https://sputnik.kg/20261019/1104374550.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө. Алгач Эсептөө... 19.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-19T11:00+0600
2026-10-19T11:00+0600
2026-10-19T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/13/1104374384_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3900d59af94dafc6cc96da5fceba1980.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө. Алгач Эсептөө палатасынын түзүлүү тарыхы, калыптанышы жана өнүгүүсү тууралуу видеотасма көрсөтүлүп, андан соң министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сөз сүйлөдү. Минкаб төрагасы Эсептөө палатасынын кызматкерлерин 30 жылдыгы менен куттуктап, президент Садыр Жапаровдун атынан мекеменин 30 жылдыгына арналган куттуктоо сөзүн жана билдирүүсүн окуп берди. Иш-чаранын жүрүшүндө Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов сөз сүйлөп, мекеменин басып өткөн жолу жана ишмердүүлүгүнө токтолду. 30 жылдык салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков, Эсептөө палатасынын мурдагы төрагасы Дамир Өскөмбаев катышууда. Мааракелик иш-чарага катышкан Азербайжан, Түркия, Беларусь, Грузия, Казакстан, Россия, Польша жана Монголиянын жогорку аудит органдарынын өкүлдөрү Эсептөө палатасын 30 жылдыгы менен куттукташып, мекеменин ишмердүүлүгүнүн маанисине токтолушту.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев түн ичинде үйүнөн тартип сакчылар алып кеткенин айтып чыкты.Ал милиция бөлүмүндө сегиз саат болгонун, бул убакыт аралыгында ага эч кандай түшүндүрмө беришпегенин белгилеген. "Мени үйүмдөн ыкчам топ милиция бөлүмүнө үйдөгү тапичкем менен алып кетти. Бүгүн кыргыз тилинен тест тапшырышым керек болчу. Ушундай кылса болобу?" — деди ал.Ал эми Бишкек ШИИББинен билдиришкендей, түн ичинде Жаманкулов көчөсүндөгү батирлердин биринде тынчтыкты бузуу фактысы боюнча милицияга билдирүү түшкөн. Арыздануучу кошуналары ал ызы-чуу салып, кыйкырып, жашоочулардын тынчтыгын бузуп жатканын билдиришкен.Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда мас абалында болгон Жапыкеев алардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, сөгүнгөнү айтылды. Андан соң ал бөлүмгө жеткирилген.Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди профилактикалык медициналык текшерүүдөн (сheck-up) өткөрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министр Дамир Осмонов Бишкек шаарындагы № 6 Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, долбоордун алкагында түзүлгөн шарттар менен таанышты. Пилоттук долбоор президенттин 2026-жылдын 12-июнундагы тапшырмасын аткаруу максатында ишке ашырылууда. Долбоордун максаты өнөкөт жугуштуу эмес ооруларды жана алардын өнүгүшүнө алып келүүчү тобокелдик факторлорун эрте аныктоого багытталган. Пилоттук долбоор Бишкек шаарында 2026-жылдын октябрь айынан 31-декабрына чейин жүргүзүлөт. Программада текшерүүнүн бир нече топтому каралган. Алардын катарына базалык, терапиялык, ошондой эле ар кандай курактагы эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө топтомдор кирет. Тандалган топтомго жараша медициналык текшерүү дарыгерлердин консультацияларын, лабораториялык анализдерди, аспаптык изилдөөлөрдү жана ден соолуктун негизги көрсөткүчтөрүн баалоону камтыйт. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча үй-бүлөлүк дарыгер корутунду чыгарып, ден соолук тобун аныктайт жана зарыл болгон учурда мындан аркы медициналык көзөмөлдүн тартибин сунуштайт.
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө. Алгач Эсептөө палатасынын түзүлүү тарыхы, калыптанышы жана өнүгүүсү тууралуу видеотасма көрсөтүлүп, андан соң министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сөз сүйлөдү. Минкаб төрагасы Эсептөө палатасынын кызматкерлерин 30 жылдыгы менен куттуктап, президент Садыр Жапаровдун атынан мекеменин 30 жылдыгына арналган куттуктоо сөзүн жана билдирүүсүн окуп берди. Иш-чаранын жүрүшүндө Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов сөз сүйлөп, мекеменин басып өткөн жолу жана ишмердүүлүгүнө токтолду. 30 жылдык салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков, Эсептөө палатасынын мурдагы төрагасы Дамир Өскөмбаев катышууда. Мааракелик иш-чарага катышкан Азербайжан, Түркия, Беларусь, Грузия, Казакстан, Россия, Польша жана Монголиянын жогорку аудит органдарынын өкүлдөрү Эсептөө палатасын 30 жылдыгы менен куттукташып, мекеменин ишмердүүлүгүнүн маанисине токтолушту.Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев түн ичинде үйүнөн тартип сакчылар алып кеткенин айтып чыкты.Ал милиция бөлүмүндө сегиз саат болгонун, бул убакыт аралыгында ага эч кандай түшүндүрмө беришпегенин белгилеген. "Мени үйүмдөн ыкчам топ милиция бөлүмүнө үйдөгү тапичкем менен алып кетти. Бүгүн кыргыз тилинен тест тапшырышым керек болчу. Ушундай кылса болобу?" — деди ал.Ал эми Бишкек ШИИББинен билдиришкендей, түн ичинде Жаманкулов көчөсүндөгү батирлердин биринде тынчтыкты бузуу фактысы боюнча милицияга билдирүү түшкөн. Арыздануучу кошуналары ал ызы-чуу салып, кыйкырып, жашоочулардын тынчтыгын бузуп жатканын билдиришкен.Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда мас абалында болгон Жапыкеев алардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, сөгүнгөнү айтылды. Андан соң ал бөлүмгө жеткирилген.Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди профилактикалык медициналык текшерүүдөн (сheck-up) өткөрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министр Дамир Осмонов Бишкек шаарындагы № 6 Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, долбоордун алкагында түзүлгөн шарттар менен таанышты. Пилоттук долбоор президенттин 2026-жылдын 12-июнундагы тапшырмасын аткаруу максатында ишке ашырылууда. Долбоордун максаты өнөкөт жугуштуу эмес ооруларды жана алардын өнүгүшүнө алып келүүчү тобокелдик факторлорун эрте аныктоого багытталган. Пилоттук долбоор Бишкек шаарында 2026-жылдын октябрь айынан 31-декабрына чейин жүргүзүлөт. Программада текшерүүнүн бир нече топтому каралган. Алардын катарына базалык, терапиялык, ошондой эле ар кандай курактагы эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө топтомдор кирет. Тандалган топтомго жараша медициналык текшерүү дарыгерлердин консультацияларын, лабораториялык анализдерди, аспаптык изилдөөлөрдү жана ден соолуктун негизги көрсөткүчтөрүн баалоону камтыйт. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча үй-бүлөлүк дарыгер корутунду чыгарып, ден соолук тобун аныктайт жана зарыл болгон учурда мындан аркы медициналык көзөмөлдүн тартибин сунуштайт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/13/1104374384_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3d9075b15db3a7d9f08994f2bcd8f7f8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио