00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Окумуштуу: суу климаттагы өзгөрүүлөргө сезгич келет, көлдү секунд сайын текшерип туруу маанилүү
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чийки затты экспорттоп, жумушчу күчүн сыртка чыгарган Ош экономикасы.

Чийки затты экспорттоп, жумушчу күчүн сыртка чыгарган Ош экономикасы.
Жазылуу
Коноктор
Улукман Мамытов, экономист-изилдөөчү
Ош облусунун географиялык жайгашуусу — анын эң чоң артыкчылыктарынын бири. Коңшу Өзбекстандын Фергана, Кокон, Анжиян сыяктуу калкы жыш жайгашкан шаарлары менен жакын болушу аймак үчүн чоң рынокту ачат. Бул тууралуу экономист-изилдөөчү Улукман Мамытов “Экономикалык панорама” уктуруусунда билдирди.
Анын айтымында, Ош облусунун ички дүң продукциясынын көлөмү 100 миллиард сомду түзөт. Бул көрсөткүч калкы көп жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү кең аймак үчүн аз.
“Ош облусунун калкынын саны бир миллион 450 миңге жакын. Бул — өндүрүлгөн товарларды сатуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Бирок аймак өзүнүн экономикалык потенциалын толук пайдалана албай жатат. Облустун калкынын басымдуу бөлүгү айыл жеринде жашайт. Климатынын ыңгайлуулугу айыл чарбасын өнүктүрүүгө шарт түзгөндүктөн, көпчүлүк дыйканчылык менен алектенет. Кара-Суу базары жана башка ири соода борборлору түштүк аймактын экономикасында маанилүү орунду ээлейт. Бирок экономиканын олуттуу бөлүгү көмүскөдө калып, каражат толук түрдө расмий жүгүртүүгө тартылбай жатат. Ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеген мигранттардын саны көп жана алар өлкөгө олуттуу көлөмдө акча которушат. Демек, бул каражаттарды көмүскөдөн чыгарып, өндүрүшкө, ишкерликке жана инвестициялык долбоорлорго багыттоо зарыл. Айыл чарбасында көп көлөмдө продукция өндүрүлгөнү менен, анын басымдуу бөлүгү чийки зат түрүндө экспорттолот. Ал эми кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү аркылуу продукциянын кошумча наркын жогорулатып, жергиликтүү экономикада көбүрөөк киреше калтырууга болот. 2025-жылы өкмөттөн аймакка 11 миллиард сом бөлүнүп, анын 8,5 миллиарды социалдык объектилерге жумшалган. Албетте, социалдык инфраструктурага каражат бөлүү маанилүү. Бирок аймакка туруктуу киреше алып келе турган, өндүрүштү өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзө турган тармактарга да инвестиция салуу зарыл. Мындай мүмкүнчүлүктөр жетишсиз болгондуктан, калктын эмгек миграциясына кетүүсү күч алууда. Бүгүнкү күндө Ош облусунун экономикасы негизинен базар соодасына таянган деңгээлде калып жатат. Жаңы базарларды куруу менен эле экономикалык түзүмдү өзгөртүү мүмкүн эмес”, — деди Мамытов.
Ал заманбап технологияларды киргизүү, логистикалык системаларды өнүктүрүү, экспорт-импорт иштерин алып барган компанияларды түзүү зарылдыган кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0