https://sputnik.kg/20261020/1104401598.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Авиакомпанияларга сертификат берүүгө коюлган мораторий алындыУиткофф Евробиримдик менен сүйлөшкөндөн кийин Москвага барууну көздөп жататШайназаров президенттик... 20.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-20T13:00+0600
2026-10-20T13:00+0600
2026-10-20T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/14/1104401431_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_04b99187f3aaf0e47dd751631bf87c0b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Авиакомпанияларга сертификат берүүгө коюлган мораторий алындыУиткофф Евробиримдик менен сүйлөшкөндөн кийин Москвага барууну көздөп жататШайназаров президенттик жарышта Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин баарына жардам берерин айтты
Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо алдында бирөөнү өткөрбөй коюу же бут тосуу болбойт. Бул тууралуу мекеме жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди. Ал президенттик шайлоодо чыныгы атаандаштык болушу керектигин айтып, БШК бардык талапкерге жардам берерин билдирди. Шайназаров кыргыз тили сынагынан кулагандарга токтолуп, талапкерлер өздөрү да кайдыгер карабай бир аз даярданып койсо болмоктугун белгиледи."Мен муну жоопкерчилик менен айтып жатам, реалдуу конкуренция болуш керек. Келсин, 10,20,50 талапкер болобу, болушунча жардам берем. Эл чечсин. Биз "Кыргызтестке" да кайрылдык. Мында адам фактору жок экенин, бардыгын компьютер чечерин айтып жатышат. Туура, кээ бирлеринде кыргыз болгондон кийин кантип эле тапшыра албай калмак элем деген ой болушу мүмкүн, бирок жоопкерчилик сезими да болуш керек да", — деген Шайназаров.
Өлкөдө авиакомпанияларга сертификат берүүгө коюлган мораторий алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Чектөөнү алып салуу жарандык авиациядагы учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөө системасын өркүндөтүү боюнча иштердин аяктаганына байланыштуу экени айтылды. Эске салсак, мораторий 2024-жылдын ноябрында киргизилген.
Кыргызстандык дзюдочу Айбийке Уланбек кызы Японияда өтүп жаткан Пара Азия оюндарында алтын медаль утту.Спортчу 52 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Жарым финалда япониялык Юуй Фудзивараны "иппон" ыкмасы менен жеңген. Финалдык беттеште индиялык атаандашы Кокила Каушиклатени дагы 21 секунд ичинде утуп алды. Белгилей кетсек, Айти-Нагоя шаарында өтүп жаткан V Пара Азия оюндары 24-октябрга чейин уланат.
Кыргызстандын ИИМи баңгизатка каршы биргелешкен операциялардын көбүн россиялык кесиптештери менен ишке ашырган 2026-жылдын тогуз айында ШКУ өлкөлөрү баңгизатты мыйзамсыз ташууга каршы 35 биргелешкен операция өткөргөн. Басымдуу бөлүгүн Кыргызстан Россиянын укук коргоо органдары менен жүргүзгөнүн Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу-талдоо башкармалыгынын башчысы Марсел Дөөталиев билдирди. Анын айтымында, биргелешкен операцияларда ири көлөмдөгү баңгизаттар алынган. Учурда синтетикалык баңгизат Россия менен Казакстандан кир жуучу порошок, май жана курулуш материалдары катары ташылып жатат. Дөөталиев Бишкекте өткөн ШКУнун "Баңгизатсыз дүйнө үчүн" конференциясынын жыйынтыгына да токтолду. Катышуучулар маалымат жана тажрыйба алмашууну, баңгизаттарга байланыштуу кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүүнү жана алдын алуу иштерине көбүрөөк көңүл бурууну макулдашты.
АКШ президентинин атайын чабарманы Стивен Уиткофф Киев жана Евробиримдиктин делегациялары менен Норвегияда жолуккандан кийин Москвага барууну көздөп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, Трамптын өкүлү Ослодо Владимир Зеленский, ошондой эле ЕБ, НАТО делегациялары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Сапардын негизги максаты — Киев жана европалык өнөктөштөр менен биргеликте иштелип чыккан тынчтык демилгесин Россиянын жетекчилигине жеткирүү. Уиткоффтун Владимир Путин менен жолугушары күтүлүүдө. Буга чейин Axios порталы Уиткофф менен Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер тынчтык келишимин макулдашмайынча Россияга барбай турганын жазган. Ага чейин АКШ менен Украина өкүлдөрүнүн Майамидеги жолугушуусу мөөнөтүнөн мурда токтоп калган эле.
Авиакомпанияларга сертификат берүүгө коюлган мораторий алындыУиткофф Евробиримдик менен сүйлөшкөндөн кийин Москвага барууну көздөп жататШайназаров президенттик жарышта Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин баарына жардам берерин айтты Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо алдында бирөөнү өткөрбөй коюу же бут тосуу болбойт. Бул тууралуу мекеме жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди. Ал президенттик шайлоодо чыныгы атаандаштык болушу керектигин айтып, БШК бардык талапкерге жардам берерин билдирди. Шайназаров кыргыз тили сынагынан кулагандарга токтолуп, талапкерлер өздөрү да кайдыгер карабай бир аз даярданып койсо болмоктугун белгиледи."Мен муну жоопкерчилик менен айтып жатам, реалдуу конкуренция болуш керек. Келсин, 10,20,50 талапкер болобу, болушунча жардам берем. Эл чечсин. Биз "Кыргызтестке" да кайрылдык. Мында адам фактору жок экенин, бардыгын компьютер чечерин айтып жатышат. Туура, кээ бирлеринде кыргыз болгондон кийин кантип эле тапшыра албай калмак элем деген ой болушу мүмкүн, бирок жоопкерчилик сезими да болуш керек да", — деген Шайназаров. Өлкөдө авиакомпанияларга сертификат берүүгө коюлган мораторий алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Чектөөнү алып салуу жарандык авиациядагы учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөө системасын өркүндөтүү боюнча иштердин аяктаганына байланыштуу экени айтылды. Эске салсак, мораторий 2024-жылдын ноябрында киргизилген. Кыргызстандык дзюдочу Айбийке Уланбек кызы Японияда өтүп жаткан Пара Азия оюндарында алтын медаль утту.Спортчу 52 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Жарым финалда япониялык Юуй Фудзивараны "иппон" ыкмасы менен жеңген. Финалдык беттеште индиялык атаандашы Кокила Каушиклатени дагы 21 секунд ичинде утуп алды. Белгилей кетсек, Айти-Нагоя шаарында өтүп жаткан V Пара Азия оюндары 24-октябрга чейин уланат. Кыргызстандын ИИМи баңгизатка каршы биргелешкен операциялардын көбүн россиялык кесиптештери менен ишке ашырган 2026-жылдын тогуз айында ШКУ өлкөлөрү баңгизатты мыйзамсыз ташууга каршы 35 биргелешкен операция өткөргөн. Басымдуу бөлүгүн Кыргызстан Россиянын укук коргоо органдары менен жүргүзгөнүн Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу-талдоо башкармалыгынын башчысы Марсел Дөөталиев билдирди. Анын айтымында, биргелешкен операцияларда ири көлөмдөгү баңгизаттар алынган. Учурда синтетикалык баңгизат Россия менен Казакстандан кир жуучу порошок, май жана курулуш материалдары катары ташылып жатат. Дөөталиев Бишкекте өткөн ШКУнун "Баңгизатсыз дүйнө үчүн" конференциясынын жыйынтыгына да токтолду. Катышуучулар маалымат жана тажрыйба алмашууну, баңгизаттарга байланыштуу кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүүнү жана алдын алуу иштерине көбүрөөк көңүл бурууну макулдашты.АКШ президентинин атайын чабарманы Стивен Уиткофф Киев жана Евробиримдиктин делегациялары менен Норвегияда жолуккандан кийин Москвага барууну көздөп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, Трамптын өкүлү Ослодо Владимир Зеленский, ошондой эле ЕБ, НАТО делегациялары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Сапардын негизги максаты — Киев жана европалык өнөктөштөр менен биргеликте иштелип чыккан тынчтык демилгесин Россиянын жетекчилигине жеткирүү. Уиткоффтун Владимир Путин менен жолугушары күтүлүүдө. Буга чейин Axios порталы Уиткофф менен Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер тынчтык келишимин макулдашмайынча Россияга барбай турганын жазган. Ага чейин АКШ менен Украина өкүлдөрүнүн Майамидеги жолугушуусу мөөнөтүнөн мурда токтоп калган эле.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/14/1104401431_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_daa128da41010e87e81947ab45d1a6aa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио