https://sputnik.kg/20261116/1104931318.html
Бүгүнкү күндө Евразиянын транспорттук коридорлорун ким башкарат?

Sputnik Кыргызстан
Акыркы 35 жылдан бери биздин экономикада логистика маселеси жакшы жолго коюлбай келет. Жалпысынан Борбор Азия өлкөлөрү логистиканы уюштуруу жагынан аксап... 16.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-16T19:05+0600
2026-11-16T19:05+0600
2026-11-16T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/10/1104931148_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_81934487eb16b972763f66f16a43975a.jpg
Бүгүнкү күндө Евразиянын транспорттук коридорлорун ким башкарат?
Sputnik Кыргызстан
Акыркы 35 жылдан бери биздин экономикада логистика маселеси жакшы жолго коюлбай келет. Жалпысынан Борбор Азия өлкөлөрү логистиканы уюштуруу жагынан аксап жатышат. Бул тууралуу “Экономикалык панорама” уктуруусунда экономист Улукман Мамытов билдирди.Анын айтымында, Борбор Азияда негизинен жүк ташуу менен чакан жеке ишкерлер алектенип келишет.
“Улуу Жибек жолу — бул аймагыбыздын логистикалык тарыхынын көрсөткүчү. Миң жыл мурун Жибек жолунда атайын бирдиктүү жол болгон эмес. Кербендер ар бир 30–40 чакырым сайын Таш-Рабат сыяктуу таштан курулган кербен сарайларда токтоп, эс алып, жүктөрүн түшүрүп, кайра жолун улантышкан. Мындай аралык жүк ташыган төөнүн бир күндө басып өтө алган жолуна жараша эсептелген. Таш-Рабат сыяктуу жайларды ошол мезгилдеги бай соодагерлер уюштуруп, иштетишкен. Башкача айтканда, алар азыркы тил менен айтканда, мейманкана бизнесин өнүктүрүшкөн. Кытайдан Иранга чейинки аймакта, анын ичинде Согдианада соода-сатык абдан жигердүү жүргөн. Мен тарыхтагы ушул мисалдарды изилдеп чыктым. Ошондо эле логистиканы уюштуруу жакшы жолго коюлганын көрүүгө болот. Ал эми акыркы 35 жылдан бери биздин экономикада логистика маселеси жакшы жолго коюлбай келет. Жалпысынан Борбор Азия өлкөлөрү логистиканы уюштуруу жагынан аксап жатышат. Мисалы, Казакстандын чек арасында жүк ташыган фуралардын узак убакытка чейин туруп калышы — өнөкөт көйгөйгө айланды. Бүгүнкү күндө Евразияда бир нече ири транспорттук багыттар өнүгүп жатат. Алардын катарында Кытай – Европа багыты, Түндүк – Түштүк коридору, Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу бар. Бирок бизде азырынча логистиканы системалуу түрдө алып бара турган, ири жана жакшы уюшулган компаниялар жок”, — деди Мамытов.
Экономист Кыргызстан жөн гана транзиттик өлкө болбостон, аймактык логистикалык хабга айланса, бул экономикага олуттуу пайда алып келерин кошумчалады.
Акыркы 35 жылдан бери биздин экономикада логистика маселеси жакшы жолго коюлбай келет. Жалпысынан Борбор Азия өлкөлөрү логистиканы уюштуруу жагынан аксап жатышат. Бул тууралуу “Экономикалык панорама” уктуруусунда экономист Улукман Мамытов билдирди.Анын айтымында, Борбор Азияда негизинен жүк ташуу менен чакан жеке ишкерлер алектенип келишет.“Улуу Жибек жолу — бул аймагыбыздын логистикалык тарыхынын көрсөткүчү. Миң жыл мурун Жибек жолунда атайын бирдиктүү жол болгон эмес. Кербендер ар бир 30–40 чакырым сайын Таш-Рабат сыяктуу таштан курулган кербен сарайларда токтоп, эс алып, жүктөрүн түшүрүп, кайра жолун улантышкан. Мындай аралык жүк ташыган төөнүн бир күндө басып өтө алган жолуна жараша эсептелген. Таш-Рабат сыяктуу жайларды ошол мезгилдеги бай соодагерлер уюштуруп, иштетишкен. Башкача айтканда, алар азыркы тил менен айтканда, мейманкана бизнесин өнүктүрүшкөн. Кытайдан Иранга чейинки аймакта, анын ичинде Согдианада соода-сатык абдан жигердүү жүргөн. Мен тарыхтагы ушул мисалдарды изилдеп чыктым. Ошондо эле логистиканы уюштуруу жакшы жолго коюлганын көрүүгө болот. Ал эми акыркы 35 жылдан бери биздин экономикада логистика маселеси жакшы жолго коюлбай келет. Жалпысынан Борбор Азия өлкөлөрү логистиканы уюштуруу жагынан аксап жатышат. Мисалы, Казакстандын чек арасында жүк ташыган фуралардын узак убакытка чейин туруп калышы — өнөкөт көйгөйгө айланды. Бүгүнкү күндө Евразияда бир нече ири транспорттук багыттар өнүгүп жатат. Алардын катарында Кытай – Европа багыты, Түндүк – Түштүк коридору, Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу бар. Бирок бизде азырынча логистиканы системалуу түрдө алып бара турган, ири жана жакшы уюшулган компаниялар жок”, — деди Мамытов.Экономист Кыргызстан жөн гана транзиттик өлкө болбостон, аймактык логистикалык хабга айланса, бул экономикага олуттуу пайда алып келерин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/10/1104931148_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fdf87d832b3751c9b79acc8f2fce058e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Бүгүнкү күндө Евразиянын транспорттук коридорлорун ким башкарат?
19:05 16.11.2026 (Жаңыртылды: 19:16 16.11.2026) Коноктор
Улукман Мамытов, экономист-изилдөөчү