https://sputnik.kg/20261020/1104390684.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан электр энергиясын импорттоого болгон муктаждыктан арылуу үчүн ири гидроэлектр станцияларын (ГЭС) курушу керек. Бул тууралуу энергетика министри... 20.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-20T08:59+0600
2026-10-20T08:59+0600
2026-10-20T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/14/1104390518_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_47f2b34773d13d6ce0b7917687b98d3a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан электр энергиясын импорттоого болгон муктаждыктан арылуу үчүн ири гидроэлектр станцияларын (ГЭС) курушу керек. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында билдирди. Депутаттардын электр энергиясын импорттоо качан токтотулары тууралуу суроосуна жооп берип жатып, министр учурда өлкөдө күн электр станциялары жана чакан ГЭСтер курулуп жатканын, бирок булар электр энергиясына болгон таңкыстыкты толук жабууга жетишсиз экенин айтты. "Ири ГЭСтерди куруу жана "Кара-Кече" жылуулук электр станциясын куруу пландарын ишке ашыруу электр энергиясынын таңкыстыгын ички өндүрүштүн эсебинен жабууга шарт түзөт. Бул өз кезегинде импортко болгон муктаждыкты жоюуга мүмкүндүк берет", - деди ал.
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай менен жолугушту. Жогорку Кеңештен билдиришкендей, жолугушууда тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулады. Марлен Маматалиев кыргыз жана казак элдеринин руханий жакындыгына токтолуп, эки өлкөдө тарыхый инсандардын жана залкар калемгерлердин элесин түбөлүккө калтыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди жогору баалады. Атап айтканда, Астана шаарындагы Манастын эстелиги, Бишкектеги Абай Кунанбаевдин эстелиги жана Чолпон-Атадагы Мухтар Ауэзовдун үй-музейи эки элдин ортосундагы маданий байланыштардын жаркын символу экенин белгиледи. Муну менен катар Маматалиев көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын Астана шаарындагы көчөлөрдүн бирине ыйгаруу маселесин көтөрдү.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Москва шаарында Россиянын Адам укуктары боюнча өкүлү Яна Лантратова менен жолугушуп, эки өлкө жарандарынын укуктарын коргоо боюнча маанилүү макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынан билдиришти.Жолугушуунун негизги темасы КМШ мейкиндигинде алгачкылардан болуп эсептелген биргелешкен укуктук жардам борборун түзүү демилгеси болду. Бул аянтча эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын коргоо маселелерин ыкчам чечүүгө багытталган.Борбордун ишин натыйжалуу жүргүзүү үчүн тараптар эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын катышуусунда биргелешкен жумушчу топ түзүү маселесин карашты. Ошондой эле эки өлкөдө коомдук кеңешчилерди жана жардамчыларды дайындоо боюнча талкуу болду.Жамиля Жаманбаева менен россиялык кесиптеши бул демилгелер жарандар үчүн квалификациялуу юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кыйла жогорулатарын белгилеп, кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин ырасташты.Белгилей кетсек, буга чейин Россиянын өкүлү сентябрь айынын соңунда Кыргызстанга келип, министрлер кабинетинин жетекчилиги менен да жолугушууларды өткөргөн эле.
АКШ "бардык бомбалардын энесин" колдонсо, Иран ага кандай жооп кайтарарын билет. Бул тууралуу ислам республикасынын жаңы коргонуу министри Мехрдад Эхлаки билдиргенин РИА Новости жазды.Буга чейин CNN телеканалы АКШ Иранга сокку урууну кайра жандандырса, өз арсеналындагы өзөктүк эмес эң кубаттуу бомбаны колдонушу мүмкүн экенин кабарлаган."Алар бизге кол салууга батынбайт деген ойдобуз. Эгер кол салышса, өздөрү да, аймак да өтө чоң зыян тартат", — деди Мехрдад Эхлаки.Анын айтымында, эгер америкалык тарап бомба таштаса, аскерлеринин сөөгүн кантип алып кетерин ойлонушу керек болот.
Кыргызстан электр энергиясын импорттоого болгон муктаждыктан арылуу үчүн ири гидроэлектр станцияларын (ГЭС) курушу керек. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында билдирди. Депутаттардын электр энергиясын импорттоо качан токтотулары тууралуу суроосуна жооп берип жатып, министр учурда өлкөдө күн электр станциялары жана чакан ГЭСтер курулуп жатканын, бирок булар электр энергиясына болгон таңкыстыкты толук жабууга жетишсиз экенин айтты. "Ири ГЭСтерди куруу жана "Кара-Кече" жылуулук электр станциясын куруу пландарын ишке ашыруу электр энергиясынын таңкыстыгын ички өндүрүштүн эсебинен жабууга шарт түзөт. Бул өз кезегинде импортко болгон муктаждыкты жоюуга мүмкүндүк берет", - деди ал.Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай менен жолугушту. Жогорку Кеңештен билдиришкендей, жолугушууда тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулады. Марлен Маматалиев кыргыз жана казак элдеринин руханий жакындыгына токтолуп, эки өлкөдө тарыхый инсандардын жана залкар калемгерлердин элесин түбөлүккө калтыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди жогору баалады. Атап айтканда, Астана шаарындагы Манастын эстелиги, Бишкектеги Абай Кунанбаевдин эстелиги жана Чолпон-Атадагы Мухтар Ауэзовдун үй-музейи эки элдин ортосундагы маданий байланыштардын жаркын символу экенин белгиледи. Муну менен катар Маматалиев көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын Астана шаарындагы көчөлөрдүн бирине ыйгаруу маселесин көтөрдү.Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Москва шаарында Россиянын Адам укуктары боюнча өкүлү Яна Лантратова менен жолугушуп, эки өлкө жарандарынын укуктарын коргоо боюнча маанилүү макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынан билдиришти.Жолугушуунун негизги темасы КМШ мейкиндигинде алгачкылардан болуп эсептелген биргелешкен укуктук жардам борборун түзүү демилгеси болду. Бул аянтча эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын коргоо маселелерин ыкчам чечүүгө багытталган.Борбордун ишин натыйжалуу жүргүзүү үчүн тараптар эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын катышуусунда биргелешкен жумушчу топ түзүү маселесин карашты. Ошондой эле эки өлкөдө коомдук кеңешчилерди жана жардамчыларды дайындоо боюнча талкуу болду.Жамиля Жаманбаева менен россиялык кесиптеши бул демилгелер жарандар үчүн квалификациялуу юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кыйла жогорулатарын белгилеп, кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин ырасташты.Белгилей кетсек, буга чейин Россиянын өкүлү сентябрь айынын соңунда Кыргызстанга келип, министрлер кабинетинин жетекчилиги менен да жолугушууларды өткөргөн эле.АКШ "бардык бомбалардын энесин" колдонсо, Иран ага кандай жооп кайтарарын билет. Бул тууралуу ислам республикасынын жаңы коргонуу министри Мехрдад Эхлаки билдиргенин РИА Новости жазды.Буга чейин CNN телеканалы АКШ Иранга сокку урууну кайра жандандырса, өз арсеналындагы өзөктүк эмес эң кубаттуу бомбаны колдонушу мүмкүн экенин кабарлаган."Алар бизге кол салууга батынбайт деген ойдобуз. Эгер кол салышса, өздөрү да, аймак да өтө чоң зыян тартат", — деди Мехрдад Эхлаки.Анын айтымында, эгер америкалык тарап бомба таштаса, аскерлеринин сөөгүн кантип алып кетерин ойлонушу керек болот.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/14/1104390518_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0b6ae77cb2cdcbf417542a54a6ca5bae.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио