00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Ярмарка «Алтын күз»: большие возможности для местных производителей и покупателей
16:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Туяк
Жомоктору менен бир нече муунду тарбиялаган Бегайым Жайчиева
19:11
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Амангелдиев КМШ өлкөлөрүнө транспорттук чыгымдарды азайтууну сунуштадыАКШ бийлиги Украина НАТОго кирбеши керек деп эсептейтЖапаров ТүркПАнын парламент жетекчилерин кабыл алды.
Президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясына (ТүркПА) мүчө өлкөлөрдүн спикерлерин кабыл алды. Бул туурасында "Ынтымак ордо" билдирди. Жолугушуу Бишкек шаарында өтүп жаткан ТүркПА Кеңешинин 15-пленардык жыйынынын алкагында өттү.Жапаров ассамблеянын ишмердүүлүгү боордош мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды чыңдоого, соода-экономикалык, транспорттук, энергетикалык, санариптик жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталганын белгилеген. Спикерлер жылуу кабыл алганы үчүн президентке ыраазылык билдирип, түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоодогу Кыргызстандын маанилүү ролуна токтолушкан. Парламенттер аралык өз ара кызматташууну өнүктүрүүдө, интеграциялык процесстерди колдоодо жана боордош мамлекеттердин ортосундагы алаканы кеңейтүүдө ТүркПАнын маанисин баса белгилешкен.
КМШ өлкөлөрү товарлардын чек арадан өтүүсүн тездетип, транспорттук чыгымдарды азайтууга тийиш. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Душанбе шаарында болуп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммитинде билдирди. Анын айтымында, негизги транспорттук каттамдарда электрондук документтерди колдонуу, жүк тууралуу маалыматты алдын ала берүү жана заманбап бажы технологияларын биргелешип киргизүү зарыл. Мындан тышкары, Амангелдиев дагы бир нече орчундуу маселелерге токтолду. Алардын бири — инвестициялык мүмкүнчүлүктөр."Кыргызстан өз аянтчаларында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө даяр. Атап айтканда, "Тамчы" атайын финансы-инвестициялык аймагы мындай долбоорлор үчүн кошумча шарттарды түзүп бере алат", — деди жетекчи. Сөзүнүн соңундаКыргызстан КМШ жаштарын катыштыруу менен Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына даярдыкты азыртан баштай турганын айтты.
Кыргызстанда мындан ары да дүйнөлүк жылдыздардын концерттерин өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти. Ага ылайык, 18-октябрда "Бишкек аренада" өткөн Шакиранын концертине 40 миңден ашуун көрүүчү катышкан. Билеттерди 36 өлкөнүн жарандары сатып алышкан, ал эми чет өлкөдөн келген көрүүчүлөрдүн саны 10 миңден ашкан."Бул жөн гана концерт жана шоу эмес. Бул — жаңы туристтер, бизнестин өнүгүшү, дүйнөгө таанылуу жана өлкөбүз үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр. Биздин милдет — жетишкендиктер менен токтоп калбоо. Шакира — башталышы гана. Алдыда дагы дүйнөлүк жылдыздар жана ири долбоорлор бар", — деп белгилешти мекемеден. Ошондой эле концерт жеке уюштуруучулардын, инвесторлордун жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен өткөрүлүп, ырчынын гонорарына мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнбөгөнү айтылды.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Украина Түндүк атлантикалык альянстын (НАТО) катарында болбошу керектигин билдирди. Бул тууралуу анын 2way порталына курган маегине шилтеме берип РИА Новости жазды. "Билишимче, биздин Украина менен расмий союзубуз жок. Алар НАТОдо эмес, мен аларды НАТОдо болушу керек деп дагы ойлобойм", — деди Вэнс. Белгилей кетсек, быйыл 2-июлда НАТОнун баш катчысы Марк Рютте да Украинанын жакын арада альянска кошулууга шарты жок экенин билдирген эле. Өз кезегинде Россиянын президенти Владимир Путин Украинанын нейтралдуу статусу Россиянын негизги максаты бойдон каларын бир нече жолу айтып, бул макам Украинанын мамлекеттик суверенитети тууралуу декларациясында бекитилгенин эскертип келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0