Гэвин Ньюсом өлүмгө өкүм кылынган 548 адамдын жазасын жеңилдетип, өлүм жазасынын ордуна өмүрүнүн акырына чейин түрмөдө калтыруу чечимин кабыл алган. Жетекчи муну адамдын жанын кыюу Калифорниянын баалуулуктарына туура келбегени менен түшүндүргөн. Аталган штатта өлүм жазасы боюнча чыккан өкүмдөр иш жүзүндө 2006-жылдын январь айынан бери аткарыла элек.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев өз командасынын алдында дем берүүчү сөз сүйлөп жатып, ушундай ыргак менен 2–3 жылдын ичинде калааны жаңы деңгээлге чыгарып, өзгөртүүгө болот деген оюн айтты. Шаар башчысы муниципалитеттин күчү менен 2021-жылдан бери жолдор курулуп, "Жаштык" аренасы жана "Эмгек резервдери" спорт комплекси оңдоп-түзөөдөн өткөнүн эске салды. "Биз шаарды өзгөртө алабыз жана муну ишке ашырабыз. Ушундай темп менен 2–3 жылдан кийин Бишкекти жаңы деңгээлге чыгарабыз. 2028-жылы Бишкекке 150 жыл болот, Шаар күнүн мамлекеттик деңгээлде өткөрүү зарыл. Ал убакытка чейин курулуш жана инфраструктура жаатында тиешелүү чечимдерди кабыл алышыбыз керек", — деди калаа башчысы. Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Маманов билдирди. Анын айтымында, учурда кайсы ведомство бул тыюуну киргизери чечилип жатат. “Тыюу салынгандан улам бюджет 1,5 миллиард сом киреше албай калат. Өлкөдө бир гана өндүрүүчү ("Абдыш-Ата" ишканасы) жана 52 импорттоочу бар, алардын 26сы суусундуктарды ЕАЭСке кирбеген үчүнчү өлкөлөрдөн алып келишет. Бүгүнкү күндө тыюу салууга каршы чыккан тараптар жок”, — деди Маманов. Ал эми Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов жарандардын ден соолугу баарынан биринчи турарын кошумчалады. Белгилей кетсек, буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору даярдалган.Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы 2,5–3 айга чейин жетет. Бул тууралуу Салык кызматындагы маалымат жыйынында белгилүү болду. Аталган кызматтын төрагасынын орун басары Нурлан Маманов учурда 292 миң тонна мунай продуктусуна субсидия берилип, ага 5 миллиард 390 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди. “Учурда кара май Россиядан тышкары Кытайдан жана Түркмөнстандан келип жатат”, — деди Маманов. Сөзүнүн аягында адис рынокто эч кандай ажиотаж жок, абал туруктуу экенин айтты. Ошондой эле республикада жети мунай иштетүүчү завод иштеп жатканын, алардын да мунай сактоочу кампалары толуп турганын кошумчалады.АКШнын президенти Дональд Трамп Юстиция министрлигине балдарды өлтүргөндөргө, зордуктагандарга жана адам сатуу менен алектенгендерге өлүм жазасын талап кылууну тапшырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Бир аздан кийин мен Юстиция министрлигине балдарды өлтүргөндөр, зордуктап же адам сатуу менен алектенип, өз курмандыктарынын өмүрүн кыйгандарга карата өлүм жазасын талап кылуу тапшырмасын берген президенттик тескемеге кол коем", — деп билдирди ал маалымат жыйынында. Трамп муну менен катар эле башкы прокурорго өлүм жазасын аткарууну тездетүүнү тапшырды. "Калыстар тобу чечим чыгаргандан кийин өлүм жазасы тез арада жана кыйшаюусуз аткарылат", — деген ал. Бул билдирүү Калифорния штатындагы окуядан кийин жасалды. Штаттын губернатору Гэвин Ньюсом өлүмгө өкүм кылынган 548 адамдын жазасын жеңилдетип, өлүм жазасынын ордуна өмүрүнүн акырына чейин түрмөдө калтыруу чечимин кабыл алган. Жетекчи муну адамдын жанын кыюу Калифорниянын баалуулуктарына туура келбегени менен түшүндүргөн. Аталган штатта өлүм жазасы боюнча чыккан өкүмдөр иш жүзүндө 2006-жылдын январь айынан бери аткарыла элек.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/18/1105085548_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b560b7e650bbfb37e7fdf565aa43d19d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио