00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Тема дня
Летать или не летать - больше не вопрос: почему выход из чёрного списка ЕС меняет всё для авиации КР
18:11
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Жомоктору менен бир нече муунду тарбиялаган Бегайым Жайчиева
19:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кызыл китеп жоюлду. Жерге болгон менчик укугу эми кантип тастыкталат?
21:04
24 мин
Ачык кеп
Кыш жакындап калды: Бишкек ыш көйгөйүн кантип чечет?
21:30
25 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өзүңдү сүйүү: өзүмчүлдүкпү же зарылдыкпы?

Өзүңдү сүйүү: өзүмчүлдүкпү же зарылдыкпы?
Жазылуу
Коноктор
Шолпан Мамытова, психологАсел Сүйүнбаева, психолог
Өзүңдү сүйүү башкалардын сезимдерин жана кызыкчылыктарын четке кагуу эмес, өзүңдүн да муктаждыктарыңды эске алуу, жеке чек араларыңды сактоо жана өзүңдү сыйлоо. Бул тууралуу “Көз мончок” уктуруусунда психологдор Асел Сүйүнбаева жана Шолпан Мамытова комментарий беришти.Коомдо өзүн сүйүү тууралуу ар кандай түшүнүктөр бар. Айрымдар өзүн биринчи орунга коюуну өзүмчүлдүк катары кабыл алышса, башкалар муну адамдын психологиялык бакубаттуулугу үчүн зарыл нерсе деп эсептешет. Көп учурда адамдар айланадагыларга жагуу үчүн өз каалоолорунан баштартып, башкалардын пикирин өзүнүкүнөн жогору коюшат. “Эл эмне дейт?”, “бирөөнүн көңүлүн оорутуп албайын” деген ойлор адамдын өзүн унутуп калышына алып келиши мүмкүн. “Ата-эненин балага психологиялык таасири чоң. Кыз бала үй иштеринде апасын туурап, анын мүнөзүн да өзүнө сиңириши мүмкүн. Ал эми атасынын кызына болгон назик, камкор мамилеси анын келечекте өмүрлүк жар тандоосуна таасир этет. Эркек баланы тарбиялоодо ага өз алдынча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берип, каалоосун угуу маанилүү. Анткени бала атасынын жүрүм-турумун үлгү катары кабыл алат. Эгер атасы өзү тамеки тартып туруп, баласына чекпе десе, бала көбүнчө сөзүнө эмес, жасаган ишине карап үлгү алат. Ошондой эле балдар ата-энесинин бири-бирине болгон чыныгы мамилесин да сезишет,”-деди Мамытова.Аялдын өзүн таануусунда, аял катары калыптануусунда жана менталдык ден соолугун сактоосунда курбулары менен баарлашып, пикир алмашып, көңүлүн бошотуусу чоң роль ойнойт. Бул тууралуу Сүйүнбаева төмөнкүлөргө токтолду.“Эркектердин достугу көбүнчө жалпы жумуш, кызыкчылык жана бири-бирине жардам берүү аркылуу түзүлсө, аялдардын достугу эмоционалдык байланышка негизделет. Аялдар бири-бири менен сезимдерин, сырларын бөлүшүп, алыста болсо да колдоо көрсөтүшөт. Турмуш шарты өзгөргөндө достук үзүлүп калышы мүмкүн. Бирок аны сактап кала алса, өмүр бою уланат. Өзгөчө жаш өткөн сайын адамга материалдык жардамдан көрө, сырдашып, баарлашып отура турган дос керек болот. Чыныгы досту табуу оңой эмес. Ошондуктан “досум сатып кетти” дегендер адамды чындап таанып-билгенби, ага дос деген макамды эрте берип алган эмеспи ушул жагын да ойлонуп көрүшү керек. Чыныгы дос кыйынчылыкта да, жакшылыкта да өзүнүн мамилеси менен айырмаланат”. Өзүңдү сүйүү өзүмчүлдүк эмес. Эгер ал башкалардын укуктарын жана сезимдерин жокко чыгарбаса, тескерисинче, өзүңдүн да, башкалардын да баркын түшүнүүгө жардам берсе, бул адамдын жашоосундагы маанилүү зарылдык экенин психологдор кошумчалашат.
Жаңылыктар түрмөгү
0