Окумуштуу: суу өзгөрүүлөрдү сезет, көлдү секунд сайын текшерип туруу маанилүү
15:05 19.10.2026 (Жаңыртылды: 15:36 22.10.2026)

© Sputnik / Элдияр Асылбеков
Жазылуу
Он жылдан ашык убактан бери өз демилгеси жана ыктыяры менен көлдөрдү комплекстүү изилдеп келе жаткан профессор, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин маалыматтык-эсептөө технологиялары кафедрасынын окутуучусу Салмоор Алымкулов менен “Ачык кеп” уктуруусунда маек курдук.
Окумуштуу суу сезгич келгендиктен көлдү комплекстүү изилдөө аркылуу климаттын өзгөрүүлөрүн байкап турууга болорун, өлкөдө изилдөөчү бир дагы лабортария жок болгондуктан, өзүнүн чакан үйүн лабороторияга айлантканын айтып берди. Илимпоз көлдү үзгүлтүксүз изилдеп туруш үчүн төрт-беш кабаттуу, жакшы жабдылган лабораториялар керек дейт.
Окумуштуу: суу климаттагы өзгөрүүлөргө сезгич келет, көлдү секунд сайын текшерип туруу маанилүү
"Менин чакан лабораториям тырмактай эле нерсе. Ысык-Көлүбүз — укмуштуудай көл. Бирок дүйнөлүк деңгээлде изилдөө жүргүзө ала турган бир да лабораториябыз жок. Изилдөөчү куралды 668 метр тереңдикке коюп, жер титирөөлөрдөн тартып, биоматериалдардын жана суу агымдарынын өзгөрүшүнө чейин текшерип турушубуз керек. Таң калычтуусу — көлдөр климаттын өзгөрүшүнө абдан сезимтал келет экен. Саркынды суулар жана браконьерлердин торлору көлдүн экосистемасына зыян келтирип жатат. Көлдөгү балырлардын көбөйүшүнө да ушул сыяктуу факторлор таасир этүүдө. Чатыр-Көлдү да изилдедик. Мурда ал көлдө балыктар болгон экен, азыр жок. Изилдөө тобунун мүчөлөрүнүн бири атайын коргоочу кийим кийип, көлдүн түбүнө түшкөндө, майда жандыктар анын денесин канталатып салышыптыр. Байкасак, көлдөгү майда жандыктар климаттын өзгөрүшүнөн улам стресске кабылып, балыктардын личинкаларын жеп салышкан экен. Ал эми Соң-Көлдө балык бар экен. Демек, ал жактагы суунун абалы жакшы”, — деди Алымкулов.
Ошондой эле ал уктурууда изилдөө иштериндеги кызыктуу фактылар менен да бөлүштү.