Базаров бактысын тапкан тасма. "Көздүн карегиндеги" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Москвадагы Кызыл аянтта тасма тартып жаткан кинорежиссёр Геннадий Базаров менен оператордун ассистенти Марат Сигбатулиндин сүрөтү 1976-жылы тартылган.

Ал жылы киночулар СССРдин борборунда жана Нарын облусунда "Көздүн кареги" тасмасын экрандаштырууга киришкен. Сценарийин Ашым Жакыпбеков менен Леонид Дядюченко жазган. Кинокартина Москвада сүйүүсүн таап, ошол жактан орун-очок алган кыргыз жигит менен анын апасынын ортосундагы мамиле, туулуп-өскөн жеринен алыс жүргөн Эркиндин ички сезимдерин көрсөтөт.

Ал кезеңди КРдин эл артисти Геннадий Базаров мындайча эскерет:

"Уулун сагынып Москвага келген энени камерага түшүрүү үчүн чыгармачыл топ учуп барып иштегенбиз. Негизи аталган кинокартинанын сценарийи атайын Бакен эжеге арналып жазылган. Башкы ролду Бакен Кыдыкеева менен Болот Бейшеналиев аткарган. Чындыгында актёрдук курам күчтүү эле, москвалык актёрлор да катышкан. Ал жылдары чет жакка пландалган командировкаларга бат-баттан эле чыгып турчубуз. Мен үчүн деле жакшы тажрыйба болгон. Ошол "Көздүн кареги" фильминин аркасы менен келинчегим Райва Тойгонбаевага баш кошком. Ал менин ассистентим болчу", — деди Базаров.

Жубайлар кийин эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүп, азыр алардын сый-урматына бөлөнүп келет.

Көркөм фильм кийинки жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Бакен Кыдыкеева Ригада өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда сыйлыкка татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0