https://sputnik.kg/20261124/1105093910.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө алдамчылык тууралуу 102ге кабар түшөрү менен банктык эсептерди тоңдуруучу система сыналып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин... 24.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-24T17:00+0600
2026-11-24T17:00+0600
2026-11-24T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/18/1105093744_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ee7390161128d6e81def723d7e789875.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө алдамчылык тууралуу 102ге кабар түшөрү менен банктык эсептерди тоңдуруучу система сыналып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди. Анын айтымында, "антифрод" системасына 26 коммерциялык банк туташтырылган. Жабырлануучу 102ге кайрылып тиешелүү эсептердин реквизитин туура берсе, кызматкер маалыматты системага киргизет. Банктар аны алып, көрсөтүлгөн эсептерди дароо 30 күнгө бөгөттөйт. Учурда 102 кызматынын адистери системаны колдонууну үйрөнүп жатышат. Жакын арада пилоттук режимге өткөрүү пландалууда. Коңкубаева системаны толук ишке киргизүү үчүн Улуттук банк менен ИИМ маалымат алмашуу тартибин жана жоопкерчиликти аныктаган актыларды кабыл алышы керектигин белгиледи. Мында жеке маалыматтарды жана банктык сырды коргоо маселелери да каралат.
Окуучуларга кысым көрсөтүп, насыя алууга мажбурлаган учурлар болуп жатат. Бул тууралуу депутат Бурун Аманова Жогорку Кеңеште айтып чыкты. Эл өкүлү бул маселе зордук-зомбулукка каршы тегерек столдо көтөрүлгөнүн билдирди. Анда мектеп психологу атайын топтор же жогорку класстын окуучулары башка балдарды коркутуп, насыя алууга мажбурлап жатканын айтып берген. Депутат айрым окуучулар карызды кантип төлөөнү ойлоп, окуусун таштап жатканын да кошумчалады. Ал насыялар кандай жол менен берилип жатканын тактап чыгууну тапшырды.
Кыргызстан менен Россия энергетика жана санариптештирүү тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Россияга болгон иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Александр Новак менен жолугушту. Тараптар кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгын, анын ичинде энергетика жана санариптештирүү тармактарындагы биргелешкен демилгелерди талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун ишин жандандыруу боюнча макулдашууга жетишилди.
Германия канцлери Фридрих Мерц эгер Венгрия, Словакия, Чехия жана Болгария Украина үчүн 45 миллиард евролук жаңы насыяны каржылоого катышпай турган болсо, Евробиримдиктин кийинки жети жылдык бюджетин бөгөттөшү мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу европалык дипломаттарга таянуу менен Politico жазды. Маалымат бергендердин айтымында, Мерц Евробиримдик Киевге бере турган жардамдын чыгымын аталган төрт мамлекет да көтөрүшсө деген ниетте. Маселе Евробиримдик лидерлеринин 26-27-ноябрда өтө турган саммитинин көңүл чордонунда болмокчу. Венгрия, Словакия жана Чехия буга чейин Украинага берилчү 90 миллиард евролук насыяны каржылоо механизмине катышуудан бошотулган. Эми аларга Болгария кошулуп, жаңы насыяны каржылоого катышуудан төрт мамлекет баш тартууда. Politico бул жалпы европалык бюджеттен эң көп каржыланган өлкөлөр экенин эске салды. Ал эми ЕБ бюджетинин негизги донору болгон Германия Киевге каралган каржыны уюмга мүчө 27 мамлекетке тең бөлүүнү талап кылып жатат.
Өлкөдө алдамчылык тууралуу 102ге кабар түшөрү менен банктык эсептерди тоңдуруучу система сыналып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди. Анын айтымында, "антифрод" системасына 26 коммерциялык банк туташтырылган. Жабырлануучу 102ге кайрылып тиешелүү эсептердин реквизитин туура берсе, кызматкер маалыматты системага киргизет. Банктар аны алып, көрсөтүлгөн эсептерди дароо 30 күнгө бөгөттөйт. Учурда 102 кызматынын адистери системаны колдонууну үйрөнүп жатышат. Жакын арада пилоттук режимге өткөрүү пландалууда. Коңкубаева системаны толук ишке киргизүү үчүн Улуттук банк менен ИИМ маалымат алмашуу тартибин жана жоопкерчиликти аныктаган актыларды кабыл алышы керектигин белгиледи. Мында жеке маалыматтарды жана банктык сырды коргоо маселелери да каралат.Окуучуларга кысым көрсөтүп, насыя алууга мажбурлаган учурлар болуп жатат. Бул тууралуу депутат Бурун Аманова Жогорку Кеңеште айтып чыкты. Эл өкүлү бул маселе зордук-зомбулукка каршы тегерек столдо көтөрүлгөнүн билдирди. Анда мектеп психологу атайын топтор же жогорку класстын окуучулары башка балдарды коркутуп, насыя алууга мажбурлап жатканын айтып берген. Депутат айрым окуучулар карызды кантип төлөөнү ойлоп, окуусун таштап жатканын да кошумчалады. Ал насыялар кандай жол менен берилип жатканын тактап чыгууну тапшырды. Кыргызстан менен Россия энергетика жана санариптештирүү тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Россияга болгон иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Александр Новак менен жолугушту. Тараптар кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгын, анын ичинде энергетика жана санариптештирүү тармактарындагы биргелешкен демилгелерди талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун ишин жандандыруу боюнча макулдашууга жетишилди.Германия канцлери Фридрих Мерц эгер Венгрия, Словакия, Чехия жана Болгария Украина үчүн 45 миллиард евролук жаңы насыяны каржылоого катышпай турган болсо, Евробиримдиктин кийинки жети жылдык бюджетин бөгөттөшү мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу европалык дипломаттарга таянуу менен Politico жазды. Маалымат бергендердин айтымында, Мерц Евробиримдик Киевге бере турган жардамдын чыгымын аталган төрт мамлекет да көтөрүшсө деген ниетте. Маселе Евробиримдик лидерлеринин 26-27-ноябрда өтө турган саммитинин көңүл чордонунда болмокчу. Венгрия, Словакия жана Чехия буга чейин Украинага берилчү 90 миллиард евролук насыяны каржылоо механизмине катышуудан бошотулган. Эми аларга Болгария кошулуп, жаңы насыяны каржылоого катышуудан төрт мамлекет баш тартууда. Politico бул жалпы европалык бюджеттен эң көп каржыланган өлкөлөр экенин эске салды. Ал эми ЕБ бюджетинин негизги донору болгон Германия Киевге каралган каржыны уюмга мүчө 27 мамлекетке тең бөлүүнү талап кылып жатат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/18/1105093744_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_987b7b8ca92fa896fbdcae02819ea963.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио