00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Марш-бросок длиною в память: акция «Битва за Москву» объединит поколения
16:08
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган төрт жаранга эскертүү берди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, маселе бүгүн Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жыйынында каралды. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого үндөгөн материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу учурлары каралды. Анын жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиевге, Бахтияр Кыдыралиевге, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовго эскертүү берилди. БШКнын маалыматына караганда, аталган жарандар жумушчу топтун сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, социалдык тармактарга жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана мындай аракеттерди кайталабоого убада беришкен. БШК жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырды.
Евразия өнүктүрүү банкы 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүшү тууралуу божомолун 11%га чейин жогорулатты. Бул банктын жаңы макроэкономикалык баяндамасында белгиленген. Банктын аналитиктеринин эсеби боюнча, 2026-жылдын январь-сентябрь айларында өлкөнүн экономикасы 10,8%га өскөн. Бул мезгилде инвестициялардын көлөмү 68,5%га, чекене соода 15,4%га көбөйүп, мейманкана жана ресторан кызматтарынын көлөмү 8,6%га жогорулаган. Банк негизги капиталга салынган инвестициялардын жана керектөө активдүүлүгүнүн өсүшү жыл жыйынтыгында ИДПнын 11%га чейин көбөйүшүнө шарт түзөрүн болжолдоодо.
Жогорку окуу жайлар быйыл жаңы адистиктер боюнча окута баштады. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлү Айнура Исираилова Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде билдирди. Анын айтымында, Исхак Раззаков атындагы КМТУ быйыл IT-архитектура, киберкоопсуздук, блокчейн технологиялары жана маалыматтарды талдоо багыттары боюнча студенттерди кабыл алды.Мындан тышкары, робототехника жана статистика багыттары боюнча адистерди даярдоо башталды. Статистика адистиктери өлкөнүн жогорку окуу жайларында бир нече жылдан бери жок болчу.Исираилова белгилегендей, Кыргызстанда жалпысынан 85 жогорку окуу жайы бар. Анын 30у — мамлекеттик, 55и — жеке менчик.
Кыргызстанда Орозо айы 2027-жылдын 8-февралында башталышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.Маалымдалгандай, так күн Орозо айы жакындаганда жарыяланат.Буга чейин Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы келе жаткан жылга Орозо айынын календарын жарыялаган. Ага ылайык, орозо 8-февралда башталып, кадыр түн 5-марттан 6-мартка караган түнгө туура келет.Ошондой эле Орозо айт 9-мартка, ал эми Курман айт 16-майдан 18-майга чейинки күндөргө белгиленген.Адатта Борбор Азия өлкөлөрүндө ыйык ай бирдей мезгилде башталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0