Геннадий Базаров сүйүүсүн тапкан. "Көздүн кареги" тасмасындагы ирмемдер

Жазылуу
Быйыл ата мекендик кинематография 80 жылдыгын белгилөөдө. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз киночулары жараткан тасмалардагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Мындан 45 жыл мурун белгилүү режиссер Геннадий Базаров "Көздүн кареги" тасмасын тарткан. Анын сценарийин Ашым Жакыпбеков менен Леонид Дядюченко жазган эле. Кинокартина Москвада сүйүүсүн таап, ошол жактан орун-очок алган жигит менен анын апасынын ортосундагы мамиле, туулуп-өскөн жеринен алыс жүргөн Экриндин ички сезимдери баяндалат. Фильмде башкы ролду Бакен Кыдыкеева (Асылкан), Болот Бейшеналиев (Эркин) аткарган.
Ошол учурду аталган тасманы жаратуу ишине катышкан кинофотограф Александр Федоров мындайча эскерди:
"Тасмада жакындары, апасы менен көп байланышпай Москвада иштеген Эркиндин жашоосу, уулунун жашоо-турмушун, үй-бүлөсүн өз көзү менен көргүсү келген апанын окуясы көрсөтүлөт. Биз тартуу иштерине Москвага барганда аябай кубанганбыз. Актердук курам да күчтүү болчу. Кыдыкеева, Бейшеналиев өңдүү эки корифей кинофильмдин көркүн ачкан. Тасманын администратору болуп жаңы эле жогорку окуу жайды бүткөн Райва Тойгонбаева келген. Ошол убакта Геннадий экөөнүн мамилеси жакшы болуп кийин киночулардын үй-бүлөсү пайда болгон", — деди Федоров.
Көркөм фильм 1977-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Бакен Кыдыкеева Ригада өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда сыйлыкка татыган.
Адамдардын ички ой толгоосун, кусалыгын чагылдырган эмгекке Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Медель Маниязов, Орозбек Кутманалиев, Жээнбек Мукамбетов, Медер Сыдыков, Бакы Өмүралиев, Мамлакат Кылычева, Алиман Жангорозова, Клара Юсупжанова да катышкан.
© Sputnik / Александр ФедоровСССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев
СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан
1/12
СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев
© Sputnik / Александр ФедоровБолот Бейшеналиев Москвада жашап-иштеген Эркиндин образында
Болот Бейшеналиев Москвада жашап-иштеген Эркиндин образында - Sputnik Кыргызстан
2/12
Болот Бейшеналиев Москвада жашап-иштеген Эркиндин образында
© Sputnik / Александр ФедоровБолот Бейшеналиев башкы каарман Эркиндин, россиялык актриса Светлана Данильченко аялынын ролунда
Болот Бейшеналиев башкы каарман Эркиндин, россиялык актриса Светлана Данильченко аялынын ролунда - Sputnik Кыргызстан
3/12
Болот Бейшеналиев башкы каарман Эркиндин, россиялык актриса Светлана Данильченко аялынын ролунда
© Sputnik / Александр ФедоровКиночулар Москванын метросунда түнү менен иштеген. Себеби күндүз тартуу иштерине уруксат берилген эмес
Киночулар Москванын метросунда түнү менен иштеген. Себеби күндүз тартуу иштерине уруксат берилген эмес - Sputnik Кыргызстан
4/12
Киночулар Москванын метросунда түнү менен иштеген. Себеби күндүз тартуу иштерине уруксат берилген эмес
© Sputnik / Александр ФедоровБашкы каармандын көзү өтүп кеткен атасынын ролун Сүймөнкул Чокморов ойногон
Башкы каармандын көзү өтүп кеткен атасынын ролун Сүймөнкул Чокморов ойногон - Sputnik Кыргызстан
5/12
Башкы каармандын көзү өтүп кеткен атасынын ролун Сүймөнкул Чокморов ойногон
© Sputnik / Александр ФедоровМосквада Кызыл аянтта кызуу иштеген киночулар. Камеранын ары жагында көз айнекчен турган Базаров
Москвада Кызыл аянтта кызуу иштеген киночулар. Камеранын ары жагында көз айнекчен турган Базаров - Sputnik Кыргызстан
6/12
Москвада Кызыл аянтта кызуу иштеген киночулар. Камеранын ары жагында көз айнекчен турган Базаров
© Sputnik / Александр Федоров"Көздүн кареги" кинокартинасындагы кадр артындагы учур: Кыдыкеева ролун кайрадан кайталап жаттап жатат
Көздүн кареги кинокартинасындагы кадр артындагы учур: Кыдыкеева ролун кайрадан кайталап жаттап жатат - Sputnik Кыргызстан
7/12
"Көздүн кареги" кинокартинасындагы кадр артындагы учур: Кыдыкеева ролун кайрадан кайталап жаттап жатат
© Sputnik / Александр ФедоровТартуу маалында актрисага көз салган режиссер
Тартуу маалында актрисага көз салган режиссер - Sputnik Кыргызстан
8/12
Тартуу маалында актрисага көз салган режиссер
© Sputnik / Александр ФедоровБалмуздак жеген СССРдин эл артисти жана кичинекей актриса
Балмуздак жеген СССРдин эл артисти жана кичинекей актриса - Sputnik Кыргызстан
9/12
Балмуздак жеген СССРдин эл артисти жана кичинекей актриса
© Sputnik / Александр ФедоровМедель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиев, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары, 1976-жыл
Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиев, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары, 1976-жыл - Sputnik Кыргызстан
10/12
Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиев, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары, 1976-жыл
© Sputnik / Александр ФедоровСССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, режиссер Геннадий Базаров, актриса Светлана Данильченко
СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, режиссер Геннадий Базаров, актриса Светлана Данильченко - Sputnik Кыргызстан
11/12
СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, режиссер Геннадий Базаров, актриса Светлана Данильченко
© Sputnik / Александр ФедоровӨз мекенине келип жакындарына жолуккан Эркин
Өз мекенине келип жакындарына жолуккан Эркин - Sputnik Кыргызстан
12/12
Өз мекенине келип жакындарына жолуккан Эркин
Жаңылыктар түрмөгү
0